Буга чейин Ошто өткөн көкбөрү мелдешинде тополоң чыгып, федерациянын дарегине бир топ сын айтылган. Ошол чырдан кийин бир нече адамдар камалган. Ал окуя оюндун мындан аркы эрежесин өзгөртөбү? Көкбөрү кандай эрежеге муктаж? "Азаттык" Рамис Жунусалиев менен маектешти.
Көкбөрүнүн эрежеси өзгөрөбү?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти алмашты. 17-октябрда Бишкекте федерациясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда мурдагы президент Талас Бегалиев кызматын тапшырды. Анын ордуна жалгыз талапкер Рамис Жунусалиев шайланды.