Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

КАЙНАТАСЫНАН БАК ТАЛАШКАН КҮЙӨӨ БАЛА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен анын күйөө баласы Рахат Алиевдин ортосундагы чатак, стабилдүүлүктүн жана өнүгүүнүн регионалдык мисалы катары аталып жүргөн Казастандагы абалды солкулдаткандай болду.

Май айында президент Назарбаев өлкөнүн конституциясына оңдоо киргизүүнү сунуш кылып, парламент ал сунушту бекитти. Баш мыйзамга киргизилген оңдоолорго ылайык, Казакстандын президенттигине эки мөөнөттөн ашык убакытка шайланууга уруксаат берилбейт. Айрым бийлик ыйгарымдары президенттен парламенке өткөрүлүп берилет. Бирок, ошону менен бирге эле өлкөнүн алгачкы президенти Нурсултан Назарбаевге канча кааласа ошончо убакыт президент болуп кала берүүгө уруксат этилет.

Бул чечимге президенттин тактысына отурууну эңсеп жүргөн күйөө баласы Рахат Алиев каршы чыкты. Казакстандын Австриядагы элчиси болуп иштеп жүргөн Рахат Алиев, 2012-жылы боло турган президенттик шайлоодо талаптана турганын билдирди. Көп өтпөй ал президенттин жарлыгы менен элчилик кызматынан четтетилип, андан соң Венада камакка алынган. Ага Нурбанк менен өзү жетектеген Казак банкынын менеджерлерин уурдап кеткен, деген айып тагылды.

12 - июнда болсо Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева, күйөөсү Рахат Алиев менен
расмий түрдө ажырашкандыгын кабарлады. Венада камакта отуруп, андан соң бир миллион евро күрөө акча менен үй камагына чыгарылган Алиев аялы аны бул жөнүндө факс менен жиберген каты аркылуу кабардар кылганын ырастады. Рахат Алиев ажырашууга каршы экенин, ажырашуу документтерине коюулган кол аныкы эмес экенин кошумчалады. Азыр Австриянын бийликтери Алиевди Казакстанга өткөрүп берүү маселесин карап жатат. Казакстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Багдад Кожакметов, азыр Казакстандын укук органдарынын кызматкерлери Венада чечим чыгарылышын күтүп жатканын маалымдады.

Алиевге байланыштуу окуя боюнча өткөн бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Нурсултан Назарбаев анын күйөө баласына коюулуп жаткан айыптоолор, Казакстандын бардык жарандары мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликке тартыла турганын ырастаарын айтты. Бул окуя мен үчүн да менин үй бүлөм үчүн да оңой боло койгон жок, деп айтты ал.

Бирок, аналитиктер бул баардык жарандар мыйзам алдында бирдей деген принциптин аткарылышы эмес эле, Казакстандын элиталар арасындагы жана бир үйбүлө ичиндеги бак талашуу чатагы экенин, мындай абал мунайга жана газга бай Казакстандын туруктуулугуна терс таасир кыла турганын айтып жатышат.

Адам укуктары жана мыйзам бийлиги аттуу эл аралык бюронун Казакстандагы өкүлү Евгений Жовтис, Союз кыйраган 15 жылдан бери Назарбаев Казакстанды жылгыз башкарып, өзүнөн кийин ырааттуу кызмат кыла ала турган башкаруу системасын өнүктүрбөгөнүн, өлкөдө Назарбаевдин ордун баса ала турган саясатчы жок экенин билдирди. Назарбаев башкара турган кадрларды даярдабастан, өзүнүн айланасында вакуум түздү. Абал ушунусу менен кооптуу, дейт укук коргоочу Жофтис.

XS
SM
MD
LG