Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады.
Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады. Учурда бир тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда.
Пенсионер Дүйшөн Ибраев “Дордой” базарынын жанындагы Келечек конушунда турат. Бир күн мурда электр жарыгы өчүп, үйү муздаганда көмүр сатып алганы чыккан.
Биз ага Бишкектин түндүк ыптасындагы айланма жолдун жээгиндеги көмүр саткан жерде кезекте турганда кезиктик.
Дүйшөн Ибраев бир айлык маянасына пенсиясына кошуп ала келген акчасына эки тонна көмүр алды. Кыш чыкканча дагы үч тоннадай көмүр сатып алышы керектигин айтты.
“Кемпирим экөөбүз 8 миң сом пенсия алабыз. Кароолчу болуп иштейм, айлыгым 6 миң сом. Кечээ кечинде электр жарыгы өчүп, суук болду. Бүгүн көмүр алалы деп чыкканбыз. Мен ушул жердеги эң арзан деген жерден алып жатам. Тоннасы 5 миң сомдон. Башка жерлерде 5200 сомдон сатылып жатат. Жылына кышта 4 тоннадан ашык көмүр жагабыз. Азырынча эки тонна алып турайынчы, калганын көрөбүз да. Быйыл суук эрте түштү. Жылда көмүрдү декабрга жакын алчумун да. Быйыл көп кетет окшойт. Башка чыгымдарды кыскартыш керек”.
Дагы караңыз Токтогул cуу сактагычы: жазда абал оор болобу?Ибраевдин үйүндө алты киши жашайт. Тамак-аш, дары-дармек, кышкы кийим үчүн чыгым эки пенсионердин моюнунда.
Кыргызстандын аймагында октябрдын башында эле кар аралаш жаан жаап, абанын температурасы минуска чейин түшкөн учурлар болууда.
Өткөн жылы көмүрдүн баасы 3600-3800 сомдон сатылган. Быйыл 5 миңден сатылууда. Эл арасында "баа жасалма жогорулатылды" деп алып сатарларга нааразы болгондор да бар.
Улуттук статистика комитети болсо 8-октябрда 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1% кымбаттаганын кабарлады.
Мекеменин маалыматында эң кымбат баа Ноокат районунда катталып, бир тоннасы 8390 сомдон болсо, Баткенде бир тонна көмүр 8 377 сомго сатылууда. Чаекте 2,5 миң, Балыкчыда 4 миң, Токтогулда 4 373, Исфанада 6,5 миң сомго сатылууда. Ал эми Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4,5 миң сомдон деп белгилеген.
Жаңы конуштардын биринен келген Сапар Гапаров буларды айтты:
“Эл көп ала баштаса эле кымбаттатып жиберишет. Кимдир бирөө көзөмөлдөп, элди ойлоп коюшса болмок. Азырынча чактап алып турам. Балким, күн жылып кетет”.
Бирок көмүр саткандар бул дооматка макул эмес. Алар көмүр кенде баа өткөн жылдагыдай эле экенин, бирок күйүүчү май баасы, шаймандар жана башка чыгымдар кошулуп, борборго жеткенче кымбаттап кетерин айтышууда.
Дагы караңыз Күйүүчү май: баа саясатындагы басым12 жылдан бери көмүр сатып тиричилигин кылган Максат Кошпаева көмүр кенден чыгып элдин колуна жеткенге чейинки ишти өкмөт көзөмөлгө алса болмок деген пикирде.
“Бизди элдин баары эмнеге кымбаттатыңар деп сөгүп жатат. Эң арзан саткан менмин. Биздин да элге боорубуз ооруп турат. Бир-эки каптан сатып алып жатышат. Акча жоктугунан ошентишет да. Бааны биз көтөргөнүбүз жок. Өкмөт менен депутаттар ошону көзөмөлдөп, бааны кенден арзандатып беришсин. Май, дөңгөлөк, шаймандар баары кымбаттап кетти. Элди ойлоп арзан кылып беришсе, биз да арзан сатат элек. Эл бизге таарынса, ыңгайсыз болуп жатабыз. Анан эл үшүп жатса сатпай койгон да болбойт”.
