Көчмөндөр оюндары: Изникке жеткен кыргыз көөкөрү

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятын чагылдырган  театралдаштырылган  оюн-зоок менен башталды.

Көчмөндөр "Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деп аталган стадиондо өттү. 

Кыргызстандын курама командасы параддан өтүп баратат. 

Ачылуу аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Калпак кийген бала Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстандан алып барган көөкөрдү берип жатат. 

Режеп Тайып Эрдоган көөкөрдөн суу куюп, оюндарды баштап берди. 

Ат үстүндө алоолонуп күйүп бара жаткан жоокер. Дал ушул театралдаштырылган көрүнүш буга чейинки Көчмөндөр оюндарында да көрсөтүлүп, көпчүлүктүн алкоосуна арзыган. 

29-сентябрда IIV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча таймаштар башталып Кыргызстандын курама командасы Түркия курамасы менен беттешти. 

Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды.

Мелдешке Кыргызстандын улакчылары оюнга үйрөтүлгөн аргымактарсыз кетип, Түркиядан ижарага алып ойноп жатышат.

Кыргызстан менен Түркиянын оюнчуларынан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары катышат. Кыргызстан ойногон А тобуна Түркия менен Монголия курамалары бөлүнгөн.

Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.

Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, күрөш боюнча - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.
 

Спорттук оюндардан сырктары көчмөн элдерин көргөзмөлөрү уюштурулат. 

Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Изник шаары. Изник Түркиянын байыркы шаарларынын бири болуп саналат. 

2014-2016-2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.