Украина: Бучадагы казак боз үйү

Бул боз үй - "Сынбас" пункттарынын бири. Жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз болгон мындай пункттар Украинанын ар кайсы аймактарында бар. Бирок боз үй тибинде биринчи жолу ачылып атат. 

Орусиянын ракеталык аткылоосунан улам Украинанын электр энергия тармагы кризиске учурады. Бийлик жарандар жылынып, жылуу тамак ичип жана уюлдук телефондорун кубаттап алышы үчүн ушундай пункттарды ачып жатат. 

 

Казакстандык ыктыярчы боорсок жасап жатат. Буча, Украина. 2023-жыл.

Украинанын ар кайсы аймагында мындай боз үйдөн дагы алтоону тигүү пландалууда. 

Казак элинин улуттук кийимин кийген ыктыярчы. 



 

Орусиялык аскерлер басып алган Буча шаары 2022-жылдын апрель айында бошотулган. 

Пунктка келген ар бир кишиге боорсок жана сүт кошулган чай сунушталат. 

Украинанын маалымат каражаттары жазгандай, "Сынбас" пункту Казакстандын Украинадагы элчилигинин колдоосу жана боорукер жарандардын демилгеси менен ачылган. 

Боз үйдүн ички көрүнүшү. Буча, Украина. 

Орусиянын аткылоосунан кыйраган Киев облусундагы Буча шаарында казак коому "Сынбас" пунктун ачышты. Көчмөндөрдүн кадимки боз үйүндө Бучанын жашоочулары жылынып, казак элинин улуттук тамак-аштарынан даам тата алат.