Кара-Жыгачта таза суу көздөн учту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундары үч айдан бери таза суусуз жашап жатат. Алар бир топ чакырым алыстыкта жайгашкан коңшу айылдардан суу ташып келүүгө аргасыз. Үйдөн чыга албаган кары-картаң, майыптар сууну сатып алса, айрымдары көчөдөгү арыктан ташып, тундуруп ичишет. Бийликтен жардам күткөн айыл тургундары суунун айынан балдары ооруп, алды ооруканага жатып чыкканын айтууда.