Казакстанда үйлөрдү суу каптап, эл эвакуация болду

Коянды айылынын тургундары суу кечип турушат..Шаар четиндеги конуш бир нече күндөн бери суу ташкыны менен күрөшүүдө. Айылдагылар бийликтин суу ташкындын кесепетин жоюу иштерине нааразы болуп көчөнү буушту. Алты кишиге "мыйзамсыз митингге" чыкканы үчүн айып пул салынды. 27-март, 2024-жыл. 


 

Кояндынын тургунунун үйүн каптаган сууну буруп жаткан киши. 
 

Кояндынын көчөсүндөгү эл.

Сууну сордуруп жаткан машинелер. 

Кояндынын жашоочулары сууну насос менен сордурууда. Алар техника үчүн күйүүчү майды өз акчасына алганын айтышууда. 
 

Көп балалуу Алтыннур Дуримхан үйүнө кире албай турат. 27-март.

28-мартта Актөбөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Аймактын бийлиги чукул жыйын өткөрүп, Илек жана Каргалы дарыясынын жээгиндеги жүздөгөн үй-бүлөнү коопсуз жерге чыгаруу чечимин кабыл алышты. 
 

Аймактын Чукул кырдаалдар кызматы эки ири дарыянын жээгинде 900дөн ашуун үй-бүлө жашарын билдирди. 
 

Актөбө акимиатынын билдиришинче бир сутка ичинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 150 миллион метр кубга жеткен. 
 

Жума күнү кечинде элди эвакуация кылуу иши башталган. Жашоочулардын көбү мектепке жайгаштырылган.

 

Суу Актөбө аэропортунун учуу-конуу тилкесин каптап калган.

Эки күн ичинде Актөбөдө 73 үйдү суу каптаган. Оор кырдаал Актөбө облусунун бардык аймагында сакталып турат. Айрыкча Кобдин районунда абал оор, суу 100дөн ашуун үйдү каптаган.
 

Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн ӨКМ жана аскер кызматкерлери тартылган.
 

Премьер-министр Олжас Бектенов даярдык формалдуу болгонун моюнга алды. Жыл сайын жазында Казакстандын түндүк, чыгыш, батыш аймактарын жана борборун суу каптайт. 

 

Казакстандын 10 облусу суу каптоо коркунучуна кептелди. Айрыкча Костанай облусунда абал оор. Айрым райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жашоочулар бийликти кырсыктын алдын алууга даярданбаганы үчүн сынга алышууда. ("Азаттыктын" казак кызматынын фотобаяны)