Казакстан: 5 адам куралдуу топ түзгөн деп айыпталды

Террорчу деп айыпталгандар: Асылбек Оралбеков, Мейрамбек Мейрамбаев, Сарсенбек Баймуратов, Нурбек Өксикбаев, Галымжан Ескалиев сот залында.

21-февралда Казакстандын Ак-Төбө облусунда жергиликтүү беш тургун террорчулук кылды деп айыпталып, түрдүү мөөнөткө соттолду.

Алар былтыр 29-июлда Ак-Төбө облусунун Кызыл Жар поселогунда исламчыл куралдуу топко каршы өткөрүлгөн операция учурундагы жардырууга байланыштуу кармалган эле. Жардыруудан исламчыл деп шектелген топтун эки мүчөсү жана бир полициячы курман болгон.

Ак-Төбөдө соттолгон беш казак жараны мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн жана былтыр июлда Кызыл Жар поселогунда болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. 29-июлда поселокто коопсуздук күчтөрү куралдуу топко каршы операция өткөрүп жатканда жарылган бомбадан исламчы деп шектелген эки адам жана полиция кызматкери жайран болгон.


21-февралда Ак-Төбө облусунун райондор аралык соту сөз болуп жаткан топтун ана башы, 20 жаштагы Асылбек Оралбековду Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча 13 жылга катаал режимдеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөсүн деп өкүм чыгарды.

Өкүмдү окуган судья Шапагат Алнияз беш айыпкерди “радикалдуу ислам багытындагы чакан аскерий топтун мүчөлөрү” деп атады.

Калган төртөө беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылганын “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Жаңагүл Жүрсүн кабарлады.

Бул иш боюнча бардыгы 12 адам кармалган эле. Алардын жетөө айыбын мойнуна алып, тергөөгө жардамдашканы үчүн жоопкерчиликтен бошотулганы сотто маалымдалды.

2010-жылдын май айында Асылбек Оралбеков башында уюшулган топтун максаты мусулмандарды бийликке каршы согушка чакырып, мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн каруу-жарак да камдаганы сотто айтылды.

Соттолгондордун экөөнүн адвокаты Төлөгөн Молдобаев өкүмгө ынанбаганын жана азырынча өз кардарлары менен сүйлөшө элегин билдирди.

Казакстандык серепчи Айдос Сарымдын айтымында, ислам экстремизми деп аталган сот иштерине жарандык коом өтө кылдат мамиле жасоого тийиш, себеби милиция жана сот кызматкерлеринин диний билими терең эмес.
Серепчи ошол эле учурда экстремисттик уюмдарга алдангандарды чет өлкөдөн атайын максат менен келген исламчылардан бөлүп кароо керек дейт. Анткени абакта исламчылар максатынан кайтпайт, ишмердигин токтотпойт.

Өткөн 2011-жыл Казакстанда исламчыл уюмдардын жандандуусу байкалды. Май айында пайда болгон “Халифаттын сарбаздары” уюшмасы Казакстанда Ислам динин жайылтуу үчүн бел байлаганын жана коомдук жайларда мусулмандардын намаз окуусуна тыйуу салууга каршы аракеттенерин ачык шарданалаган.

Сарбазчылар 31-октябрда Атырау жана 12-ноябрда Тараз шаарларында болгон жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алган. Тараздагы калабада беш полициячы жана эки жолоочу курман болгон. Мына ушундан кийин бийлик “Жунд ал-Халифа” (Халифаттын сарбаздары) уюмун мыйзамсыз деп жарыялаган.

Октябрда “Казак мужахиддини” деген куралчан топ да мусулмандарды жихадка үндөгөн тасманы интернетке жайгаштырган.

Бир катар серепчилер, анын ичинде алматылык Досым Сатпаев жумушсуз жаштар экстремисттик уюмдарды ээрчип кетип жатат деп боолгойт. Анын баамында, президент Назарбаев да оппозициячыл күчтөрдү Өзбекстандагыдай кысмакка алып жатып, экстремисттерге кошулганга арагасыз кылууда.