Кочкаров: Ар бир оюнда калыс салмак таштап, стресске кабылат

Бахадыр Кочкаров.

Бүгүн, 9-декабарда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттештери башталат. Футбол күйөрмандары Хорватия – Бразилия ( Бишкек убактысы боюнча 21:00дө), андан кийин Нидерланддар - Аргентина (түнкү саат 1де) беттешине күбө болот.

Биз Кыргызстан футбол биримдигинин Калыстар комитетинин төрагасы, ФИФАнын мурдагы калысы Бахадыр Кочкаров менен Катардагы чемпионат тууралуу маек курдук.

- Адегенде кыргыз футбол федерациясынын 30 жылдыгы менен куттуктайм. Сиз дагы кыргыз футболуна кошкон салымыңыз үчүн мааракелик медал менен сыйландыңыз. Бирок сөзүбүздү чоң футболдон баштасак. Катардагы Дүйнө чемпионатын эң башынан эле мурдагыдан айырмаланат деп айтып келатышат. Кышында өтүп жатат, биринчи жолу араб мамлекетинде, биринчи жолу аял рефери калыстык кылды. Сиз буга чейин Дүйнө чемпионаттарына катышкансыз. Чындап эле айырмаланабы же ар дайым бир өзгөчөлүк болобу?

- Биз калыстык кылган 2010-жылдагы, 2014-жылдагы чемпионаттардан айырмачылык бар. Жаңы технологиялар, VAR системасы киргизилгенин билесиздер. Экинчиден, жайында эмес, кышында өткөрүлүүдө. Себеби Катарда, араб өлкөлөрүндө аба ырайы ысык болот. Ошон үчүн ФИФА кышында өткөрүүнү чечкен. Катар талапкерлигин көргөзүп тандалган. Мен оюндарды негизинен калыстын көз карашынан алып көрөм. Бул менин жумушум, кесибим. Биз дагы келечекте VAR системасын киргизели деп турабыз. ФИФнын талабына ылайык, бардык конфедерациялар технологияларды колдонушу керек. Биздин коңшулар - Казакстан, Өзбекстанда бар, биз дагы арыз бердик.

Бул чемпионат абдан кызыктуу өтүп жатат, тигил же бул беттеш кандай жыйынтыкталат деп алдын ала айтуу кыйын. Тайпадан чыкпайт, үйлөрүнө кайтат деген командалар таймашты улантууда. VAR системасы жөнүндө кошумчалай кетсем, аны оюн таза, адилет болсун деген каалоодон улам киргизишкен. Эми кызыл карточка же пенальти болобу, бардыгы калыстык менен аныкталат. Кыскасы технологиялар тез өнүгүүдө, келечекте да ушундай болот.

- Бул футбол үчүн жакшыбы?

- Ооба, бардыгы адилет оюнду талап кылышкан, мына жыйынтыгы. Бирок кээ бир эксперттер оюндар мурдагыдай анча бүйүр кызытуучу болбой калды деп айтышат. Буга көнүш керек. Биз чөнтөк телефонго бара-бара көнбөдүкпү, кадимки телефондорду эч ким колдонобй калды. Буга дагы акырындап көнөбүз. Менимче, ФИФА туура чечим кабыл алган. Болочокто биз адилет футболду көрөбүз. Себеби судьялардын ката кетирбешин бардыгы каалаган. Бирок футбол - бул оюн экенин унутпоо зарыл. Калыстардын да, футболисттерди да ката кетирүүгө укугу бар.

Дагы караңыз Катар-2022: мелдештин сенсациясы - Марокко

- Сиз чемпионаттагы сюрприздер жөнүндө айттыңыз. Кайсы командалары сизди таң калтырды?

