Кемпир-Абад иши: жапырт камоо, үч күндүк сот

Бишкек шаардык соту жана Биринчи май райондук соту үч күндөн бери 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасын карап, көбүнүн чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Сот отурумдары ачык өтүп, анын жүрүшүнө журнаисттер көз салууда. 

23-24-октябрда жапырт кармалгандардын арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, 63 жаштагы Гүлнара Журабаева да бар. 9-ноябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын биринчи карап, эки айга камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды жана мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык сотунун имараты.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган блогер Атай Бейшенбек сот залында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар".

Активист Али Шабдандын бөгөт чарасын караган шаардык сот, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчы Равшан Жээнбековдун апелляциялык арызын канааттандырган жок, Биринчи май райондук сотунун аны эки айга абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды. 
Равшан Жээнбеков сотто сүйлөп жатып "Менин денемди камашыңар мүмкүн. Бирок менин ой пикиримди, саясий көз карашымды камай албайсыңар" деди. 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды. Нурлан Асанбеков сотто саясатка тиешеси жоктугун, Равшан Жээнбековдун үйүн ремонт кылып иштегенин, карыган апасын, эки кызын жалгыз багарын, бир кызы оорукчан экенин айтты. Камакка алынганга байланыштуу эсеби жабылы, жакындары кыйналып жатканын белгиледи. 

Буга чейин Биринчи май райондук сотундагы көрүнүщ. 

 "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, активист Перизат Суранова да камакта калды. 

Жараян жүрүп жатканда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында камалгандарды колдогон митинг акциялар байма-бай өтүп жатат. 

10-ноябрда Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калды. 

Жарандык активист Рита Карасартованын да бөгөт чарасын өзгөргөн жок. Карасартова күн сайын текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.

Жарандык активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!".

Бишкек шаардык соту ага чейин Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын да мыйзамдуу деп тапты.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү. 

Бектур Асанов Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл. Анын апелляциялык арызы канааттандырылган жок.

Айбек Бузурманкуловго чыккан райондук соттун чечими күчүндө калганы белгилүү болду. Буга чейин ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-декабрга чейин камалган.

Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин жактоочулары 10-ноябрда акцияга чыгышты. Асановдун доо арызы да канааттандырылган жок. 

Акыл Айтбаевдин сот залына алынып келген учуру. Ал да камакта калды. 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыровдун да бөгөт чарасы өзгөргөн жок. 

10-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун да камакта калтырды. Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка алган. 

Чыңгыз Капаров (солдон биринчи), Кеңешбек Дүйшөбаев (ортодо) жана Марат Баязов (солдо). 
Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.

11-ноябрда сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Журналист бөгөт чарасын карап жаткан судьяларга кайрылып, Конституция бузулуп жатканын белгиледи.

"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.

Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы да өзгөргөн жок.

Бишкек шаардык сотунун имаратынын астында милиция кызматкерлери күзөттө турушууда. 

Активистердин сот отуруму өтүп жаткан сот залы. 
Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.