Казакстан коргонуу бюджетин көбөйтүп, аскердик доктринасын өзгөртөт

Казакстандын аскерлери Жамбыл облусундагы Отар 40-аскердик базасында. 2019-жыл, 7-август.

2022-жылы Казакстан коргонуу тармагына бир триллион теңге бөлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 303,7 миллиардга ​көп. Быйыл армияга жазгы чакыруу да бир кыйла катаал режимде өттү. Айрым аймактарда аскер комиссариатынын өкүлдөрү студенттерди окуу жайларынан күч менен алып кетип жатты.

Коргонуу чыгымдарын бир топ жогорулатуу менен катар бийлик аскердик доктринаны өзгөртүүнү чечти. Эксперттер Акордонун аракетин Январь окуясы жана Украинадагы согуш менен байланыштырууда.

2021-жылы 2-декабрда республиканын 2022-2024-жылдарга бюджетинин биринчи варианты боюнча Казакстан коргонууга 858,8 миллиард теңге бөлгөн. Бул акчанын 61 пайызы Коргоо министрлигине, калганы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлүшү керек болчу. Бирок 2022-жылдын май айында эле коргонуу бюджети 162,6 миллиард теңгеге көбөйтүлгөн (анын 56,9 миллиард теңгеси Коргоо министрлигине түшкөн) да, бир триллион 21 миллион теңгеге жеткен. Бул өткөн жылдын бюджетинен 303,7 млрд. көптүк кылат.

Жалпы бюджеттин жарымы – 494,6 миллиард теңге – Коргоо министрлигине жумшалат. Министрлик куралдуу күчтөрдү даярдоого 491 миллиард теңге жумшоону пландоодо.

24-июлда Wall Street Journal Украинадагы согуштан улам казак бийлиги коргонуусун күчөтүп жатканы тууралуу макала жарыялады. Автор атын атабаган казак аткаминерине шилтеме жасап, Казакстан коргонуу тармагында АКШ, Кытай жана Түркия менен алакасын бекемдеп, бул тармактын бюджетин 918 миллион долларга көбөйтүп жатканын жазган.

Дагы караңыз Казакстан аскер күчүн чыңдоого киришти

Аткаминер Казакстан Украинадагы кырдаалдан баалуу сабак алганын, акчанын бир бөлүгү армияны реформалоого жана аскердик камды арбытууга жумшаларын белгиледи.

Быйыл 7-апрелде каржы вице-министри Татьяна Савельева 2022-жылы “күч түзүмдөрүнүн жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга жана техникасын модернизациялоого” 441 миллиард теңге кошумча чыгымдар каралганын билдирген. Ал белгилегендей, каражаттын көбү Январь окуясынын кесепеттерин жоюуга жумшалат.

"Азаттыктын" "2022-жылы бюджеттин өсүшүнө эмне таасир этти?" деген суроосуна Коргоо министрлиги жооп берген жок. Ал эми “кошумча бөлүнгөн акча кайда жумшалат?” деген суроого "аскер кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, күжүрмөн даярдыкты колдоого жана инфраструктураны өнүктүрүүгө" жумшалат деп жооп кайтарды.

Бюджетти көбөйтүүгө эмне себеп болду?

Аэромобилдик аскерлердин мурдагы командири (2005-2006-жылдар), "Генералдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы, отставкадагы генерал-майор Махмут Телегусов бюджеттин көбөйүшүнө Украинадагы согуш жана геосаясий көйгөйлөр таасир эткен деп болжолдойт.

"Негизинен куралдуу күчтөр эле эмес, бүтүндөй өлкө 30 жылдан бери даярданбай келген. 2005-жылы кабыл алынган “Коргоо жана куралдуу күчтөр жөнүндө” мыйзамда мамлекеттик органдардын, парламенттин, борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жада калса акимдердин милдеттери көрсөтүлгөн эле, – дейт отставкадагы генерал-майор. – Бирок өкмөт, министрликтер, акимдер көп иштерди аткарбай, убакытты өткөрүп жиберишти. Эми алар баарын толуктагысы келет. Эми мындан да жаман болот. Азыр жаңы Казакстанды куруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаңы Казакстанда жаңы куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары болушу керек. Алар биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө тийиш. Ошондуктан бөлүнгөн акча коргонуу үчүн ашыкча эмес".

Сенаттын депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин катчысы Нуржан Нурсипатов кошумча бөлүнгөн каражат аскердик техниканы жаңылоого жана окуу-практикалык иштерге жумшалат деп эсептейт. Эл өкүлү бийликтин чечимин Украинадагы согуш менен байланыштырбайт.

"Бюджеттин көбөйүшүнө инфляция таасирин тийгизди. Курал-жарактын бардык түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, аларды чет өлкөдөн сатып алабыз", – дейт депутат.

Казакстанда өтүп жаткан “Центр-2019” эл аралык армиясынын машыгууларында казак армиясынын согуштук техникалары колдонулуп жатат. 2019-жыл, 16-сентябрь.

