Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши соттун ачык өтүшүн талап кылып үч күндөн бери ачкачылык кармап жатат.
Шектүүлөр соттун кечеңдешине жана иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканына нааразылык билдиришкен.
Ачкачылык жарыялагандар менен 24-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улаттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков жолукту.
Ал арада ишти карап жаткан Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча соттун кечеңдеп жатканынын себебин түшүндүрдү.
Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: камактагылар сот создукканына нааразы
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров 22-августтан бери ачкачылык кармап жатат.
Абакта отургандар ишти карап аткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын билдиришкен.
Алардын кайрылуусунда судья сот отурумун утур-утур жылдырып, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы жазылган. Камактагылар соттун ачык өтүшүн талап кылууда.
24-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков ачкачылык жарыялагандардан кабар алды. Ал абактагылардын абалы канааттандырарлык экенин белгилеп, бирок ачкачылык кармоо алардын ден соолугуна кооптуу экенин айтты.
Бекназаровдун адвокаты Эркин Булекбаевдин айтымында, Бекназаров 10 күн мурда ооруп, бир аз жакшы болуп калган. Ал айыпталуучулар иштин материалдары менен тааныша баштаганын билдирди.
"Сот ачык болсун, мыйзамдын алкагында өтсүн деген талап менен ачкачылык кармап жатат. Соттук териштирүү али баштала элек. Тергөө учурундагыдай эле мыйзам бузулуп жатат. Иштин материалдары менен тааныштыруу эми эле башталды. 50 томдук иш, таанышууга аз дегенде эки-үч ай керек. Бир аптада бир-эки жолу эки-үч саатка алып кетет иш менен таанышканга. Тергөө учурунда дагы тааныштырган эмес".
Айыпталуучулардын бири Клара Сооронкулованын айтымында, сот иш менен таанышууда материалдын айрым бөлүктөрүнүн көчүрмөсүн алууга уруксат берген.
Шектүүлөр "жашыруун" делген материалдар менен эми гана таанышууда. Бул иште шектүү катары өтүп жаткан, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Сооронкулова сот ишти кароону атайылап создуктурууда деп эсептейт.
"Иштин 1-2-3-томдорун "жашыруун мамлекеттик сыр" деп тергөө бүткөндөн кийин бизге тааныштырбай койгон. Ар ким өзүнө тийиштүү материалдарды бир сыйра карап чыкканбыз. Көчүрмөсүн алганга дагы тыюу салып койгон. Колуңда материал болбосо, кантип коргоносуң? Азыр эми соттон "бардыгы жашыруун эмес" деген чечимге келип, көчүрмөсүн алууга уруксат берди. Абактагыларды жети кишиден кылып алып келип жатат. Биз дагы барып таанышып жатабыз. Негизи айыпталып жаткандар иш менен таанышып бүтмөйүнчө, териштирүүнү жүргүзсө болбойт. Ошону шылтоо кылып процессти 5-сентябрга жылдырып койду, үлгүрбөсөңөр дагы узартам деди. Менимче сот деле процессти созуп, кечирээк өткөргөнгө кызыкдар. Анткени материалдарды судья деле карап көрдү да. Анда эч нерсе жок, жөн эле куру сөз, далил, күбө жок. Бир дагы күбө жок".
Клара Сооронкулова кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккандан кийин былтыр октябрда кармалган 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттердин арасында болгон. Кийин сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп, быйыл 12-апрелде үй камагына чыккан.
Ушу тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Биринчи май райондук сотунун түшүндүрмөсү
24-августта Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча соттун кечеңдеп жатканынын себебин түшүндүрүп, соттук отурумдун мөөнөтүн жылдырууда мыйзам бузулбаганын белгилеген.
Мекеме тараткан маалыматта, Кемпир-Абад боюнча айыпталып жаткандардын иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2023-жылдын 15-июнунда түшкөн. Соттун 19-июнундагы токтому менен иш өндүрүшкө алынган. Алдын ала угуунун жыйынтыгы менен соттук иш 2023-жылдын 7-июлуна белгиленген.
