Кремлдин “диний таасири”

Патриарх Кирилл динди жамынып, саясатты ойноп жаткан жокпу? 27-июль, 2009.

Орусиянын православ чиркөөсүнүн көсөмү, патриарх Кирилл Украинага келди. Айрымдар патриарх Кириллдин украин жерине келиши чын-чынында ушу өлкөдө Орусиянын таасирин арттырууга багытталган дешет.
Москванын жана жалпы Орусиянын патриархы Кирилл Украинада 10 күн болот жана бу өлкөдөгү негизги тарыхый, диний мааниге ээ жерлерди кыдырып чыкмакчы.

Анын сапарын азыр көптөр Украинада Орусиянын таасирин арттырууга болгон аракеттердин бири катары баалап жатышат. Бирок Кирилл өзү Украинага жалаң диний, пастордук максат-мүдөө менен келгенин билдирди. “Мен биздин чиркөөнүн миң кылымдык тарыхын сезиш үчүн Днепрдин боюна зыярат кылганы келдим”, - деди ал.

Украинага келээрден мурда ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бүтүн өлкө боюнча ибадат кылган адамдар менен жолугушууну каалай турганын айткан. Патриарх теологияны окуган студенттер менен да жолугушат, украин сыналгысы аркылуу диний жөрөлгөнү да өткөрөт. Ошондой эле орус ортодокс чиркөөсүнүн ыйык синодунун жыйынын да Украинада биринчи жолу уюштурат.

Украин улутчулдары патриарх Кириллдин сапарына каршылык көрсөткөн демонстрацияга чыгышты
Бирок орус православ чиркөөсү Кремлге канчалык жакын экенин эске алган айрым украиналык улутчулдар мунун баарында “көмүскө ниети” бар дешет. Айрым саясий чечимдерди кабыл алууда Орусия Украинанын саясий жана маданий жашоосуна таасирин арттырууну каалайт деп ойлошот. Мисалы, Москва Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы.

Патриархдын Киевге сапарынын алдынан украин президенти Виктор Ющенко Украин ортодокс чиркөөсүнүн келечекте эркин болуп, биригиши “чыныгы тарыхый акыйкаттык” орногонун билдирмек деди.

Чиркөөнүн биримдүүлүгү жөнүндө ага жооп иретинде патриарх Кирилл да сүйлөдү: “Мына ушул ыйык жерге нурун чачкан коргоочуларга кайрылам. Биз алар менен биргеликте Украинанын өсүп-өнүгүшү, бейкутчулугу үчүн сыйынабыз. Анын эли тынчтыкта жана ынтымакта болушу, Днепрден тараган эки боордош элдин достугу, биздин руханий байланышыбыздын бекемдиги, чиркөөлөрүбүздүн биримдиги үчүн сыйынабыз”.

Украинанын экиге бөлүнгөн чиркөөсүнүн кичинерээгин Киев чиркөөсү башкарат. Бирок ал Москва чиркөөсү көзөмөлдөгөн экинчи бөлүк менен кеңдиги боюнча теңтайлаша албайт.

Улутчул маанайдагы украиндердин арасында Москва православ чиркөөсү менен теңтайлашыш үчүн Стамбулдагы грек-ортодокс чиркөөсүнүн патриархатынын колдоосун алыш керек деген да ойлор айтылып калат.