- Биз азиялык командаларга жан тартат эмеспизби, Жапония, Түштүк Корея таң калтырды. Африкалык командалар Сенегал, Марокко дагы ачылыш болду. Американы да айтыш керек, АКШ менен Канада кандай футбол көсөтүштү. Футбол өзгөрдү, дүйнөнүн булуң бурчунда футбол өнүгүүдө. Канаданы алсак, 2007-жылы 20 жашка чейинки уландар арасындагы Дүйнө чемпионатында калыстык кылган элек. Торонтто, Эдмонтон, Оттавада оюндар өткөн. Ошол балдар азыр улуттук команданын негизги курамында ойноп жатат. Ал жылдары Канадада футбол анча өнүгө элек эле. Канча жыл өттү, санасаңар. Кыска убакытта өлкө Дүйнө чемпионатына катышууда. Бул абдан сонун да. Мамлекет, жетекчилер, эл каражат салып жатат дегенди билдирет. Африкалык командаларды карап көрсөңөр, Сенегал кандай укмуш ойноп жатат. Марокко эмне кылды? Испания кайда, Марокко кайда?! Айтор, сенсациялар көп.

-Мында сиз африкалык, азиялык командалардын, Канаданын ийгиликтерин айтып жатасыз. Мындай көрүнүш европалык, латын америкалыктар үстөмдүк кылбай калды деп айтууга негиз барбы? Мына, Германия экинчи чемпионат катары менен тайпадан чыкпай калды.

-Ооба, Бельгия болсо дүйнөлүк рейтингде экинчи сапта турат. Себеби футбол өзгөрдү. Ар бир беттеште, өзгөчө айып аянтчасындагы эреже бузууларды VAR көрөзүп турат. Баардык эле өлкөлөр VAR системасын эске алып машыккан эмес. Желкеде камералар көзөмөлдөп турат дегенди унутпаш керек. Камералар сен эреже бузуп же бузбаганыңды көргөзөт.

Камерун – Бразилия беттешинде башкы калыс Исмаил Эльфат камерундук футболчу Венсан Абубакарга “кызыл” айып кагазын берүүдө. "Лусаил" стадиону, Катар. 2-декабрь, 2022-жыл.

- Бул оюнчу үчүн басым эмеспи, кайсы бир деңгээлде өзүн эркин сезбей калбайбы?

- Жок, бардыгы адилет оюнду талап кылышкан да. ФИФА ошого келди. Мисалы, мурда банкты айталы, 20 кароолчу кайтарып турчу дейли. Эми бирөө эле камералардан карап отурат. Ууру эмне үчүн кол салбайт? Себеби камера көзөмөлдөйт. Бул жерде да ушундай, футболчу эреже бузса, камера бар - VAR системасы көргөзүп коет. Пенальти жок деп көргөзсө, беттеш уланат. Ооба оюндун ыргагы, темпи жайырак болуп калат, оюн создугуп кетет. Бирок бардыгы калыс

- Чемпионатта фавортиңиз бар болсо атай аласызбы?

-Менимче, Франция болушу мүмкүн.

- Биздин оюбуз бир чыгып жатат. Менин да фаворитим Франция. Алар жеңсе, чемпионатты экинчи ирет катары менен утат дегенди билдирет.

- Бардык жагынан жакшы команда. Футбол командалык спорт да. Бардык эле адистер буга көңүл бурбайт. Мен ким кандай калыстык кыларына, кандай каталарды кетиргенине көз салам. Машыктыруучу команданын курамына, тактикасына көңүл бурат. Франциянын командасы абдан ынтымактуу, тартипти катуу сакташат. Мен сары, кызыл карточка алган жагын да эске алуудамын. Футболдо тартип абдан маанилүү. Мына, Түштүк Кореяны алсаңар, аларда да тартип сакталат. Команданын жеңиши тартиптен көз каранды.

- Демек, биз Франциянын командасын калыстык көз караштан баалап жатасыз. Командалык оюн деп айтып атасыз, азыр Месси менен Роналдунун айланасында көп талаштарды угуп келатабыз. Алардын ордун ким ээлеши мүмкүн.