Бирок айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаттарынан апелляциялык арыз келип түшкөнүнө байланыштуу 4-июлда кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна жиберилип, кайра 4-августта келген жана сот ишти 14-августка белгиленген.
Дагы караңыз Чек ара, Кемпир-Абад, жаңы төрага: Жогорку Кеңешти сынаган чечимдер
"14-августка белгиленген соттук отурумга Б.А.А. (Бекназаров Азимбек Анаркулович - ред.) ден соолугуна байланыштуу СИЗО-1 мекемесинен сотко алып келинген эмес. Ошол себептен сот иши 21-августка жылдырылган. 21-августтга сот отурумуна үч айыпталуучунун адвокаттары кылмыш иши менен толук тааныша электигине байланыштуу келген эмес. Үч айыпталуучунун адвокаттары келбегендигине жана айыпталуучулар кылмыш ишинин материалдары менен толук тааныша электигине байланыштуу соттук отурум 5-сентябрга саат 10:00гө жылдырылган", - деп айтылат сот тараткан маалыматта.
Биринчи май райондук соту жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, кылмыш ишине айыпталып жаткандарды коомчулукка туура маалымат жеткирип, кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарын сактоого чакырган.
Айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Кантемир Турдалиев соттун создугушунун дагы бир себебин белгиледи:
"Кылмыш-процессуалдык кодекстин 54-беренеси ("Адвокаттын укуктары") башынан эле бузулган. Анда "иштин баары бүткөндө адвокат иш менен таанышууга жана анын көчүрмөсүн алууга укугу бар" деп даана жазылып турат. Мындай шартта иш менен таанышуудан баш тартам, сотто таанышам деп кетип калгам. Өзү Кылмыш-процессуалдык кодексинин шарттарын бузбай тергөөдө эле тааныштыруу керек болчу. Ошондо сот дагы жылбай убагында өтмөк. Негизи бул иш башынан эле мыйзам бузуу менен өтүп жатат. Мында Кылмыш-процессуалдык кодексин караган эч ким жок".
Ачкачылык кармагандардын абалы
Жазаларды аткаруу кызматы ачкачылык кармап жаткандардын абалы туруктуу экенин "Азаттыкка" билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Ызаат Тургунбаеванын айтымында, алар учурда суудан башка нерсе ичпей жатат.
"Алтоо дагы деле ачкачылык кармап жатат, абалдары туруктуу. Алардын өнөкөт оорулары бар-жогу медициналык карталарында белгиленген. Дарыгерлер көзөмөлдөп, керек учурда кан басымын текшерип турушат".
2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй анын мүчөлөрү, аларга тилектеш адамдар кармалган.
Укук коргоо органдары жапырт кармалгандарды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелди. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өтүп, жабык каралууда.
Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтышууда. Президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга шылтоо таба албай" Кемпир-Абад маселесин көтүрүп чыкканын айткан.
Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырып келет.
13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына басым тууралуу резолюция добушка коюлган. Жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы аны колдогон.
Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу Кыргызстанда баш-аягы 27 адам кармалган.
Алардын ичинен абакта отургандар:
- Равшан Жээнбеков,
- Кубанычбек Кадыров,
- Азимбек Бекназаров,
- Кеңешбек Дүйшөбаев,
- Акылбек Айтбаев,
- Али Шабдан,
- Марат Баязов,
- Илгиз Сарылдык уулу,
- Темир Махмудов,
- Айбек Бузурманкулов,
- Бектур Асанов,
- Айданбек Акматов,
- Эрлан Бекчоро уулу,
- Жеңиш Молдокматов.
Калган 13 киши ар кандай жагдайда үй камагына бошотулган. Ага ылайык, алар жашаган аймагынан чыкпоого милдеттүү.
Эки адамдын: Орозайым Нарматова менен Талант Эшалиевдин иши Кемпир-Абад ишинен өзүнчө бөлүнүп тергелген. Соттук териштирүү да өзүнчө каралат.