2023-жылы декабрь айында Орусиянын бир катар аймагы жана элине арналган интернет коомчулуктарында «монгол картасын» түзүү идеясы көтөрүлө баштады. Бул демилге калмыкиялык Жангар Тюрбеев башында турган (United Mongols Development Foundation) “Бириккен монгол өнүктүрүү фондунун” активисттер тобуна таандык.
Долбоордун максаты – Монголияда постсоветтик мамлекеттерден келген монгол тилдүү жана башка тектеш элдердин өкүлдөрүнө монгол улутуна тийешесин расмий ырастаган документти алууга шарт түзгөн жаңы мыйзамды кабыл алдыруу болуп саналат.
Ушул тапта бул демилгени колдоо үчүн эл аралык Change.org жана монголдук United Info Hub аттуу эки платформада кол топтолуп жатат. Петицияга ушул тапта эки миңдей киши кол койду. Бир жума мурда Тюрбеев бурят журналисти Анна Зуеванын каналында “монголдун картасы” тууралуу түз эфир уюштуруп, 17 миң көрүүчү топтогон.
"Орус эмес" эмиграция
Украинада согуш башталган соң Орусияда репрессиялардын күчөшү жана 2022-жылдын күз айларындагы «жарым жартылай» мобилизация орусиялыктардын бир нече ирет сыртка агылуусуна түрткү берди. Алардын көпчүлүгү Түштүк Кавказ жана Борбор Азия мамлекеттеринде отурукташты. Бул өлкөлөр аларды географиялык жана маданий жакындыгы, орус тилинин кеңири пайдаланылышы, жылуу климаты, салыштырмалуу арзандыгы жана мыйзамдуу жүрүү шарттарынын жөнөкөйлүгү менен кызыктырды. Социологдор Армения жана Грузиядагы орустардын арасында Москвадан жана Санкт-Петербургдан келгендер басымдуу экенин белгилешет.
Монголияда абал таптакыр башкача десе болот. Бул өлкө СССРдин таасиринде болгону менен, эч качан анын курамына кирген эмес. Өлкөдө орус тилин улуу муундун гана айрым өкүлдөрү билет. Монголияны "релоканттар" арасында популярдуу болгон өлкөлөрдөн айырмалап турган бир нече белгилери бар: кышында өлкөнүн борбор шаарында суук -30 градуска чейин болот, орусиялыктар узак убакытка калуу үчүн жашап туруу укугун (ЖТУ) жумуш же окууга келди деген негизде алышы керек, бул жерде эч ким «түбөлүк турист» боло албайт.
Катардагы орус эмигранты үчүн кызыксыз көрүнгөндөй сезилгени менен, Монголияда бүгүнкү күндө кеминде бир нече миң Орусиянын жараны жашайт. Соңку эки жыл аралыгында келгендердин көпчүлүгү - этникалык калмактар, буряттар жана тывалар.
«Менин монгол тааныштарым 2022-жылы сентябрь айынын соңунда Улан-Батор кадимкидей эле орусташып калгандай көрүнгөнүн айтышты. Жергиликтүүлөргө окшобогон кишилер көчөлөрдө топтошуп жүргөн. Бирок бул көрүнүш бат эле өзгөрүп, бир-эки айда эле дээрлик бардык орустар кетип калган. Кай бири Орусияга кайткан, айрымдары Монголияны башка «кызыктуураак» өлкөлөргө өтүү үчүн жол катары гана пайдаланган. Бул жерде негизинен Монголияга буга чейин эле кандайдыр бир байланышын сезгендер – биринчи кезекте буряттар жана калмыктар калды», - дейт социолингвистка жана миграцияны иликтөөчү Влада Баранова.
Орусиянын курамындагы Калмыкия менен Бурятияны төрт миң километрден ашык аралык бөлүп турат. Бирок алардын маданияты негизинен окшош, бири-биринин тилин түшүнөт. Калмактар менен буряттарды монгол эли деп аташат, алардын тили монгол тилдеринин тобуна кирет. Эң ириси - халха, Монголиянын мамлекеттик тили болуп саналат. Адатта аны жөнөкөй эле монгол тили деп аташат.
Эгер орус улуттук саясатынын логикасы боюнча калмактар менен буряттар жөн гана бири-бирине жана монголдорго тууган эл катары саналса, Монголияда аларды бирдиктүү монгол улутунун бөлүгү катары кабылдашат.