Быйылкы жылы Кара-Кече көмүр кенинде көмүр чыгаруу кечеңдеп, октябрь айынын башында гана сатыкка чыгарыла баштаган. Анткен менен баа былтыркыдан жогорулаган эмес. Менчик көмүр кендеринде гана бир тонна көмүр баасы 300 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылып жатат.
Саясатчылардын сыны, кышка даярдык
Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кышка даярдыгы начар экенин, эл көмүр ала албай жатканын сындашты.
Депутат Рыскелди Момбеков аткаруу бийлигинин даярдыгы эки ай мурда каралышы керек болчу дейт.
"Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын күз ортолоп калганда кароонун кандай зарылдыгы бар? Бүгүн алардын даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек. Бир-эки күн суук болуп, кыламык кар жааганда кышка даярдык жок экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок, топ базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок. Жетекчилердин жеке жоопкерчилигин карай турган мезгил жетти”.
Ал эми депутат Тазабек Икрамов электр жарыгы өчүрүлө баштаганы көмүрдүн баасы жасалма түрдө көтөрүлүп, өкмөт аны көзөмөлгө албай жатканына токтолду.
Эл өкүлүнүн айтуусунда, көмүрдүн бир тоннасы Бишкекте 4,5 миң, Караколдо 6 миң, Баткенде 7,5 миң сомдон сатылып жатат.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Министрлер кабинети өлкөнүн кышка даярдыгы жөнүндө маалымат бербей жатканын айтып, сынга алган.
“Азыркы мезгилде өлкө парламенти коомчулукту тынчсыздандырган суроолорду талкуулоочу жер болбой калды. Биз Министрлер кабинетинен жооп ала албай жатабыз. Кыш жакындады. Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча отчету кана? Көмүр боюнча көйгөй барбы? Мектеп, ооруканалар даярбы? Аларга бул кызыксыздай сезилет”, - деп жазган депутат "Фейсбуктагы баракчасына.
Азырынча Министрлер кабинети депутаттардын сынына жооп бере элек. Өкмөттүн сайтында төрага Улукбек Марипов өлкөдөгү ГЭСтерди кыдырып, аймактарда жолугушууларды өткөрүп, күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип жатканы жөнүндө кабарлар жарыяланды.
Ал арада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө, мунициалдык мекемелерге 5-октябрдан тарта жылуулук бериле башталган. Мэрдин айтымында, шаарда көмүрдүн 5 миң тонна запасы бар.
“Бүгүнкү күнгө карата бизде шаарда алты көмүр базасы жана он отун саткан пункттар бар. Көмүрдүн 5 миң тоннадай запасы турат. Суук түшкөндөн бери көмүргө болгон баанын жогорулап жатышын көзөмөлдөп жатабыз. Мурда бир тоннасына 4-4,5 миң сомдон бааланса, суук түшөрү менен баа көтөрүлө баштады. Биз бүгүн Монополияга каршы кызматына, өзүбүздүн тиешелүү кызматтарга көрсөтмөлөрдү бердик. Алар атайын рейддерди өткөрүп, баа эмнеге жогорулап кеткенин аныкташат. Бааны жасалма жол менен жогорулатышкан болсо, бааны турукташтыруу боюнча бардык чаралар колдонулат”.
8-октябрда Бишкек мэриясы көмүрдүн аны ташыгандар тарабынан жогорулап жатканын билдирди.
"Отун базаларында казактардын "Шабыркүл", "Кара-Жыра" маркасындагы көмүрү жана жалпы көлөмү 1000 тоннадан ашкан жергиликтүү "Кара-Кече" көмүрү бар. Казак көмүрүнүн баасы туруктуу жана тоннасы 4500 сомду түзөт, жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4900-5000 сомду түзөт. Жергиликтүү көмүрдүн баасы жеткирүү менен алектенген адамдар тарабынан жогорулап жатканы да жок эмес".
Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр керектейт. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарын жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.
Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда.