Дарига Назарбаева кайрадан сахнада

Дарига Назарбаева Москвадагы эл аралык музыка үйүнүн сахнасында ырдап жаткан учуру, 2008-жылдын 3-июну.

Казак президентинин кызы Дарига Назарбаева төрт жылга созулган тыныгуудан кийин кайрадан чоң сахнага чыгып, 1-декабрда Москвадагы Чоң театрда концерт берди.
"Салем, Россия" деп аталган концертте Дарига казак, орус жана чет элдик атактуу композиторлордун чыгармаларын аткарды. Музыка таануучулардын баамында, Дарига Назарбаеванын чынында эле абдан терең жана күчтүү меццо-сопрано добушу бар. Атайын музыкалык билими болбосо да, казак президентинин таланттуу кызы кийин жакында вокал (ырчылык өнөрдү, добушту таптоо) боюнча сабак алып, табигый шыгын, музыкалык жөндөмүн өөрчүтүп, кыйла тарбиялап алган.

Александра Пахмутова: "Нежность" - Дарига Назарбаеванын аткаруусунда




Дарига бул жолку концертин Казакстан эгемендигинин 20 жылдыгына арнап, Москвадагы дүйнөгө таанымал маданий ордо – Чоң театрдагы бенефисине билеттерди саттырбай, өзү тандаган байлыгы, бийлиги, жок дегенде атагы бар адамдарга чакыруу кагазын жөнөтүп, меймандар жылуу тосулуп алынды. Ушундай эле концертин ал 14-декабрда Астанада берүүгө камданууда.

Концерттен кийин белгилүү ырчы Иосиф Кобзон айткандай, “Дарига Назарбаеванын ырчылык таланты атасынын калдайган көлөкөсү астында басылып калган. Эгерде ошол көлөкө азыр да басып турбаганда, Дариганын добушу азыркыга караганда кыйла кубулуп жаңырып, далай сахнаны багындырмак”.

Дарига Назарбаева мурдагы күйөөсү, ушу тапта Венада баш калкалап жүргөн бозгун Рахат Алиевдин тегерегинде жаңжал башталган төрт жылдан бери коомчулукка көп чыкпай, көз жаздымда калган эле. Эми минтип маданий майданда гана бугун чыгарбастан, Дариганын ысымы Казакстанда 15-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоодо атасы уюштурган “Нур-Отан” партиясынын тизмесине да киргизилди. Ошентип, президент Назарбаевдин тун кызы чоң саясий жарыш алдында элге өзүнүн көп кырдуу талантын ачып көргөзө баштады.

Орусиялык айрым маалымат каражаттары Москвадагы атактуу Чоң театрдан жакында эле азыркы орус балетинин жылдыздары Наталья Осипова менен Иван Васильев таарынып кетип калышканын, жаңжалга илээшкен театрдын сахнасын эми казак президентинин эрке кызы ээлеп, орус маданиятынын чыныгы устаттары майдараак сахнага көчүшкөнүн өкүнүч коштой жазып жатышты...