Мындай кайрылуулардан кийин укук коргоо органдары Аксыда жана Нарында акция өткөн айылдарга барып, катышуучуларга кысым көрсөткөнү тууралуу маалымат тарады. Милиция Аксыда азыр абал тынч жана көзөмөлдө деген билдирүү таратып, нааразы тарап арыз-муңун айткан соң тарап кеткенин кабарлады.
Кемпир-Абад иши боюнча адвокаттар иш дээрлик сегиз айдан бери сотто каралып жатканын белгилеп, создугуп жатканын айтып келишет.
Аксыдагы акция
9-мартта Аксынын Кара-Суу айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. Анда алар алгач Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандарга кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, ачык сот өткөрүүнү талап кылышкан. Алардын кайрылуу жолдогон видеосу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына да жүктөлдү.
Акцияга чыккандардын бири, Кара-Суу айылынын тургуну Абылкасым Шабданов бул кайрылуудан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери айылга барганын айтты.
“Өзүбүздүн эле айылдан чыгышты, муну эч ким уюштурган жок. Бир жарым жылдан бери отурушат, эч кандай жыйынтык жок болуп жатат, сот ачык болсун деген талапты койдук. Кайрылууну окуган баланы алып кетели деп УКМКнын кызматкерлери айылга барышыптыр. Участкалык милиция кызматкерлери да жүрөт экен”, - деди Шабданов.
Укук коргоо органдарынын акцияга чыккандарды кармап кетүү аракети боюнча билдирүү Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына да жарыяланды. Улуттук коопсуздук комитети комментарий бере элек.
Жалал-Абад облустук милициясы 10-мартта Аксыда абал тынч жана көзөмөлдө деген билдирүү таратты.
"9-март күнү жергиликтүү тургундар Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, бир катар кайрылуу жолдошуп, тарап кетишкен",- деп айтылат милициянын "Азаттыкка" берген маалыматында.
Шаменовдун тарапташтарынын кайрылуусу
Нарын облусундагы Дөбөлү айыл аймагынын бир катар тургуну Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменовдун боштондугун талап кылган кайрылуу жасашты. Алардын Шаменовдун Фейсбук баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда активистке негизсиз айып коюлганы белгиленип, аны абактан чыгарууну талап кылышкан.
Ушул эле күнү Шаменовдун баракчасына акцияга чыккан жарандардын үйүнө милиция кызматкерлери барып, аларды суракка чакырып жатканы боюнча маалымат чыккан. Дөбөлү айылдык кеңешинин төрайымы Айнура Абдыжапарова укук коргоо органдары кысым-басым көрсөтпөгөнүн билдирди.
“Эч кандай кысым-басым болгон жок. Ушул жерде митинг уюштурулдубу деп кайрылышты. Ал жерде митинг болгон эмес, биз бийлик өкүлдөрүнө гана кайрылуу жолдодук. Милиция келип эле жүрөт, кысым көрсөтүшкөн жок”.
Таластык айрым жарандардын талабы
Ушул эле күнү Таластын Көк-Токой айылынын бир катар тургундары да чогулуп, бийликке кайрылуу жолдоп, Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Айбек Бузурманкуловду бошотууну талап кылышкан. Ага катышкандардын бири Намазбек Шеркулов Бузурманкуловду колдоо комитети түзүлгөнүн “Азаттыкка” ырастады.
“Бузурманкуловду үй камагына чыгарып берүү боюнча соттордон, жогорку бийлик өкүлдөрүнөн сурандык. Эч кандай күнөөсү жок бир жарым жылдан бери жок жерден түрмөдө жатат. Комитет түзүлгөн, уюштуруу комитети да бар. Ошонун негизинде кечээ плакаттарды жазып, Бузурманкуловдун эркиндигин сурандык”, - деди Шеркулов.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандарды үй камагына чыгаруу жана ачык сот өткөрүү талабына тиешелүү мамлекеттик органдар жооп бере элек.
Дагы караңыз "Сот лицензиям жоктугун далилдесин". Кемпир-Абад ишиндеги талашКыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлиги сегиз айлык тергөөдөн кийин Кемпир-Абад ишин былтыр июнда аяктап, сотко өткөргөн. Буга “жашыруун” грифи коюлганы себептүү соттук отурумдар жабык өтүп келет. Бул иш боюнча айыпталып жаткандар процессти ачык өткөрүүнү талап кылып жүрүшөт.
Создуккан сот
Абакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев ушул талаптын ишке ашпаганынын айынан сот иши создугуп жатат деген ойдо.
“Соттук териштирүү ачык болгондо, ишти кароо эчак эле аягына чыкмак. Ишке жашыруун гриф коюп, жабык отуп жатканы үчүн абактагылар буга каршы болуп, ачык өткөрүүнү талап кылышат. Судья аларды сот залынан чыгарып ийип, процесс үзгүлтүккө учурайт. Эгер сот ачык өткөндө, иш эч кандай талашсыз каралып, эки айда эле бүтүп калмак. Мындай шартта судья айыптоо актысын аликүнчө окуп бүтө элек”.
Соттук отурумдардын үзгүлтүккө учурап жатышы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-февралда түшүндүрмө берип, мындай жагдайга айыпталып жаткан тарапты күнөөлөгөн.
Анда былтыр 15-июндан бери 23 отурум болгону, анын 12си адвокаттар жок болгону үчүн, жети жолу айыпталуучулар келбегени үчүн жылганы жазылган. Мындан улам коргонуучу тараптан “сот отурумдарын үзгүлтүккө учуратуу жана кылмыш ишин кароо процессин атайын создуктуруу аракети болуп жатканы” белгиленген.
Дагы караңыз Мадумаровдун соту: Күбөлөр суралып бүттүЖогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев бул маселеде соттун чечимин күтө туруу зарыл деген ойдо.
“Алардын күнөөсү жок болсо, чыгышы керек. Эгерде Кемпир-Абад маселеси шылтоо болуп, башка сөздөр болгон болсо, сот өзү чечет. Биз мыйзамдуу мамлекетте жашагандан кийин жаранды жөн эле камап коюу оңой эмес. Ар бир адамдын укугу корголгон. Негизи жөнү жок эле жалаа менен камалган жок деп ойлойм. Менин бул иш боюнча кенен тааныштыгым жок. Кандайдыр бир негизге таянып ушундай кылып жатат деп ойлойм. Эми акыркы чекитти сот коёт, мындай сот адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем”.
Бийлик Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар тууралуу пикирин утур-утур билдирип келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда сүйлөгөндө, "Кемпир-Абад ишин" уюштурган башчысы бар экенин, анын чет өлкөнүн элчисинен "акча алганы аныкталганын" билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан.
Кийин "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар жана алардын жактоочулары 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан “чет өлкөлүк элчиликтен акча алды” деген маалымат жок экенин айтып, мамлекет башчыдан түшүндүрмө талап кылышкан.
Жапаров быйыл 15-январда "Кабар" агенттигине маек курган маегинде “кайсы бир сырткы күчтөрдөн акча алды” деп айтам деп жатып, “кайсы бир өлкөнүн элчилигинен” деп адашып айтып алганын тактаган.
Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козгоп, “бийликти басып алууга аракет кылганы” боюнча жетиштүү далил материалдар бар экенин айтып келген.
Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп эсептешет.