Казакстанда үчүнчү ири шаар түптөлөт

Чымкент шаарындагы көчөлөрдүн бири.

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин жарлыгына ылайык Түштүк Казакстан облусунун ордуна Түркстан облусу түзүлдү. Облустун административдик борбору Түркстан шаары болот. Ал эми мурдагы борбор Чымкент республикалык маанидеги шаар макамына ээ болду.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жаңы облус түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюу аземинде сүйлөп, Чымкент мындан ары Астана жана Алматы сыяктуу калкы бир миллиондон ашуун шаарлардын катарына киргенин айтты.

Ошондой эле жаңы облустун түзүлүшү тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи:

Чымкенттеги Абай атындагы сейил багы.

- Чымкент шаары буйруса технологиясы өнүккөн, ресурстарга бай, инвестицияларды өзүнө тарткан Борбор Азиядагы өнүгүп бараткан шаарга айланат. Республикалык шаар макамы ага бул мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ага бул аймакта шарт жана мүмкүнчүлүк да жетиштүү. Ал эми жаңы облустун борбору болуп эсептелген Түркстан шаары кылымдар бою Казак хандыгынын жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маданий жана саясий ордосу болуп келген. Азыр да ал шаар аркылуу Батыш Кытайга, Европага карай магистраль, газ куурлары өткөн. Бул жарлык тарыхый чечим болуп калды деп ойлойм.

«Эл башынын» жарлыгына ылайык Чымкент шаарында жайгашкан мамлекеттик мекемелер Түркстан облусуна көчүрүлөт. Назарбаев Түркстан шаарынын тарыхый жана маданий маанисине өзгөчө токтолду.

- ХХ кылымдын башында казактын эр-азаматтарынын эл-жери үчүн жүргүзгөн күрөшү да Түркстан менен байланыштуу. Бул жай мусулмандар үчүн да мааниси бар шаар катары белгилүү. Ошондуктан «Мединада Мухаммед, Түркстанда Кожо Ахмед», «Түркстанга барсаң ишиң оңолот» деген жакшы сөздөр айтылат. Ошондуктан бул бүткүл түрк дүйнөсүнүн калкы келип зыярат кылуучу жай болуп саналат. Тогуз жолдун тоомунда, Улуу Жибек жолунун боюнда Түркстан облусун түптөө ички жана тышкы туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт, - деди Нурсултан Назарбаев.

Түркстан, "Хазрет Султан" мавзолейи.

5-июнда Түштүк Казакстан облусунун борборун Чымкенттен Түркстан шаарына көчүрүү жөнүндөгү сунушту жергиликтүү кеңеш жактырган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын журналисти Дилара Иса жергиликтүү эл облустук борбордун көчүрүлүшүн жапырт колдобой турганын айтып берди:

- Жергиликтүү тургундар арасында азыр бул боюнча толук маалымат жок. Чымкенттин борборун Түркстанга көчүрүү боюнча коомдук талкууга бардык шаардыктар катыша алган жок. Биздин сурамжылообузга караганда 40% гана тургундар колдоп жатышат. Жергиликтүү эл эң ириде Түркстандагы инфраструктураны оңдоону башкы максат деп билет. Коомдук транспортту иретке келтирүү, автобекеттерди оңдоо сыяктуу маселелер бар. Маалыматка караганда, Түркстандагы тарыхый жерлерге жылына миллионго чукул турист келет. Демек бул тармакты шартын жакшыртуу менен да өнүктүрсө болот.

Байыркы Түркстанда көп кабаттуу үйлөргө караганда эски жер үйлөр басымдуулук кылат. Негизги көчөлөрүндө эскилиги жеткен кичинекей автобустар эл ташыйт. Жумушсуздуктун айынан миграцияга агылган жаштардын катары арбын. Чымкенттен алыс аймакта жайгашкандыгы үчүн элдин турмуш деңгээли да жупуну.

Түркстандагы базар.

Президент Назарбаев ошол эле учурда өкмөткө тез арада Түркстан шаарын ар тараптуу өнүктүрүүнүн генералдык планын иштеп чыгууну тапшырды. Жергиликтүү бийликке болсо туристтерди кызыктыруунун жана тейлөөнүн иш-чараларын түзүүнү табыштады.

Чымкенттин түндүк-батышында жайгашкан, мурдагы облус борборунан 170 чакырым алыс турган Түркстанда 260 миңге жакын калк жашайт. Алардын 60% казактар жана 40% өзбектер.

V кылымда түптөлгөн, тарыхы терең шаарда диний ыйык жайлар, анын ичинде Кожо Акмат Яссавинин мавзолейи бар.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.