Баранованын айтымында, көпчүлүк калмактар менен буряттар муну билет жана мындай мамилени баркташат. Орусияда жашап жатып ар кандай басмырлоого туш болуп, тили жоголуу коркунучунда турган түпкүлүктүү эл кайсы бир алыс жакта «өзүнүн» улуттук мамлекети болуп, монголдорго монгол болууга эч ким тоскоолдук кылбаганы тууралуу ойлонгусу келет.
Макам маселеси
Орусияда «жоголгон» туугандары жөнүндө Монголиянын тургундары дагы билет. Владимир Путин «жарым жартылай мобилизация» жарыялаганда, бир катар монгол саясатчылары жана коомдук ишмерлер согуштан сактап калуу үчүн калмак, бурят жана тываларды Монголияга көчүп келүүгө чакырган билдирүү жарыялаган. Тывалыктар түрк тилдер тобунда сүйлөгөнү менен, бул тизмеге монголдор менен маданий жана тарыхый байланышы, жалпы дини буддизм болгону үчүн кирген.
«Бул кандуу согушта Орусияда жашаган этникалык азчылыктар баарынан көп жабыркай турганын мен билем. Бурят, тыва, калмык монголдору катуу эле жабыркады, аларды окко салып берип жатышат. Миңдеген киши жараат алып, жүздөгөнү өлдү. Биз, монголдор, силерди кучак жайып, журөгүбүздү ачып тосуп алабыз», - деген Монголиянын мурдагы президенти Цахиагийн Элбэгдорж 2022-жылы 23-сентябрда.
Монголиянын Говь-Алтай аймагынын башчысы Очирбатын Амгаланбаатар да таасирдүү кайрылуу жасаган. Ошол эле жылы 4-октябрда ал видеокайрылуу жасап, мобилизацияга байланыштуу Монголияга келген монгол тектүү туугандарга бир ай бекер батир берип, тил курстары, жумуш жана бизнес ачуу боюнча сунуштарды убада кылган.
Орусияда «жарым жартылай» мобилизация жарыяланган кезде, монгол бийлиги өлкөгө келе тургандар үчүн жалпы улуттук деңгээлде жеңилдиктерди киргизген. 30-сентябрда иммиграциялык кызматтын директору Нэргуйн Ууганбаяр жашап туруу укугун (ЖТУ) берүү шартын убактылуу жеңилдетүү жөнүндө маалымат берген. Буга чейин Монголияда узак мөөнөткө калгысы келген орусиялыктар өлкөгө кирер алдында атайын виза сурашы керек болчу. Эми өлкөгө визасыз турист катары келгендер үчүн Монголиянын ичинде бул документти алуу шарты түзүлдү.
Бул жеңилдик жаңы иммигранттар үчүн жасалган жалгыз юридикалык кадам болуп калды. Жашап туруу укугуна (ЖТУ) ээ болуу үчүн мурдагыдай эле олуттуу себептер – университетте же узак мөөнөттүү курстарда окуу, жергиликтүү компанияда иштөө, үй-бүлө куруу же Монголиянын жараны менен туугандык байланышты көрсөтүү деген талаптар бар. Тууган элге таандык болуу, ал тургай, монгол улутунан болуу негиз катары каралбайт.
Көпчүлүк өлкөлөрдө улутуна карап кабыл алган репатриация программалары бар. Мисалы, этникалык армяндар Армения менен же анда жашаган туугандары менен эч кандай байланышы жок болсо деле бир нече ай аралыгында бул өлкөнүн жарандыгын ала алат. Бул үчүн ата-энесинин биринин же чоң атасы же чоң апасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, андагы улуту тууралуу маалымат деген жердеги “армян” деген белги жетиштүү. Буга окшогон мыйзамдар Казакстанда, Кыргызстанда, Грузияда, Израилде, Польшада жана башка көптөгөн мамлекеттерде бар.
Монголияга көчүп келген айрым калмак жана буряттар өздөрүн репатриант деп атаганы менен, юридикалык жактан өлкөдө мындай түшүнүк жок. Монгол улутундагы иммигрант мамлекеттик мекемелер үчүн башка тектүү иммигранттардай эле чет элдик болуп саналат.
