Гуантанамо туткундары Казакстанга келди

АКШ Гуантанамо түрмөсүнөн беш туткунду Казакстанга жөнөттү. Казак бийликтери аларга качкын макамы бериле электигин билдирүүдө. Жаңы жылдын так алдындагы бул кабар Казакстанда aйрымдардын бүйүрүн кызытууда.

АКШ Кубадагы аскер абагынан беш туткунду Казакстанга жибергени 30-декабрда маалым болду. Бул туткундардын үчөө Йеменден, экөө Тунистен. Алар АКШ көзөмөлдөгөн Гуантанамо Бей түрмөсүндө он жылдан ашык отуруп чыгышты. Алар убагында "ал-Каида" террордук уюму менен алакалаш исламчыл согушкерлер деген шек менен Пакистанда колго түшүрүлгөн эле.

Өз билдирүүсүндө Пентагон бешөөнү Казакстанга жөнөтүү тууралуу чечим «бир добуштан» кабыл алынгандыгын бышыктаган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул адамдар АКШ бийликтери тарабынан «айыптоо үчүн жетиштүү негиз болбогондуктан» бошотулгандыгын билдирди. Министрликтин маалымдамасында, Казакстан аларды «өздөрүнүн жеке кайрылуусу жана Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын тийиштүү өтүнүчү менен катар Казакстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин жана гуманитардык себептердин негизинде» кабыл алып жаткандыгы айтылды.

Гуантанамо Бей

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин кабарлашынча, бул бешөөнө качкын макамын берүү тууралуу чечим али кабыл алына элек. Алардын иши Казакстандын Ички иштер министрлигинин негизинде жана Казакстандын мыйзамдарына ылайык каралмакчы. Ал эми чыгымдарын эл аралык уюмдар көтөрө турган болууда. Мунун алдында Ооганстандын өкмөтү Гуантанамодон төрт ооган жараны чыгарылганын бышыктаган.

Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңешинин мүчөсү Казы Мухамад Амин Вакад «төртөө талиб бийлиги тушунда жогорку кызматтарда болгонун, ошондуктан АКШнын өкмөтү аларга издөө салып, Гуантанамого камаганын» билдирди. 20-декабрдагы сөзүндө ал «төртөөнүн эркиндик алышы ооган жергесинде тынчтык орнотууга салым кошот» деген үмүтүн кошумчалап, Гуантанамодо кала берип жаткан башка оогандар да бошотулат деген үмүтүн билдирген. Бирок Вакад Гуантанамодо кала берип жаткан 130га чукул туткундун канчасы оогандар экендигин айтуудан баш тарткан. Анын сөзүнө караганда, кыязы бошотулган оогандар өз мекенине кайтат. Ал эми андан мурда, ноябрда Гуантанамодон чыккан беш туткун Грузияга жана Словакияга жөнөтүлгөн эле.

Гуантанамодо «күнөөсү далилденбей, бирок коопсуздук абалга» байланыштуу өз мекендерине жиберилбей турган дагы башка туткундар бошотулууда.

Гуантанамонун жабылышын талап кылган активисттер

Гуантанамо туткундарын башка өлкөлөргө өткөрүп берүү АКШ президентинин бул талаштуу түрмөнү жабуу далалатынын чегинде жүргүзүлүүдө. Бул түрмө 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин ачылган болчу. Аны укук коргоочулар
«мыйзамдык кара тешик» деп сынга алып келишет.

Пентагон Казакстанга жөнөтүлгөн тунис жарандары Абдел ал-Хакеми жана Абдулла Бин Али Ал-Луфти, ал эми йемендик туткундар Асим Табит Абдулла ал-Халаки, Мухаммад Али Хуссайн Канайна жана Сабри Мухаммад Ибрахим ал-Кураши экендигин маалымдаган.

Мындан бир нече күн мурда Гуантанамону жабуу боюнча президент Барак Обаманын атайын элчиси Клифф Слоан кызматынан кеткен эле. Айрым маалыматтарга караганда, Слоан туткундарды бошотуунун өтө жай жүрүп жаткандыгына абдан нааразы болуп келген. Мындай бошотууну Пентагон жактырышы керек.

Пентагондун мурдагы жетекчиси Чак Хейгелге өз кезегинде Ак үйдөн Гуантанамону тез арада бошотуу боюнча кысым болуп келген. Хейгел ноябрда иштен кеткен эле.

Казак бийликтери акыркы жылдары Казакстандын өзүндөгү исламчыл фундаменталисттерге карата катаал чараларды көрүп келатат. Өкмөт сынчылары "исламдык согушкерлер коркунучу деген шылтоо менен Назарбаевдин бийлиги өз оппоненттерин кысымга алат" деп келишет.

«Террорчулар» деп шектелген, мухиттин ар жагындагы түрмөдөн бошотулгандарды Казакстанда айрымдар шектенүү менен кабыл алды. "Азаттыктын" казак кызматынын сайтындагы комментарийлердин дээрлик бардыгы терс маанайда экендиги байкалды. Окурмандардын бири "бизде өзүбүздүн талиптердин ачык да, тымызын да колдоочулары жетиштүү" деп жазган.