“Тобокелдиктерди баалоо тобунун” деректири, саясат таануучу Досым Сатпаев анын себебин Январь окуясынан көрөт.

"Былтыр эле Казакстандын коргонуу бюджети көбөйөрү айтылган болчу. Бюджеттен кеткен чыгымдарды карасаңыз, Коргоо министрлигине эле эмес, Ички иштер министрлигине да эбегейсиз чоң сумма түшкөн. Буга эки жагдай: Январь окуясы жана Украинадагы согуш таасир этти деп ойлойм, – дейт саясат таануучу ишенимдүү түрдө. – Январда Токаев ЖККУну чакырып, аброюна чоң доо кеткен болчу. Ошондуктан эми элдин алдында кандайдыр бир жол менен өзүн актап алууга аракет кылып жатат. Экинчи жагынан, Казакстандын күч түзүмдөрү таптакыр жөндөмсүз экени көрүнүп калды".

Эл аралык коопсуздук боюнча магистр Эмин Жаббаровдун пикиринде, бюджеттин көбөйүшү менен Орусиянын аракеттеринин ортосунда эч кандай байланыш жок. Ал мындай чечимге Январь окуясында аскерлердин кырдаалды көзөмөлдөй албаганы таасир этти деп эсептейт.

Саясат таануучу Досым Сатпаев өлкөнүн коргонуу дараметин чыңдоо үчүн каражатты эле арбын бөлүү менен маселе чечилбейт, армиядагы коррупцияга каршы да күрөшүп, маалымат коопсуздугун камсыздоо керектигин эске салат.

"Башкача айтканда, коррупция – ар бир өлкөнүн, айрыкча Казакстандын коопсуздугуна эң чоң коркунуч келтирет, – дейт эксперт. – Негизги көйгөйлөр – коррупция, кесипкөйлүктүн жоктугу, кадрларды такыр туура эмес тандоо, жоопкерсиздик, алысыраак ойлонбой, стратегияны көрө билбестик. Баары эле бүгүнкүсүн гана ойлойт. Бийлик маалымат чөйрөсүндө туура эмес саясат жүргүзүп жатат. Казакстандын аймагында орус каналдары өздөрүнүн үгүт иштерин ачык эле жүргүзүп жатат".

Дагы караңыз Казакстандагы сурамжылоо: Орусия институтунун көздөгөнү эмне?

Армияга кандай чакырып жатышат?

Быйыл Казакстанда армиянын жазгы куроо иши катаал режимде өттү. Маалым болгондой, бир катар облустарда коргоо иштери боюнча башкармалыктын кызматкерлери студенттерди аскерге күч менен алып алып жатышат. Айрымдар өлкөнүн коргонуу дареметин арттыруу үчүн бийлик ушундай кадамга барды дешет.

Коргоо министрлиги аскер комиссариаттары мыйзам чегинде иш жүргүзүүдө, анткени жаштар медициналык комиссиядан атайылап качып жатат деп билдирди.

"Аларды алдын ала чакырып, СМС билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Бирок белгиленген убакта алар аскер комиссариатына келишкен эмес. Буга байланыштуу жергиликтүү милиция аскерден качкан жарандарды аныктоо боюнча рейд жүргүздү", – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жазында Казакстан 16 653 кишини аскердик кызматка чакырды. Жакында күзгү чакыруу башталат. Салыштыруу үчүн: 2021-жылы армияга жалпысынан 32 064, 2020-жылы 34 000 жоокер келген.

Саясат таануучу Досым Сатпаев Казакстан эмне үчүн армиянын санын эмес, сапатын жогорулатышы керектигин мындайча түшүндүрөт.

"Бул жерде Украинадан үлгү алышыбыз керек. Февралда согуштук баскынчылыкка армия эмес, аймактык өзүн-өзү коргонуу топтору такаат берди. Демек, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү армиядан эле эмес, карапайым калктан да көз каранды. Өлкөгө оор сыноо келгенде канча адам өз өлкөсүн коргоого даяр, канчасы Казакстандын улуттук кызыкчылыгына чыккынчылык кылууга даяр экендигине жараша болот".

Отставкадагы генерал-майор Махмут Телегусов жыл сайын армияда кызмат өтөөгө ниеттенген жаштардын саны азайып баратканын, ошондуктан мамлекет жаштарды шыктандыруу жолдорун ойлонушу керектигин айтат.

"Азыр колунда барлардын балдары аскерге барышпайт. Көпчүлүк учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары барышат, – дейт Телегусов. – Жаштар бир жыл аскерге баргандан көрө акчага иштеп, жакындарына жардам берүүнү каалашат. Ошон үчүн армиядан качышат. Бийлик бул муктаждыкты эске алып, жаштарга түрткү бергидей сунуш киргизиши керек. Эгерде бийлик реформа жүргүзбөсө, комиссариаттар аскерге чакырылуучуларга кысым көрсөтө берсе, кийин мындан да жаман болот".

