Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Казакстандагы сурамжылоо: Орусия институтунун көздөгөнү эмне?


Георгий лентасын тагынган адамга көк лентаны сунуштап жаткан адам. Алматы, 9 май, 2022 жыл.
Георгий лентасын тагынган адамга көк лентаны сунуштап жаткан адам. Алматы, 9 май, 2022 жыл.

Орусиядагы КМШ өлкөлөрүнүн институту Казакстандын орус тилинде сүйлөгөн тургундарынан дискриминацияга кабылган жоксузбу?” деген сурамжылоо жүргүзүүдө. Москвадагы уюм мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин орус тилдүү жарандары үчүн атайын ушундай анкета даярдаган. Эксперттер Украинада согуш болуп жатканда мындай сурамжылоонун жүргүзүлүшүн постсоветтик өлкөлөр үчүн коңгуроо катары баалашууда.

Постсоветтик мейкиндикти изилдөө менен алектенген КМШ өлкөлөрүнүн институту орусиялыктардын “жакынкы чет өлкөлөрдө” жашаган “мекендештери” үчүн сурамжылоо даярдаган. Социалдык тармактарда Молдовада, Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Молдованын жикчил Приднестровье аймагында жашаган орустар жана орус тилдүү калк үчүн сурамжылоо жүргүзүлүүдө.

Сынга кабылган сурамжылоо

Бул сурамжылоого биринчилерден болуп Казакстандын жараны Татьяна Фоминова көңүл бурган. Андагы айрым суроолор ага жаккан эмес. Бирок ал “Казакстан коңшу мамлекеттин “жардамына” муктаж эмес. Эгемен Казакстандын ишине Орусиянын кийлигишүүсүнө, жада калса биз да каршыбыз” деген пикирди калтыруу үчүн анкетаны толтурган. Ал сурамжылоонун жыйынтыгы бурмаланган күндө деле адамдардын жазганы архивде сакталып калса деп ойлойт.

“Мен өзүмдү Орусия менен эмес, Казакстан менен байланыштырам жана мекенимди сүйөм. Ооба, өлкөдө чече турган көп маселе бар, менин өкмөткө суроолорум да толтура. Бирок биз ички көйгөйүбүздү өзүбүз чечип алабыз. Укугубуз тебеленип жатса, муну орустар менен орус тилдүүлөрдүн эмес, казакстандыктардын укугу бузулуп жатат деп карашыбыз керек. Мен улутума байланыштуу эч качан мамлекет тарабынан кысымга алынган эмесмин”, - дейт Татьяна Фоминова.

Сурамжылоодо респонденттердин жашы, улуту, иштеген жери, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу жалпы маалыматтардан тышкары, “Үй-бүлөңүз Казакстанда канча жылдан бери жашайт?”, “Казактар менен мамилеңиз кандай?”, “Казакстандагы жашооңузга канааттанасызбы?”, “Улуттук жана тилдик өзгөчөлүгүңүз үчүн сизди басмырлаган учурлар болду беле?” деген суроолор бар.

Айрыкча, окурманды төмөнкүдөй суроолор ойлондурат: “Казакстанда жашаган орусиялыктардын мекендештери өздөрүн толук кандуу жаран катары сезиши үчүн эмне кылуу керек?”, “Сиздин оюңузча, орусиялыктардын укугун коргоодо кайсы ыкма майнаптуу деп ойлойсуз?”, “Казакстандын бийлиги орус тилдүү жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн кошумча мыйзам же чечим кабыл алышы керекпи?”.

Акыркы суроонун жообуна “Мамлекет Орусия менен орус тилдүү калк үчүн кош жарандуулук боюнча келишим түзүшү керек” деген жооп бар. Казакстанда кош жарандуулукка тыюу салынган.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жана Молдованын жикчил Приднестровье аймагында да ушундай эле сурамжылоолор жүрүп жатат. Болгону “Казак” жана “Казакстан” деген сөздөр гана өзгөртүлгөн.

