Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Алматы-Екатеринбург автожолундагы кырсыкта мерт кеткен кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтып, маркумдардын сөөгүн алып келүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды.
Жалп өчкөн 16 өмүр
19-апрелде Жамбыл облусунун аймагындагы кырсыктан мерт кеткен он алты кишинин үчөө жаш балдар болушкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, каза тапкандардын 15и кыргызстандыктар, бирөө казак жараны.
Оштон чыккан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус 19-апрелде эртең менен Алматы-Екатеринбург жолунда “Газел” автоунаасы менен кагышып, толугу менен күйүп кеткен. Расмий маалыматтарга ылайык, жүргүнчүлөрдүн көбү Ош облусунун тургундары. Арасында Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын да жашоочулары бар.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугунун өкүлү Бакыт Кадыровдун айтымында, каза тапкан 15 кишинин 12синин тек-жайы аныкталды. Үчөөнүн аты-жөнү белгисиз болууда:
- ДНК экспертизасы Астана шаарында чыгарылат. Бирок ал үчүн бир жарым айга чукул убакыт керек. Эгер туугандары таанып, экспертизага жөнөтүүгө кажет жок дешсе, анда сөөктөр берилет.
Кадыров кошумчалагандай, кырсыкка кабылган кыргызстандыктардын арасынан дагы төрт киши ооруканада жатат. Экөөнүн абалы оор:
- Эки жараныбыз Приозерск шаарчасындагы аскер госпиталында жатат. Бирөө операция болду. Абалдары дурус. Ал эми Балхаш шаарындагы ооруканада жаткан эки атуулубуздун абалы оор бойдон калууда.
Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө аталган окуяга байланыштуу зарыл болгон бардык чараларды тезинен көрүү тапшырмасын берди. Ал үчүн каражат мамлекет башчынын өз фондунан бөлүнөт. Тек-жайы такталган маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанга атайын унаа жиберди.
Унаанын көп эл ташыганга уруксаты болгон эмес
Ал арада Оштон 19 адамды ташып баратып, кырсыкка кабылган O9700AZ номурлуу«Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа жети кишиге гана ылайыкташкандыгы маалым болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Элзат Кыдырмышева машине эки ай мурун каттоодон өткөнүн айтты:
- Машине Ош облусунда быйыл январь айында каттоого алынган. Февралда жүк ташуучу унаадан жүргүнчү ташуучу машине катары кайра каттоодон өткөн. Жол коопсузудук кызматы берген документке ылайык, 7 кишини ташууга уруксат берилген.
Соңку кездери Орусияга эл ташыган кичиавтобустар көбөйгөн. Жол кире поезд же учактыкына караганда арзан. Мисалы, Оштон Москвага 7000, Уфа, Самара, Екатеринбург сыяктуу шаарларга 5000 сомдун тегерегинде барышат. Жолдун узактыгы үч күндөн, беш суткага чейин созулат.
Бирок жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна эч кандай жазма түрүндө кепилдик берилбейт. Унаанын ичи эки кабатка бөлүнүп, көбүнчө адамдар жатып кеткенге ылайыкталып жасалат.
Республикалык Жол коопсуздугу кызматы тарабынан чет элге унаа айдагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөйт. Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторов башка өлкөгө киши ташыган айдоочулар же фирмалар тууралуу да так маалымат жок экендигин айтат:
- Түшүндүрүү иштери жалпы айдоочуларга жүргүзүлөт. Чет элге айдагандарга деп программа түзүлгөн эмес. Шаар ичине же Кыргызстандын аймактарына каттаган айдоочу Орусияга эл ташып кете бериши да мүмкүн. Ал анын жеке унаасы.
Кыргызстандык мигранттардын өмүрүн алган окуялар акыркы жылдары тез-тез каттала баштады. 2012-жылы да Алматы-Астана жолунда 16 кыргыз жараны мерт кеткен эле.