Кыргызстан менен Өзбекстан жыл аягына чейин чек ара сызыгын толугу менен тактап бүтүүгө аракет кылууда. Ал тапта Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар эки өлкө өкүлдөрү Уңгар-Тоо, Чоң-Сай жана Кемпир-Абад сыяктуу талаштуу аймактар боюнча мунаса табууга жакындаганын айтып чыкты.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, 17-августка чейин уланчу жолугушууда эки тарап буга чейин тактала элек аймактарды боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө.
Бөрүбаев Өзбекстан менен чек араны жыл аягына чейин толугу менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын ачыкка чыгарды.
"Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз".
Бөрүбаев айтып жаткан Өзбекстан менен тактала элек аймактар чек аранын 5% жакынын түзөт.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85 пайызы толугу чечилип, документтештирилген. Андан бери дагы 10% ашыгы ооз эки такталганы кабарланган, бирок расмий келишимге кол коюла элек.
Азыркы тапта тактала элек участокторду адистер эң оор жана талаштуу аймактар катары сыпатташат. Алардын катарында Кемпир-Абад суу сактагычы, Уңгар-Тоо, Чоң-Сай сыяктуу аймактар бар.
"Жапаров Мирзиёев менен келиштик деди"
Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев бул тилкелер боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү мунаса табууга жакын калганын айтууда. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, өткөн айда президент Садыр Жапаров баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү парламенттеги фракция лидерлери менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маалымат берген.
"Жолугушууда бизге түшүндүрүп беришти. Алардын айтымында, бир топ жер биздин өлкөгө берилет деп сүйлөшүлүп жатыптыр. Алардын арасында Уңгар-Тоо баштаган дагы үч аймак бар экен. Президент болсо өзбек президенти Мирзиёев менен келиштик деди. Менин оюмча, 16 602 гектар жер бизге өткөнү жатса, кыргыз мамлекети үчүн чоң ийгилик да. Уңгар-Тоонун маселеси кандай эле? Андан сырткары Гавасайды (Чоң-Сай) алабыз деп айтышты. Буга кошумча Кемпир-Абад боюнча да орток пикир табылыптыр. Буга чейин суу сактагыч 900 метрге суу көтөрүлсө, аны 700 метрге түшүрүүнү сүйлөшүп жатабыз деген маалымат беришти".
Депутат эки өлкө жетекчилиги мунасага жакындап калганы үчүн жыл аягына чейин чек ара толугу менен чечилет деген үмүтүн билдирүүдө. Негизи кыргыз бийлиги чек араны чечүүгө жакындаганын биринчи жолу айтып жаткан жок.
2021-жылы март айында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапарында өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен чек арадагы негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бул сапардын жыйынтыгында "кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилип, эми расмий бекитүү гана калганын" маалымдаган эле.
Бирок кыргыз бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу позициясы социалдык тармактарда сынга кабылып, Оштун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда жергиликтүү тургундардын катуу нааразычылыгы менен коштолгон.
Андан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган менен конкреттүү түрдө кандай жыйынтыктарга жетишилгени ачык кабарланган эмес.
Быйыл май айында Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Абдусалом Азизов жолугуп, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылындагы макулдашыла элек Гавасай (Чоң-Сай) тилкесин чогуу тик учак менен кыдырган болчу.
Мындан туура бир жыл мурда Ташиев аталган тилкедеги 19 миң гектардан ашык жерди кайра кайтарып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген эле.
Эми болсо Акылбек Түмөнбаев бул аймак боюнча да эки тарап бир пикирге келгенин айтууда.
Депутат айткан Жалал-Абаддын Аксы районундагы Уңгар-Тоо (Үңкүр-Тоо) аймагы боюнча да талаш болуп келген. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 "Кербен" радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, эки тараптын ортосунда чыңалган абал түзүлгөн эле.
"Чек араны чечүү бышып жетилди"
Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов азыркы тапта эки тараптын ортосундагы тактала элек эң оор участоктор калганын жашырбайт. Ал соңку мезгилдеги кыргыз-өзбек мамилесинин деңгээли чек араны толук чечүүгө шарт түзүп жатканын айтты:
"Өзбек президенти Мирзиёев бийликке келгенден тарта Кыргызстан менен мамилени бекемдөөгө болгон аракети абдан жакшы. Ал киши кошуна менен жакшы болбосоң башкалар менен жакшы болуудан пайда жок деген сөзү бар. Ошондуктан буюрса чек араны чечүүгө негиздер түзүлүп калган. Өзү бүтүп калган нерсе, бир-эки жерди тактасак эле бүтөт. Өзбекстан менен чек араны бир жаңсыл кылып алсак, Тажикстан менен чечүүгө оңой болот эле".
Эки өлкө ортосунда жогорудагы талаштуу аймактардан сырткары бири-биринин аймагында калып калган анклав жана экславдардын маселеси да бар. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген төрт анклавы бар. Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында Барак экславы болгон.
Буга чейин Барак эксклавынын ордуна Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Бирлешкен айылынан жерге айырбаштоо сүйлөшүлгөн.
Бирок ушул аптада Барак айылында жашаган айрым тургундар бул жараянды документтештирүү кечигип жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.
Азырынча Кыргызстандын жана Өзбекстандын расмий органдары соңку чек ара сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча так маалымат тарата элек.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы мезгилде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен менен келерин билдирген. Ал сапардын күн тартиби айтыла элек. Бирок эки өлкөнүн мамилесинде чек ара маселелери өзгөчө орунду ээлерин эске алганда адистер бул жаатта сүйлөшүүлөр болорун болжолдошот.