КМШ өлкөлөрү институтунун директорунун орун басары Александра Докучаева “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына телефондон жооп берип жатып, мындай сурамжылоо КМШ өлкөлөрүнүн жарандары арасында 2014-жана 2017-жылдары жүргүзүлгөнүн билдирди.

“Бул анонимдүү сурамжылоо. Биз аны толтургандардын жашы жана жынысы сыяктуу жалпы маалыматтардан башка жеке маалыматты албайбыз. Башкача айтканда, белгилүү бир адамга байланышпаган гана маалыматтар. Ушундай оор мезгилде мекендештерибиз кандай абалда экенин билгибиз келди. Сурамжылоо жүргүзүлгөн өлкөлөрдө баары ойдогудай болсо, мекендештер үчүн кубанабыз. Ал эми сурамжылоонун жыйынтыгында Орусияга байланыштуу талаптар болсо, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун карайбыз. Эгерде мекендештерибиз жашаган мамлекетке нааразы болсо, биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылабыз. Анткени Орусия өзүндө эле эмес, постсоветтик өлкөлөрдө туруктуулук болушун каалайт. Бизде чече турган көптөгөн көйгөйлөр бар жана Орусияга жаңы баш оорунун кереги жок. Ошондуктан муну алдын алуу, ашыкча чыңалууну болтурбоо үчүн жасалган чара деп эсептесе болот”, - дейт Докучаева.

Бирок сурамжылоонун анонимдүүлүгү да күмөн жаратат. Себеби, аны толтуруу үчүн адам Google аккаунту менен кириши керек. Мындай учурда анонимдүүлүктү сакташ үчүн киши жалган маалыматтар менен гана жаңы почта ачып ошону менен суроолорго жооп берүүгө туура келет.

Константин Затулиндин демилгеси

Сурамжылоону даярдаган КМШ өлкөлөрүнүн институту 1996-жылы түзүлгөн. Мекеменин расмий сайтында институттун негизги милдети постсоветтик мейкиндикти изилдөө, Орусиянын чет өлкөлөрдөгү тышкы саясий ишмердүүлүгүнө илимий-эксперттик, коомдук-саясий колдоо көрсөтүү, мурдагы СССРдин аймагындагы саясий чыр-чатактарды чечүү, алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо экени жазылган.

Институттун сайтындагы материалдарга караганда, “илимий мекеме” Орусиянын Украинадагы “атайын аскердик операциясын” колдоп жаткандай. Орус бийлиги анын коңшу өлкөгө басып киришин “согуш” деп атоого тыюу салган.

Жакында сайтына жарыяланган материалдардын арасында “Киев орустардын колуна өтпөсө, тынчтыктын эмне кереги бар?” деген макала бар. Анда КМШ өлкөлөрүнүн институтунда өткөн “тегерек үстөл” тууралуу айтылат. Чогулгандар “Киевге мамлекеттүүлүк керек эмес, Украина Орусиянын аймагы” деген пикирлерин айтышкан. Бул макаланы илимий же ага окшош материал деп айтуу кыйын. Аны институттун орус чиркөөсү менен байланыш бөлүмүн жетектеген Кирилл Фролов жазган.

КМШ өлкөлөрүнүн институтун негиздеп, аны ачылгандан бери жетектеп келе жаткан Константин Затулин Мамлекеттик Думанын депутаты. Ал жакында эле Мамлекеттик Думада “Орусиянын чет өлкөдөгү мекендештерге карата мамлекеттик саясаты жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын сунуштаган. Анда “Орусиялык мекендештер” деген түшүнүк бар. Долбоор кабыл алынса, жакындары Орусияда туулуп-өскөн жарандар менен катар “Орусиянын маданий өзгөчөлүгүн” сактаган, орус тилин билген адамдар да “мекендештердин” катарына кошулат.

Константин Затулин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев июнь айында Санкт-Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда “Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбайт” деген билдирүүсүнө кылган реакциясы менен эсте калды.

Константин Затулин.
Константин Затулин.

Ал казак президентинин бул сөзүнөн кийин “Говорит Москва” радиосунун эфиринде “Токаевдин аракеттери туура эмес” деп айтып, “Эгерде Орусия менен Казакстандын мамилеси бузулса, Украина менен болгон сценарий кайталанышы мүмкүн” деген.