- Жаш оюнчулар абдан көп. Мениче, Месси, Роналду, Неймар азырынча кетпейт. Жылдыздар дайыма эле бул менин акыркы чемпионатым деп айта беришет. Бирок бардык спортчулардай эле карьерасын чемпион болуп аяктагысы келет. Мен азыр эле ирандык рефери Алиреза Фагани жөнүндө окуп калдым. Ал эки дүйнө чемпионатына катышкан. Тилекке каршы, (Португалия-Уругвай беттешинде) ката кетирди. Ал жакшы адис, жакшы судья, ката кетирүүгө да укугу бар. Көрдүңөрбү, бир эле ката. Футболчу болсо ката кетирсе, пеналти киргизе албаса, аны 2-3 күндөн кийин унутуп калышат, андан ары ойной берет.

Сурооңузга кайтсам, азыр көп жакшы жаш оюнчулар бар. Мени кимиси мыкты деп сурап калышат. Мисалы, Месси менен Марадонаны көп салыштырышат. Жок, Марадонага, андай чеберчиликке жетүү кыйын. Азыр футбол өзгөрбөдүбү. Лидерсиз, айталы Роналдсуз деле Португалия акыркы беттешинде жеңип алды. Ал талаанын четинде оюнду көрүп эле отурду. Ооба, ал жылдыздар үчүн клубдары чоң акча төлөгөн. Футболчу, башка спортсмен болобу, мындай мелдештерде акчага эмес, өлкөсүнүн намысын коргошу керек. Клубдарда жакшы акча алышат, бул чоң айырма. Курама командада акчага эмес, мекен үчүн таймашышат.

- Судьянын катасы жөнүндө айтып калдыңыз. Калыс ката кетиргенде, аны түшүнгөндө катуу сарсанаа болобу?

- Ооба. Мисалы, "Маракана" стадионун (Бразилия), Равшан Эрматов менен калыстык кылган "Азади" стадионун (Иран) алсак, 100 миң киши ошол жерде, 8 миллиард киши телевизордон мелдешти, калыстын кыймыл-арекеттерин көрүп отурат. Бул апырткандай угулса керек, бирок ошол жерде калпыстык кетиргенге караганда өлүп калган жакшы. Ар бир оюндан кийин калыс 2-3 килограмм салмак таштайт, чоң стресске кабылат. Бул машыгууларды, чоң эмгекти талап кылат. Азыр калыстардын иши бир аз жеңилдеди. Биз мисалы, 2-3 сантиметр офсайдды жөн эле аныктап койчубуз, себеби машыкчубуз. Тынымсыз эмгек, машыгуу, жүрөк оорутуу. Кээде 90 мүнөт тезирек эле аяктаса экен деп ойлойсуң. Тозоктогудай мүнөттөрдү санайсың.

Оюн талаасындагы судья 22 километр чуркайт. Жардамчысы 14-15 километр. Оор болгону менен биз бул кесипти, бул ишти тандаганбыз. Албетте, ыракат алчу жерлери да бар. Таймаштан кийин оюнду талкуулаганда сен бул же тигил жерде туура чечим кабыл алдың деп айтышканда кубанасың.

Беттешке баш отуң менен киришиң керек. 90 мүнөт бою ооруп аткан апаңы, үйдөгү көйгөйлөрдүн бардыгын унутуп, көңүлүң оюнда гана болушу керек. Мындай концентрация бардыгынын эле колунан келбейт. Оюң бир секундга гана башка жерде болуп калса эле, бүттү. Судьянын мээси учкучтукунан тез иштейт. Оюнду токтотуп, ышкыргандан кийин 3 секундада кимиси ката кетиргенин, топту кайсы тарапка тебиш керектигин чечүүгө тийиш. Анан да чечим ошондой атмосферада кабыл алыныш керек. Көбү аны байкабайт, сиз калыстык тууралуу сураганыңыз үчүн айтып жатам.

