Тарыхты өзгөрткөн Айсулуу

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткандан кийин. 

Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти

Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган

Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештерде Айсулуу Тыныбекова төрт беттеште жеңишке жетти.

Тыныбекова менен түндүк кореялык Жоң Сим Рим менен күрөшүп жаткан учуру.

Aisuluu Tynybekova

Балбан кызды колдоп келген күйөрмандар.

62 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Тыныбекова мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңген. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, аны да жеңди.

 

Айсулуу жана анын атаандашы Жоң Сим Рим беттештен соң.

Тыныбекованын чейрек финалдык беттеши. Мында украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык таймашта күч сынашууга укук гана эмес, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды. 

Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан кыргызстандык алгачкы балбан кыз.

Жарым финалдык беттештин биринчи айлампасында Тыныбекова беш упай менен алдыга чыкты. Экинчи айлампада дагы эки упайга ээ болуп, жеңишин бекемдеди.

Жарым финалга чейин Айсулуу Тыныбекова үч беттеш өткөргөн.

Айсулууну колдогон күйөрмандар.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков (ортодо) Айсулуунун күрөшү учурунда. 

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта алтын байге үчүн таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.