Расмий түрдө бийлик репатриация жөнүндө мыйзмдын жоктугунун себептерин түшүндүрбөйт, бирок “формалдуу эмес” репатрианттардын арасында бул жагдайды түшүндүргөн теория айтылып жүрөт. Ага ылайык, Монголиянын өкмөтү Ички Монголиядан - Кытайдын көзөмөлүндөгү тарыхый аймактан кытай жарандарынын массалык түрдө агылып келишинен кооптонот. Алардын айрымдары монгол тамыры жөнүндө жасалма документ менен келиши мүмкүн же тыңчы болуп калышы ыктымал.
Дагы бир теорияга ылайык, көп сандагы монгол тектүү эли бар Орусия менен Кытай жөн жерден эле жарандарын жоготкусу келбегендиктен, алардын репатриациясына жол бербеш үчүн Монголияга басым жасайт.
Кандай болгон күндө дагы маданий жакындыктын негизинде Монголияда тамыр алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу бул өлкөдө жашагысы келгендер үчүн бир топ эле ыңгайсыздыкты жаратат. Бул жерде жашоо үчүн жумуш менен камсыз болуу керек же окуш керек, бирок бул жол дагы баарына эле туура келе бербейт. Иммигранттар эмгек базарында монгол жарандары менен атаандашуу кыйын экенин белгилешет. Жергиликтүү мыйзамдар чет элдиктерди жумушка алган компаниялардан жогорку салыктарды талап кылгандыктан, жумуш берүүчүлөр чет элдик талапкерлердин арасынан абдан уникалдуу тармактык адисти же жогорку квалификациялуу адисти гана тандап жумушка алышы мүмкүн.
Баранованын жакында жасаган изилдөөсүнүн жыйынтыгына караганда, легалдашуунун эң популярдуу ыкмасы катары бул билим берүү курстары, негизинен тил курстары кала берүүдө. Ошол эле учурда иммигранттардын баары эле узак убакыт бою окуп жүргүлөрү келбейт, бул үчүн акча жана башка мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү. “Орусиянын азиаттары” ("Азиаты России") өңдүү интернет коомчулугунда ар кандай “жардамчы” компаниялардын жарым мыйзамдуу жарнамаларын учуратууга болот.
Айталы, Улан-Батордогу тил мектептеринин бири монгол, англис, корей жана башка тил курстарына жылына 1 миллион 200 миң төгрөк акчага (350 доллар) жасалма каттоону сунуштайт. Жарнамада бул баага өлкөдө жашоо үчүн негиз боло турган студенттик виза гана кирери ачык эле жазылат. Ал эми чындап эле тил үйрөнөм дегендер жылына 3 миллион төгрөк (875 доллар) төлөшү керек болот.
“Монгол картасы” мыйзам долбоору
Монголияда мыйзамдашууну жеңилдетүү максатында United Mongols Development Foundation дин активисттери “монголдун картасы” мыйзам долбоорун даярдашты. Балким, бийликтин Кытайдан кооптонуусу мыйзамдын түшүндүрмөлөрүнүн бирине байланыштуудур. Ал жерде “Бул мыйзам Монголиянын жараны болбогон, мурдагы СССРдин аймагында жашаган же ушул тапта башка мамлекеттерде жашаган ал мамлекеттердин жарандарына иштейт” деп көрсөтүлгөн. Эгер бул мыйзам долбоору каралып, ушул турушунда кабыл алынса, анда репатриациянын жаңы форматын Орусиянын калмак, бурят, тывалары, ошондой эле Кыргызстандын сарт-калмактары пайдалана алат. Бирок Кытайдын монголдору жана ойроттору пайдалана албайт.
Негизинен чет элдик монгол макамы үчүн талапкерлерге активисттер сунуштап жаткан жоболор кыйла эле либералдуу болуп саналат. Авторлордун ою боюнча “монголдун картасы” өзүн монголдорго таандык экенин билдирген, алардын маданиятын, тилин, тарыхын билген адамдарга берилиши керек. Эгер жаран этникалык тилин же маданиятын билбесе, анда ата-энесинин биринин, чоң атасы же чоң апасынын улуту жана этномаданий уюмдардын ишмердигине катышуусу негиз болуп бере алары документте белгиленген.