Футболисттер болсо өз функцияларын аткарышат. Ал эми калыс оюнду көзөмөлдөп, дирижерлук кылат.

Катардагы чемпионат.

- Алгачкы жолу аялзат өкүлүнүн эркектер арасындагы дүйнө биринчилигинде башкы калыс болуп дайындалышын кандай баалайсыз? Франциялык калыс Стефани Фраппардын Дүйнө чемпионатында дебюту болду. Мындай көрүнүштү футболдогу жетишкендик деп бааласа болобу?

- Ооба, ФИФА - негизи өзү демократиялык уюм. Дин, улут, раса жагынан дискрминацияга жол бербейт. Менимче, ал эркектерден кем эмес калыстык кылды. (ФИФАнын судьялар комитетинин төрагасы) Пьерлуиджи Коллина кимди дайындаш керектигин билет. Европанын командалары негизи тартиптүү келет. Европалык эки команда ойносо, европалык калысты коюшу мүмкүн.

Кээ бирлер эмне үчүн нейтралдуу калыс дайындашпайт деп сурашат. Эмне дегенде, Европа футболунун маданияты башкача. Калыстык кылуу абдан жеңил, оюнду көзөмөлдөп туруу гана зарыл. Аял калыска ишеним көргөзсө эмне болбойт экен? Бул кадыресе көрүнүш.

Бир нече жыл мурун Лондондо кыз-келиндер арасындагы мелдеште аял реферилер менен чогуу чуркап, машыкканыбыз бар. Фраппар ал кезде жаш калыс болчу. 2012-жылкы Олимпиадада эле аял калыстар катышкан. Бизде да Рамина Цой аттуу калыс эмки жылы Жаңы Зеландияда өтө турган аялдар арасындагы Дүйнө чемпионатына талапкер. Мурдагы күнү "Эң мыкты калыс" деген наам ыйгарылды. ФИФА аялдардын же эркектердин болобу, эч кимдин укуктарын чектебейт.

Биринчи жолу аялдардан турган топ - франциялык Стефани Фраппар, бразилиялык Неуза Бэк жана Мексикадан келген Карен Диас Медина калыстык кылды.

- Мен окурмандарыбыз үчүн кошумчалай кетейин, Рамина Цой жылдын мыкты калысы деп таанылды. Кыргызстан тарыхында биринчи жолу аял калыс ушундай наамга ээ болуп отурат. Сиз дискриминация тууралуу айттыңыз, албетте, андайга орун болбош керек. Ал эми футбол ашыкча саяатташкан деген ойго кошуласызбы?

- Тилекке каршы, футболду түшүнбөгөн кишилер келип арашалууда. Бирок алар акчалуу адамдар. Командалар, клубдар бай адамдардын жана ашыкча кийлигишкен саясатчылардын барымтасында калууда. Мурда мисалы, акча салышчу, машыктыруучу, менеджерлер өз ишин кылчу, бардыгы футбол чөйрөсүнөн чыккан адамдар эле. АКШ менен Ирандын командалары мурда таймаштан кийин футболкалары менен алмашчу. ФИФА турнирге чейин ар бир команда менен сүйлөшөт. Атайын инструктор келип, 90 мүнөт футболисттерге кандай учурларда айып салынарын, сары, кызыл карточкалар менен жазаланарын түшүндүрөт. Жаман сөз айтып, сөгүнсө, ал өлкөнүн футбол федерациясына айып салынат. Ал деген чоң акча. Бирок акчам бар, каалаганымды кылам деген туура эмес. Футболду саясатташтыруу туура эмес.

Футбол башка спорттой эле оюн. ФИФА футбол аркылуу элди бириктирүүнү максат кылат. Украина менен Орусиянын айланасындагы жагдайларды алсак, менимче, ал туура эмес. Саясатчылар өз ишин кылат, футбол болсо тескерисинче, бириктирүүгө тийиш. Спорт элдер арасындагы достуктун, тынчтыктын элчиси, данакери.

