Бала сатуу боюнча шектүүлөр камалды

Бишкекте өз баласын сатууга аракет кылган келин жана ага көмөктөшкөн төрөткананын эки кызматкери кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда кылмышка шектүүлөр баланы 190 миң сомго баалаган. Ушул тапта алар эки айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Бала сатууга аракеттенген деп шек саналган аялдар 26, 31 жана 50 жашта. Алардын бири ымыркайдын апасы болсо, калган экөө медицина кызматкери болгон. Бала сатуу боюнча шек саналган бул үчөө 1-март күнү сот чечимине ылайык Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды. Бул иш Жазык кодексинин 171-беренеси («Киши сатуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эки жума мурун төрөлгөн эркек бала учурда Октябрь райондук балдар үйүндө багылууда.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Искей Базаркуловдун айтымында, аларга белгисиз аял баланы 190 миң сомго сатууга аракеттенип жатканы тууралуу кабар 27-февраль күнү келип түшкөн. Ушундан улам милиция кызматкерлери ал аял менен кардар катары жолугууга барып, колго түшүргөн. Бул аял медицина кызматкери экени белгилүү болду.

- Беш миң сомду биз алдын-ала берип: «Баланын буту-колу аманбы? Көрөлү, алып кел, анан калган акчаны беребиз» дедик. Анан баланы алып чыкканда кармадык. Өзүбүз ыкчам аракеттердин негизинде кардар болуп бардык. Ооруканадан келинди чыгарып жатканда дарыгерлер «сага 20 миң сом беребиз, балаңды сатып беребиз» деп алып чыгышкан. Келин ооруканага түшкөндө эле «мага баланын кереги жок» деген. Милиция кызматкерлери барганда кайра «баламды бербейм» деп калат. Аны №4 төрөтканадан үйрөтүп коюшат. Дарыгерлер эне-баланы Бишкектеги көп кабаттуу батирлердин бирине алып барышат. Анан «баланы 190 миң сомго сатабыз» деп кардар издеп жөнөшөт...

Дагы караңыз Балдарды саткан мафиянын карааны

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда ымыркайдын энеси 1993-жылы туулган. Ал үйүндө көз жарып, шаардагы №4 төрөт үйүнө текшерилүүгө барган. Аталган төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекова бала сатууга байланышкан окуя тууралуу буларды билдирди:

Бул жерде эненин жоопкерчилиги чоң. Бала буюм эмес да.

- Ал аял бизге 17-февралда түшкөн. Үйүнөн төрөп келген. Боюнда болгон мезгилде каттоого турбаптыр. Түшүнүгүбүз боюнча бул жашыруун нерсе болгон. 17-февралда түшкү саат 12лерде «Тез жардам» кызматы менен баласы экөө келген. Анан биздин акушердик бөлүмгө жайгашат. Диагнозуна жараша дарылап, баласын карап атканбыз. 22-февраль күнү келин төрөтканадан чыга турган убакыт келди. Ошондо бул аял «мен баламды таштайм» деп айтты. Ал үчүн биздин өзүбүздүн процедура бар. Милициядан бир кишини, анан тиешелүү соцкызматкерди чакырышыбыз керек. Алар аял менен сүйлөшүү жүргүзүп, турмуш шарты кыйын болсо кризистик борборго убактылуу бала менен чыгып турууга кеңеш берет. Иши кылып эне баласы менен кошо кетсин деп аракет кылышат. Бирок мунун жанында документтери жок экен. Анан 25-февралда бир келин «мен эжесимин» деп келди. Анын тиешелүү документтерин көргөн соң эне-баланы 26сы күнү эжесинин колуна тапшырдык.

Баланын энесинен тышкары кылмыш боюнча шек саналып жаткан эки аялдын бири №4 төрөтканада 31 жылдан бери акушер болуп иштеп келген. Кардарга барган экинчи аял Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүндө медайым болуп эмгектенчү. Госпиталдын бөлүм башчысы Жолчубек Жумабеков ал февраль айынын соңунда жумуштан өз каалоосу менен кеткенин билдирүүдө.

«Данакер» үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси Чынара Термечикова бул окуяны жакшылап иликтеп, анда эненин жоопкерчилигине өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты:

- Бул жерде эненин жоопкерчилиги чоң. Бала буюм эмес да. Аны сатканга акысы жок.

Дагы караңыз Аймира: Баламды сатууга аргасызмын...

Укук коргоочулар бала сатуу окуяларында медицина кызматкерлеринин катышуусу кийинки убакта кадыресе эле көрүнүш болуп баратканын белгилешет. «Балдарды коргоо уюмунун» адиси Кумар Эргешова мындай учурлардын ар бири ак халатчандардын кадыр-баркына доо кетирип, элдин аларга карата ишенимин азайтарын белгиледи:

- Келин эмне себептен мындай кадамга барып жатат? Демек ал каалоосуз болгон бала. Мүмкүн жашоо шарты ошого алып келди. Биздин кыз-келиндерибиз көбүнчө сактанганды билбей жатат. Бул келинди сындагандан алыспыз. Мүмкүн жашоо шарты ошого алып барды. Жашоодо түрткүнчүк болуп калды. Мүмкүн жанында колдой турган күйөөсү да жок болду. Ал эми медицина кызматкерлери гумандуулукту тепсеп өтүп, кызмат абалынан пайдаланып кыянаттык кылды. Көздөгөнү акча гана болуп калган. Бул бир четинен медицина кызматкерлерине толугу менен көө жаап, абоюна доо кетирип жатат.

Былтыр сентябрь айында Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор алты баланы сатты деген шек менен кармалган. Анда балдар 1500-2000 долларга бааланып сатылганы аныкталган. Ушул тапта бул иш боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан кези.

Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14ү сотко жеткен. Алар боюнча соттон кандай чечим чыкканы жана жазага тартылгандардын саны боюнча маалымат жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.