Кемерово: өрт 41 баланын өмүрүн кыйды

Каза болгондордун сүрөттөрүн кармап турган адамдар.

Бүгүн эртең менен Кемероводо мурда пландалбаган митинг өтүп, чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну талап кылышты. Ушул эле күнү аза күткөн шаарга президент Владимир Путин барып кайтты.

Кырсыктан кийин түзүлгөн штабда бүгүн жаңыланган тизмелер илинип, 41 баланын өлгөнү дайын болду. "Интерфакс" агенттиги билдиргендей, бардыгы болуп тизмеде 64 кишинин ысымы бар. Ушул эле санды буга чейин Ички иштер жана Чукул кырдаалдар министрликтери да аташкан.

Кемероводогу митинг (видео орус тилинде)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кемероводогу митинг: элге чындыкты айткыла

Тек-жайы аныкталган 25 кишинин 13ү жеткинчектер. Өрттөн бир нече киши жарадар болгон.

Ушул эле күнү эртең менен Кемеровонун тургундары мурдатан пландалбаган митингге чогулушту. «Киши өлтүргүчтөр!», «Фашисттер!» деп ачууланган миңдеген адамдар социалдык тармактарда жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылганы жөнүндө кабарлар тараганын айтышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кемерово: кызын жоготкон атанын күйүтү

Алар каза болгондордун так санын, чындыкты жашырбай ачык айтууну, губернатор Аман Тулеев баш болгон жергиликтүү бийлик башчыларынын кызматтан кетишин талап кылышты.

- Канчабала өлдү? Жетекчилердин жоопкерчилиги жоктугунан улам каза болушту. Мен ал күнү өрт башталып жатканда, ошол жактан өтүп бараткам. Трагедия ушундай масштабда болоорун элестете алган эмесмин. Эң коркунучтуусу - бизден чындыкты жашырып жатышат, - дейт Светлана Шесткова аттуу жергиликтүү жашоочу.

Сергей Агарков болсо кызы менен уулунан ажыраганын айтты:

- "200 баланы имараттан алып чыктык" деп жазышты. Кайдагы 200? 200 бала өзү чыккан. Калгандары менин балдарымдай болуп үчүнчү, төртүнчү кабаттарда тумчугуп калышты.

Митингге Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев катышты. Губернатор буга чейин өрт чыккан жерге барган эмес. Чукул кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жетекчи өз кортежи тыгын пайда кылат деп барбаганын айтып келишти.

Шаардын мэри өлүкканага жана күйүп кеткен «Зимняя вишня» борборуна барып баарын өз көзү менен көрүүнү демилгечи топко сунуш кылды. Топтун мүчөлөрүнүн бири алар ар бир кабинетти, жертөлөлөрдү, гаражды, чатырдын алдын карап чыгышканын айтып берди. Дагы бир активист "сөөктөр жергиликтүү комбинатта жаап-жашырылып жатат" деп соцтармактарда тараган кабарларды төгүндөдү.

Демилгечи топ менен жолугушууда президент Владимир Путин расмий маалыматтардан күмөн санабоого чакырып, күнөөлүүлөр кызматына карабай сөзсүз жазаланарына ишендирди.

Ага чейин жетекчилер менен кездешүүдө президент трагедияга кылмыштуу шалаакылык алып келгенин айтып, «парасыз бир да тастыктама ала албайсың, пара менен эмнеге болсо да кол кое беришет» деген.

Владимир Путин.

- Бул согуш жүрүп жаткан аймак эмес да. Же метан кокусунан жарылган көмүр кени эмес. Адамдар эс алганы келген, балдар. Биз демографияны сөз кылабыз да, ушунча адамды жоготуп жатабыз. Эмне үчүн? Кылмыштуу шалаакылык үчүн. Дегеле ушундай окуяга кантип жол берилди?

Путин трагедия болгон имараттын жанына гүл койду. Адамдар ал жакка оюнчуктарды, каза тапкан балдардын сүрөттөрүн алып келишүүдө.

Тергөө комитети борбордун кароолчусу өрт жөнүндө кабар алганда сигнализацияны өчүрүп салганын, ал кармалганын билдирди. Андан тышкары, бул кылмыш ишине байланыштуу соода борборуна ээлик кылган компаниянын директору, өрт тутанганы сөз болуп жаткан залды ижарага алган ишкер жана сигнализациянын иштешин камсыз кылган уюмдун эки кызматкери камалды.

Кемерово облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Орусиянын бир нече аймагында да аза күтүү болуп жатат.

Курмандыктардын саны боюнча бул өрт экинчи орунда турат. 2009-жылы Пермь шаарындагы түнкү клубда чыккан өрт 156 кишинин өмүрүн алып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.