Мисалы, Марокконун падышасы өз командасына ишенген эмес да. Жапония, Сенегалдын, АКШнын жетекчилери да ишенген эмес. Эмне үчүн Катарга президенттер барган жок. Себеби ишенишпейт. Акча бердик бүттү деп ойлошот. Бир нерсе болсо сындашат. Менимче, бул туура эмес. Өз командасын аягына чейин колдош керек.

- Кыргыз бийлиги футболсттерине, ийгиликтерине ишенеби, кандай ойлойсуз?

- Ооба, биз Кыргызстан футболунун тарыхында экинчи жолу Азия чемпионатына чыктык. Мен 1978-жылдан бери футболдо жүрөм. Атам 8 жашымда ээрчитип барып футболго берген. Мага өзгөчө жаккан бир нерсени айта кетйин. Футбол федерациясынын канча жетекчиси, өлкөдө канча президент алмашты, мамлекет башчы өзү футбол ойнойт дегенди көрө элек болчубуз. 14-15- декабарда Садыр Нургожоевич ойногону жатат. Балдардын футболуна көп көңүл бурат, федерацияга жардам берет. Бул абдан жакшы. Колдогу ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдалануу керек.

Көз тийбесин, 20 жашка чейинки уландар арасында улуттук командабыз Азия тобунда мартта Ташкентте таймашат. Биздин тайпада Жапония, Кытай бар адашпасам. Ошол жаштарга ишениш керек. Федерациянын жылдык сыйлыктары тапшырылганда, мен аларга чакан Марокко өлкөсүн мисал келтирдим. Же Сенегалда футбол качан пайда болгон?

Кыргыз футболуна былтыр 100 жыл болду. Федерация 30 жыл мурун түзүлгөн. Ийгликке жетишибиз керек. Ал үчүн сөзсүз люкс шарттардын кереги жок. Түштүк Африкада, Нигерияда жыңайлак топ тээп жүргөн балдарды көргөм. Биз ошон үчүн ийгилик жаратууга тийшпиз. Бул максатта федерациянын төрагасы баш болгон тиешелүү адистер, судьялар комитети иштеп жатат. Бардыгы футболду билген, түшүнгөн адамдар.

Сербия – Швейцария беттешиндеги эмоцианалдуу учур. "974" стадиону, Катар. 2-декабрь, 2022-жыл.

- Маегибиздин соңунда кайрадан Катарга кайтсак. Марокко жарым финалга жетиши мүмкүнбү?

- Марокко койгон максатына жетти. Португалия менен беттешүү оңой болбойт. Португалиялыктарды "Европадагы бразилиялыктар" деп атап коюшат. Андыктан, андан ары өтө албайт деп ойлойм.

- Көз ачыктык кылсак, божомолдорду айтсаңыз. Франция деп айттыңыз, анда Англия менен оюнда француздар жеңиши мүмкүн десек болот. Португлия Мароккону утат деп атасыз. Калган командалардын жагдайы кандай болушу мүмкүн?

- Аргентина чыгат, Бразилия чыгат.

- Анан жарым финалда?

- Айтуу кыйын. Футболчулар катуу ойношту, чарчап калышты. Алар тирүү адамдар да. Үч күндөн кийин кайра ойнош оңой эмес. Жаракат алгандар болот, дагы жакшы Катарда анча ысык эмес. Кондиционерлер менен жабдылган. Калыбына келүү үчүн убакыт керек. Бирөө туура эмес нерсе жеп алат, дагы бирөөнүн алы кетет, психологиялык жактан даяр эмес болуп калат. Андан ары кандай болот айтуу кыйын. Ар кандай болуп кетиши ыктымал. Себеби бардык командалардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей.

- Лотерея сыяктуубу?

- Ооба.

- Сизге ыракмат, командаларга ийгилик каалайбыз! Биз кооз, жакшы футболду жактайбыз. Кыргызстан командасынын да ийгиликтер арта берсин.