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө аскердик кызматка жарактуу 220 миң жаран бар. Анын ичинен 35 миң адам аскерге милдеттүүлөрдүн тизмесине киргизилген.

Казак армиясынын жоокерлери Отар шаарында машыгуу учурунда, Казакстандын, 25-январь, 2019-жыл.

Акордо аскердик доктринаны өзгөртүүнү сунуш кылды

Бул окуялар жүрүп жатканда Казакстан өзүнүн аскердик доктринасын кайра жаза баштаганы белгилүү болду. Документке өзгөртүүлөр акыркы жолу 2017-жылы киргизилген. Акордо доктринага 70тен ашык өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Коомдук талкууга коюлган документте “каатчылык кырдаал”, “камдык аскер кызматы” сыяктуу жаңы түшүнүктөр камтылган. Мындан тышкары, массалык кыргын салуучу куралдар, кибер чабуул, космос мейкиндигиндеги үстөмдүк, аралаш жана маалымат согуштары жөнүндө да жазылган.

Жаңы доктринада Казакстан үчүн коркунуч туудурган бир нече факторлор көрсөтүлгөн. Мисалы:

  • Эл аралык мамилелер татаалдашып жаткан чакта дүйнөлүк жана аймактык деңгээлдеги экономикалык, саясий таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган дүйнөлүк жана региондук "державалар" ортосундагы тирешүү күчөп жатат;
  • Эл аралык укуктун эффективдүүлүгү азайып, мамлекеттер аралык мамилелерде аскердик күчтү колдонууну болтурбоо жана бөгөт коюу жагынан эл аралык коопсуздук уюмдарынын жөндөмдүүлүгү төмөндөп жатат.

Жаңы доктринаны коомдук талкуулоо аяктады, бирок документ азырынча бекитиле элек. Коргоо министрлиги жаңы доктрина 2022-жылдын аягына чейин бекитиле турганын билдирди.

2017-жылдагы доктринада Казакстан Орусия менен бирге абадан коргонууну өнүктүрөт деп жазылган эле. Бул пункт жаңы доктринада сакталып калган.
Эл аралык коопсуздук боюнча магистр Эмин Жаббаров Орусияны Казакстандын аскерий доктринасына кошууну туура эмес деп эсептейт, бирок өлкөнүн башка аргасы жок экенин түшүнөт.

"Эгер Орусия менен Казакстандын ортосундагы мамиленин чыныгы жагдайынан алып карасаңыз, анда бул жерде Bandwagoning термини колдонулат. Бул алсыз мамлекет күчтүү мамлекетке ыктайт дегенди билдирет, – деп түшүндүрөт эксперт. – Биз Орусия менен альянс түзүү аркылуу өз кызыкчылыктарыбызды коргоого аракет кылып жатабыз. Казакстан Орусияны доктринасынан чийип сала албайт. Эгерде куралдуу күчтөргө басым жасай турган болсок, муну дүйнөлүк коомчулук Казакстандын согушчул болууга аракети катары кабыл алат. Ошондуктан биз тышкы аскердик коопсуздук маселесинин кандайдыр бир бөлүгүн кароо мүмкүнчүлүгүн кошуна күчтүү мамлекетке ыйгардык. Мындай мисалдар көп. АКШ Евробиримдиктин коопсуздугун камсыздайт. Тайвань менен Жапония да АКШдан көз каранды. Тарых көрсөткөндөй, бул (аскердик документте башка өлкөнүн атын көрсөтүлөт) жакшы эмес. Эгер Орусиянын эл аралык мейкиндикте өзүн кандай алып жүргөнүн карасаңыз, мындай альянс кооптуу экени айкын болот. Кавказды, Крымды, Украинаны эстейли. Орусия эл аралык мыйзамдарды кантип бузуп жатканын көрүп жатабыз. Албетте, бул Казакстан үчүн да кооптуу. Бирок Казакстандын башка аргасы жок".

Коргоо министрлиги "Азаттыкка" берген жообунда Орусиянын абадан коргонууга катышуусу Казакстандын дараметин бекемдей турганын билдирди.

Саясат таануучулар жана коомдук ишмерлер Орусиянын Казакстандагы агрессиясына тынчсызданып жатат. Бирок расмий деңгээлде Кремль менен Акордо ШКУнун, ЖККУнун жана эки тараптуу келишимдердин алкагында кызматташууну улантуу, ошондой эле "соода-экономикалык кызматташтыкы чыңдоо" жөнүндөгү сөзүн токтоткон жок.

Ал эми жакында эле Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда Казакстандын башчысы Касым-Жоомарт Токаев “албетте, келечекте кызматташуу солгундашы мүмкүн дегенге негиз жок” деп билдирди.

Макала “Азаттыктын” казак кызматынын сайтынан которулду. Түп нускасы бул жерде.