Мындан тышкары, “монгол картасын” репатрианттардын түгөйлөрүнө жана балдарына жогорудагы критерийлерге жооп бербесе да берүү сунушталууда.
“Мындай мыйзамдын кабыл алынышы менен мурдагы СССРдин аймагындагы ар бир монгол аныкталып, бардык өлкөлөрдүн конституциялары жана суверендүү укуктары бузулбастан, аларга Монголиянын жаранына тийиштүү бардык негизги укуктар берилет. Мындай мыйзамдар жана карталар бардык евразиялык мамлекеттерде бар. Эми дүйнөдөгү бардык монголдордун тарыхый абалын мыйзамдаштырууга убакыт келип жетти. “Монгол картасын” алгандар үчүн каалаган убакта Монголияга келип, ал жерде мыйзам чегинде каалаганча жашап, өлкө жарандарынын укуктарын жана жеңилдиктерин пайдаланууга жана биздин жалпы тарыхый процесстерге катышууга шарт түзүлөт”, - дейт долбоордун колдоочуларынын бири, Забайкальеден чыккан бурят жазуучусу Виктор Балдоржиев.
Ал бул демилгенин келечегине ишенет.
«Мен бул мыйзам долбоорун бардык буряттар, калмактар, тывалар – мурдагы СССРдин мейкиндигиндеги бардык монголдор колдоого даяр деп ишенем. Монголиянын улуу мамлекеттик хуралынын депутаттары дагы дүйнөдөгү бардык монголдордун сезимин жана умутулуусун кабыл алып, түшүнө ала турган бирден бир мамлекет болгон Монголиянын бакубаттыгы үчүн жашап, иштөөнү каалаган монгол элдерин бириктирген мыйзамды карап, кабыл алууга даяр экендигинен шегим жок», - дейт ал.
Ойрот-калмак элинин Конгрессинин мүчөсү Даавр Дорҗин дагы демилгени жогору баалайт:
«Менин бул долбоор тууралуу кабарым бар, бул маалымат менин мекендештеримдин арасында активдүү жайылып жатат. Азыр Монголияда жашап, бул мүмкүнчүлүктү карап жаткандар арасында демилге абдан популярдуу. Мен дагы мындай документти алмакмын. Мен үчүн ал экономикалык укуктардын жыйындысы эле эмес, биринчи кезекте символикалык мааниси чоң. Мага тарыхый мекеним менен байланышты көрсөтүп турган материалдык далилди алуу жагымдуу болмок. Бирок мыйзамды киргизүүнүн реалдуу шарттары туурасында айта турган болсок, мен азыр Монголиядагы оор саясий кырдаалга байланыштуу күмөн санап жатам. Ал жакта эки ири империалисттик кошуна – Орусия жана Кытай менен жарым жартылай, ачык тиреш уланып жатат. Бул өлкөлөрдүн аймагында монгол тектүүлөр көп. Бул мамлекеттерге мыйзам жакпашы мүмкүн жана ал дайыма монгол саясаты үчүн кедерги боло берет. Бул Монголиянын мындан аркы деколонизациялашуусу үчүн маанилүү кадам болушу мүмкүн. Азырынча мунун ишке ашарына анча ишенбей турам, бирок жаңылган болсом кубанат элем».
2022-жылы күзүндө Монголиянын борборуна көчүп келген калмыкиялык Аюка дагы (фамилиясын атагысы келген жок) "Idel.Реалии"ге жаңы иммигранттардын жамаатындагы «монгол картасын» колдоолору тууралуу айтып берди:
«Орусияда жашабаган калмактар жана буряттар бул демилгени колдошот. Мен, чынында, бул жөнүндө көбүнчө орус тилинде талкуу болуп жатканын түшүнө албай жатам. Биринчи кезекте бул Монголиянын жарандарына кызыктуу болушу керек да. Албетте, идеянын мааниси жакшы. Монгол коомчулугунда ал ар кандай кабылданууда. Көпчүлүк комментраийлер жылуу маанайда, бирок арасында «убакыт-сааты келе элек» дегендер да кездешип жатат. Бирок мындай көз карашка каршы кайра эле монгол элинин «Жакшы учур өзүнөн өзү эле келе бербейт, аны эл алып келет» деген макалын жүйө келтирем".