Кытайдан көчүп келген казак кайрылмандары бул аптада экинчи жолу бийликке жардам сурап кайрылышты. Алматыда маалымат жыйынын өткөргөн ондогон адам Кытайда калган жакын туугандары саясий тарбия берүүчү лагерлерде негизсиз кармалып, кысым көрүп жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, андай лагерлерде жашы 70тен ашкан карыялар да, балдарынан ажыратылган апалар да отурат. Казакстандан Кытайга барып келем деп кетип, кайтпай калгандары да бар.
- 2017-жылдын декабрь айында Кытайга кеткен. Акыркы жолу кабарлашканымда атам лагерге кеткенин уккам. Өзүм болсо документим жок, өтө албай жүрөм, - дейт Казакстанда атасын күткөн Акжол аттуу өспүрүм.
Эки күн мурда кайрылмандар жана аларга колдоо көрсөткөндөр Алматы шаарындагы Кытайдын консулдугуна барып, нааразылыгын билдиришкен. Бирок алардын арызын алууга консулдуктан эч ким чыккан эмес.
Жума күнү маалымат жыйынын өткөргөндөр Кытайдын казактар байырлаган Сауан аймагында эле саясий лагерде отурган үч миңдей адамдын тек-жайы аныкталганын айтышты.
- Менин атам, апам жана эки иним саясий лагерде жатканына мына жарым жыл болду. Атам 70те, апам 60та. Экөөнүн тең ден соолугу жакшы эмес. Төртөө тең негизсиз кармалып турушат, - дейт Кытайдан келип, Алматыда жашап жаткан Акикат Калиолла.
Алматыда маалымат жыйынын өткөргөн казак кайрылмандары Казакстандын бийлигине жана Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу жолдоп, Кытайда камакта жаткан жакындарын бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Кытайда этникалык казактар куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар дээрлик эки жылдан бери байма-бай айтылып келет. Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов 170ке чукул этникалык казак тууралуу маалымат бар экенин, алардын ар бири боюнча иш жүргүзүлүп жатканын айткан.
Апта башында “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайда этникалык уйгурлар менен казактар сыяктуу улуттук азчылыктардын укугу бузулуп жатканын билдирип чыккан. Уюмдун Кытай боюнча директору Софи Ричардсон саясий лагерлерде этникалык кыргыздар жок деп да так кесе айта албай турганы билдирген.
- Алар [Кытай бийлиги] негизинен түрк тилинде сүйлөгөн, ислам динин карманган уйгур азчылыгын бутага алып жатат. Бул топ Шинжаң калкынын жарымына чукулун түзөт. Бизде ошондой эле казактар сыяктуу башка этникалык топтордун жапа чегип жатканы боюнча да далилдер бар. Жарандардын Бээжиндин саясатын жетиштүү деңгээлде колдобогону - Кытай бийлигине шектенүүгө негиз берген башкы критерий. Башка улуттун өкүлү болуу жана өзүн башка маданияттын өкүлү катары көрсөтүүнүн өзү эле Бээжиндин саясатын колдобоо катары кабыл алынып жатат.
Августа айында БУУнун Расалык басмырлоого каршы комитетинин Женевадагы жыйынында Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллионго чукул уйгурлар кармалып турушу мүмкүндүгү айтылган.
Бирок кытай бийлиги улуттук азчылыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, Шинжаңдагы коопсуздук чараларын туруктуулукту жана тынчтыкты орнотуу аракети деп мүнөздөгөн.
Жакында Кытайдан Казакстанга качып келип, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн шарттуу кесилген этникалык казак Сайрагүл Сауытбайдын соттук ишинде да саясий лагерлердин маселеси көтөрүлгөн. Сауытбай өзү мындай лагерде иштегенин, аты башкача болгону менен алар кадимки эле түрмө экенин, ал жерде этникалык казактар да бар экенин айтып берген. Казак соту Сауытбайды Кытайга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.