Казакстан Денис Тен менен коштошту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандын Алматы, Астана шаарларында белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өттү. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки адам кол салган. Денис Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.