Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси парламентте дагы көтөрүлдү. Абактагы блогер Перизат Суранова президент Садыр Жапаровго кат жазды.
Жогорку Кеңештин 11-январдагы сессиясында депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тергөө амалдары эки айдан бери жүрбөй жатканын айтып чыкты.
Депутат жыйынга катышкан баш прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге кайрылып, камактагыларды бошотууга чакырды.
"Эки айдан бери 25 киши камакта олтурат, бир да жолу суракка чакырылган жок. Ошол чай ичкенге мен да катышкам, ал жерде бийликти алмаштыруу же басып алуу тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Күбө катары мага ишенсеңер, ушуну эске алып камалгандардын ишин карап бербейсиңерби?", - деди Масалиев.
Турусбек Ишеналиев тергөө жүрүп жатканын, ал бүткөндөн кийин маалымат берилерин билдирди.
Жыйынга Жогорку сот, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси буга чейин да Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлгөн.
Ал арада Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрдан бери абакта отурган жарандык активист Перизат Суранова 11-январда президент Садыр Жапаровго кат менен кайрылганы маалым болду.
Укук коргоочулар интернетке жарыялаган катта Суранова өзү менен кошо абакта отурган саясатчы Асия Сасыкбаева жана БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны камактан чыгарууга чакырган:
"Сасыкбаева 72, Журабаева 63 жашта, экөөнүн тең ден соолугу талаптагыдай эмес жана күндөн-күнгө начарлап баратат. Эки байбиче пайгамбар жашынан өтүп, балдарынын төрүндө отурар кезде тор капаста камалышып, 80 күндөн бери мыйзамсыз абакта отурушат. Күн санап, абалы начарлап бараткан Асия Айтбаевнанын ден соолугуна ким кепилдик берет? Эне кадырын сыйлап, жашын сыйлап, эне эмгегин баалап, барктап экөөнү тең абактан чыгарып, баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүгө президент катары өз салымыңызды кошосуз деп үмүттөнөм".
Перизат Суранова буга чейин абакта ачкачылык кармап, абалы оорлоп кеткени кабарланган.
Мындан улам акыйкатчы Атыр Абдрахматова Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган.
Суранованын бөгөт чарасына байланыштуу арыз Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда каралган. Ага ылайык Биринчи Май райондук сотунун аны келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калып, жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылган.
Акцияда кармалгандар бошотулду
10-январда Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандарды милиция кармап кетип, кайра кое берди.
Чогулгандар алгач Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чогулуп, укук коргоо кызматкерлеринин талабынан кийин Максим Горький атындагы гүлбакты көздөй бара жаткан.
Милиция март айына чейин министрликтин, өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салынганын, чогулгандар ага баш ийбей койгонун билдирди. Укук коргоо кызматкерлери окуяны чагылдырып жүргөн журналистти да кармап, кайра бошотту.
10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары Ички иштер министрлигинин алдына мыйзамдуулукту талап кылып акцияга чогулушкан.
Укук коргоо кызматкерлери министрликтин жанында митинг, пикет өткөрүүгө ушул жылдын март айынын аягына чейин тыюу салынганын билдирип, аларды Горький атындагы паркка барууга чакырды.
Акциянын катышуучулары Жогорку соттун имаратынын жанына жетип калганда милиция алар "плакаттарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөдү" деген жүйө менен кармап кетти.
Кармалгандардын бири укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 30га жакын киши жеткирилгенин айтты. Алардын көбү Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы, активист жана эркин журналисттердин жакындары.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Түкөбаев кармалгандар тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.
ИИМ тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузганы үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 27 адам жеткирилгенин билдирип, анын себебин мындайча түшүндүрдү:
“Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экени жөнүндө бир нече жолу эскертилген, бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (“Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу”) жана 128-беренесине (“Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Нааразылык акцияга чыккандар пикет өткөрүү үчүн Бишкек шаардык мэриясынан уруксат алышканын, акция өткөрүүгө тыюу салган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтомунда Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизилбегенин айтышты. Акцияга баш-аягы 100гө чукул киши чогулган.
Милиция кызматкерлери окуяны чагылдырып жүргөн “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Эркайым Асанканованы да кармап, кийинчерээк бошотту. Акцияны жеринен чагылдырып жүргөн "Азаттыктын" журналисти Бакыт Төрөгелдини да милиция кармап, атайын автоунаага салып кете жаздаган. Ал жерде тургандар менен журналист өзү окуяны чагылдырган медианын өкүлү экенин айтканда гана коё беришкен.
Мунун алдында Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимканов Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындарынын суроолоруна жооп берген.
“Кылмыш иши “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде козголгон. Бул иш боюнча лингвистикалык, политологиялык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Биз бир да кишини өзүм билемдик менен эле кармап коё албайбыз. Милиция кармаганда да, бөгөт чарасын караганда да сотко алып барабыз”.
Пикетке чыккандар Кыргызстанда мыйзамдуулукту, тергөө акыйкат жүрүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгарууну талап кылды. Алар укук коргоо органдарынын айткандарына ынаган жок.
“77 күн ичинде бир эле жолу сурак болду. Демек бул жерде кылмыш ишинин өзү жок деген сөз. Милиция болсо улам-улам эле “экспертиза жүрүп жатат” дейт. Мыйзам боюнча, экспертизага жөнөтүлөр алдында шектүүгө кайсы документ, материал экспертизага берилгенин билдирип, таанышуу үчүн бериш керек болчу. Ал да болгон жок”, - деди жарандык активист Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева.
Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде 24 киши камакта жатат. Шектүүлөрдүн экөө үй камагында, бир адамга издөө жарыяланган.
Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонова мындай деди:
“Кылмыш ишинин козголушу өзү мыйзамсыз. Ушуга чейин эки-үч жолу сот отуруму болду. Анда биз бул саясий куугунтук экенин көрдүк. Аны башкача айта албайм”.
23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.
Алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналууда. Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.
Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон.
Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын буга чейин такталбай келген 15% же 312 чакырымын жакында макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 30-ноябрда кол койгон.
Камакта жаткандардын тизмеси:
Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.
Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев үй камагында.
Камалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.