“Алар орус тилдүү калкы көп бир нече облустар менен калктуу конуштардын Казакстанга тиешеси жок экенин жакшы билишет. Эгерде биздин ортобузда достук, кызматташтык байланыштар түзүлсө, аймактык маселе жаралбайт. Ушундай эле сөздөр Украинага тиешелүу да айтылган. Эгер андай болбосо, баары мүмкүн. Ошондуктан Казакстандагы ушул жана башка жагдайларга көңүл бурушубуз керек деп эсептейм”.

“Адамдардын пикирин калыптандыруу аракети”

“Азаттыктын” өтүнүчү менен PaperLab изилдөө тобунун эксперти, казакстандык социолог Серик Бейсембаев КМШ өлкөлөрүнүн институту тарабынан даярдалган сурамжылоо менен таанышып чыкты. Ал “Баары контексттен көз каранды. Сурамжылоо 24-февралга чейин (орус армиясы Украинага басып кирген күнү — ред.) өткөрүлсө, муну эч ким байкамак эмес”. “Бирок Орусия Украинага каршы согуш ачып, Москвада жогорку даражалуу адамдар империялык билдирүүлөрдү жасап жаткан учурда бул сурамжылоо жөн-жай көрүнбөйт”, - дейт эксперт.

“Респонденттерге СССРдин бардык жарандары жана алардын урпактары “Орусиялык мекендештер” категориясына кирери айтылып жатат. Сурамжылоонун катышуучуларына “Сиз бул аныктама менен макулсузбу?” деген тандоо берилиши керек. Мындай тандоонун жоктугу изилдөө этикасына каршы келет жана сурамжылоо коомдук пикирди изилдөө үчүн эмес, жарандардын белгилүү бир пикирин калыптандыруу үчүн уюштурулганын көрсөтүп турат. Бул жагынан алып караганда, 24-суроо таптакыр абсурд. “Орусиялык мекендештериңиздин арасында болуу кандай сезим калтырат?” деген суроого “Мен өзүмдү орусиялык мекендештердин катарына кошпойм” деген жооп жок”, - деди Серик Бейсембаев.

Серик Бейсембаев.
Серик Бейсембаев.

Ал эми саясат таануучу Димаш Алжанов КМШ өлкөлөрүнүн институту жүргүзгөн интернет-иликтөөнүн коомдук мааниси жок, бирок аны саясий максатта колдонууга жол ачат деп эсептейт.

“Орус бийлигинин маалыматтык чабуулдарын жана орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Казакстанда орустар кысымга алынып жатат деген теманы көтөрүү аракетин эске алганда, Путиндин режими коңшулаш мамлекеттердин элинин ортосунда жик салууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Орусия Украинада да ушундай эле сценарий менен кетип, жада калса орусиячыл саясий партиялар да түзүлдү. Орусия саясий же экономикалык жактан ийгиликтүү өлкө деп эсептелбейт. Интеграциялык долбоорлорго кызыгуу да азайды. Мындай шартта Кремлдин мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдү бөлүп-жарып, “кысымга алынган мекендештер” темасын көтөрүүдөн башка жолу жок”.

Акыркы жылдары орусиялык саясатчылар, коомдук ишмерлер Казакстанга каршы билдирүүлөрдү жасап, коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.

2020-жылдын декабрь айында “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Вячеслав Никонов “Биринчи каналдын” эфиринде Казакстандын аймагын “Орусия менен Советтер Союзунун чоң белеги” деп атап, “Түндүк Казакстанда эч ким жашаган эмес” деп айткан. 2021-жылы ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Российская газета” басылмасында Казакстанда орус тилдүү жарандарга карата ксенофобия бар деп билдирген.

Жакында эле Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин СССРдин чек арасын калыбына келтирүү тууралуу социалдык тармакка жарыялаган посту Казакстан менен Грузияда нааразылык жараткан. Медведев бул билдирүүнү өзү жазбаганын, анын баракчасын хакерлер бузуп киргенин айткан.

XS
SM
MD
LG