Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Түркстан шаары Казакстанда облус борбору болот


Түштүк Казакстан облусунун маслихатынын жыйыны. Чымкент, 5-июнь, 2018-жыл.
Түштүк Казакстан облусунун маслихатынын жыйыны. Чымкент, 5-июнь, 2018-жыл.

Түштүк Казакстан облусунун борборун Чымкенттен Түркстан шаарына көчүрүү жөнүндөгү сунушту 5-июнда аталган облустун маслихаты (облустук кеңеши) жактырды жана алардын чечими өкмөткө жөнөтүлдү.

Ал эми Чымкентке шаардык жана облустук маслихаттын сунушуна ылайык, республикалык маанидеги шаар макамы берилиши керек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Түштүк Казакстан облусунун борборун 160 миңдей калк жашаган Түркстанга көчүрүү планын бул аймакты өнүктүрүү мүдөөсү менен түшүндүрүшөт.

Түркстанда диний ыйык жайлар, анын ичинде Хоже Ахмет Яссавинин мавзолейи бар.

Эгер бир миллиондой адам жашаган Чымкентке республикалык маанидеги шаар макамы берилсе, бул Казактандын Астана менен Алматыдан кийин ушундай макамы бар үчүнчү шаары болот. (UE)

XS
SM
MD
LG