Кочкор-Ата: ууланып ооруканага түшкөн окуучулар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор-Ата шаарында ууланды деп айтылган 23 бала ооруканада жатат. 11-майда шаардагы мектептердин биринин 6-7-8-класстарынын 42 окуучусу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилгени кабарланаган. Айрымдары дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыккан. Ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.