Кемпир-Абад: Өзгөндө нааразылар жөө жүрүшкө чыкты

Өзгөн. 21-октябрь, 2022-жыл.

Ош облусунун Өзгөн районунда 21-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүп, анын катышуучулары суу сактагычты Өзбекстанга бербөөнү талап кылышты.

Бул маселе боюнча бийлик активисттер жана жергиликтүү тургундар менен үч жолу жолугушуу өткөрдү. Нааразылылыктар азырынча токтой элек.

Ал тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв жакынкы күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе турганы күтүлүүдө. Анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси да каралат.

Нааразылык акциялары

21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышкан.

“Биздин талабыбыз ушундай. “Бийлик укпаса, эл чогулуп Бишкекке чейин барабыз” деген сөздөр болуп атат. Кыргызстан үчүн бийлик биздин үнүбүздү угат деген үмүттөбүз”, - деди Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Тилек Топчубаев “Клооп” порталынын түз эфиринде.

Бир күн мурда президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев баш болгон бийлик жетекчилери Кемпир-Абад боюнча жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар менен Бишкекте, президенттик администрациянын имаратында жабык жыйында жолугушкан.

Президенттин катышуусундагы ушундай эле жабык жыйын 4-октябрда Өзгөн районунда болгон. 10-октябрда Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде да маалымат берген.

Дагы караңыз Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга өтчү жерлердин таржымалы

Чек ара маселесин Кыргызстандын пайдасына чечип жатканын билдирген бийлик да, ага каршы болгон тарап да өз ойлорунан кайтпай турат.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын да алмаштырды. Комитеттин бул маселе талкууланган жыйынынын чечимине кол коюудан баш тарткан Чыңгыз Айдарбеков 20-октябрда комитет төрагалыгынан алынып, анын ордуна Улан Примов шайланды.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бул процесс мыйзамсыз болгонун айтты:

Адахан Мадумаров.

“Кечээ эле чай ичишип аткан жигитти кызматтан алып, ордуна башка бирөөнү коё калган уят. Азыр Жогорку Кеңештин күчүндө турган регламенти боюнча 43 добуш менен комитет төрагасын кызматтан ала албайт. Иштеп жаткан регламентте “комитет төрагасы жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок 50дөн кем эмес добуш менен алынышы керек” деп жазылып турат. Бул Конституциялык күчкө ээ. Аны эч ким жокко чыгарган эмес. Мыйзамды тебелеп-тепсеген, Конституцияны четке кагуу жагынан Жогорку Кеңеш, президент, аткаруу бийлиги да алдына киши салбай калды. Өлкө түшүнүк менен жашап атат. Адилеттик, мыйзамдуулук, тең укуктуулук, адам укугу, сөз эркиндиги деген түшүнүк жокко чыкты. Эми ошол жигиттин ордуна келген азамат да аман болсун. Бул комитеттин жыйынын кайра өткөрүп, чечимди урду-сокту менен алып өтөбүз деген ойлору болушу мүмкүн. Бирок тарых, тагдыр деген буларга өтө катуу сокку урат”.

Дагы караңыз Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өтөт?

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору каралган комитеттин жыйынынын чечимине комитеттин төрагасынын үч орун басары тең кол койбой турганын билдирген. Эми жыйын кайра өтүп, ага жаңы төрага Улан Примов кол коёбу же жокпу деген суроо ачык бойдон турат.

Кепке келе албай жаткан тараптар

Жакынкы күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгени жатат. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиевдин сөзүнө караганда, азырынча сапардын датасы так белгилене элек.

“Биздин президент 2021-жылы Өзбекстанга расмий сапары менен барып келген. Анда Шавкат Миромоновичти (ред: Мирзиёев) Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырган. Бул сапардын алкагында соода-сатык, экономика жана инвестицияга басым жасалат. Бул багытта бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Андан башка да бир катар документтер даярдалууда. Албетте, эки мамлекеттин ортосунда каралып жаткан эң башкы маселелердин бири - бул чек ара. Делимитация иштери аяктап, сүйлөшүүлөр боюнча жыйынтыктар чыгып атат. Бул да каралат”.

Жарандык активист Тимур Саралаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын бир жаңсыл чечүү аракети жана Кыргызстандагы нааразылык тууралуу төмөнкүдөй көз карашта:

Тимур Саралаев.

“Бийлик каршы болгон тарап менен диалог кылганга аракет кылууда. Саясатчылар, укук коргоочулар, жарандык активисттер “Бийлик биз менен эсептешиш керек. Силерге ким уруксат берди эле?” деп атышат. Бийликке чек араны чечүү мандатын эл берди. Жоопкерчилик бийликте. Жогорку Кеңештин депутаттарын да, президентти да эл шайлаган. Ошондуктан тигил же бул чечимди кабыл алууда аларда толук укук бар. Бийлик жаманбы, жакшыбы элге түшүндүрмө берүүгө, жарандык коомдун тилин табууга жана аларды ынандырууга аракеттенүүдө. Мындай жыйын эки же 20 жолу өтсө да бийлик менен жарандык коом бир пикирге келе албай калды. Себеби, Кемпир-Абад суу сактагычы оппоненттердин бийликке каршы куралы болуп калды”.

Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу айтып жатып талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Дагы караңыз Кыргыз-өзбек чек арасы: Чоң-Сайдын тагдыры кандай чечилет?

Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганы айтылган. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болору кабарланган.

“Шавкат Мирзиеёв кыраакы, тажрыйбалуу киши болгондуктан Кыргызстандагы кырдаалды да эске алышы керек. Азыр кыргызстандыктар, өзгөчө Кемпир-Абаддын жанында жашагандар каршы болуп атат. Ошонун негизинде бул боюнча келишимди токтотуш керек. Ал “туугандар маселени ич ара чечип алгыла. Сүйлөшүүнү андан кийин уланталы десе” эл аралык коомчулукка даанышмандыгын көрсөткөн болот эле”, - деди мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% 2017-жылы такталып, ратификацияланган. Дагы 10% жакыны макулдашылган, 5% ашыгыраагы такыр чечиле элек.