2020-жылдын июль айы коомчулукта "каралуу июль" деп аталып калды. Коронавирустун үчүнчү толкуну быйыл кайрадан ушул июль айына туш келип, алгачкы аптада эле 72 кишинин өмүрүн алды. Былтыр бир күндө 70-80ден өлүм катталган учурлар болгон.
Атасыз калган тогуз бала
Чүй облусунун тургуну, тогуз балалуу Гүлнара Назированын 52 жаштагы күйөөсү Кубат Алпамышов былтыр, 2020-жылдын июль айында коронавирустан көз жумган. Гүлнарага күйөөсүз өткөн бир жыл оңой болгон жок:
"Өткөн адам өтүп кете берет тура. Аркасында калган эле кишилер кыйналып жашай берет экен. Күйөөмдүн каза болгонуна 20-июлда бир жыл толот. Ал баштап кеткен үйдүн курулушу бүтпөй турат. Эптеп элдин жардамы менен чатырын жаптык эле. Өзүм айла жок, Ош базарга иштегени чыктым. Балдарым үйдө жалгыз калышууда. Бир жылда эки жакын адамымдан айрылып отуруп калдым. Июлда күйөөм кетти, ноябрда апамды жерге бердим".
Гүлнара коомчулуктан алган жардам менен күйөөсү куруп баштаган үйдүн чатырын жапкан. Калган курулуш иштери каражат жок токтоп, өкмөт берген жөлөк пул жетпейт. Ушундан улам Гүлнара балдарын үйдө жалгыз таштап, базарга чыгууга аргасыз болгонун айтууда.
2020-жылдын июлу Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. Көбүнчө иш билги, кесипкөй, жогорку билимдүү адистер көз жумду. Мугалим, дарыгер, тартип сакчылары каза тапкандардын алдыңкы сабында турат.
Чүй облусунун Новопокровка айылынын "Тез жардам" кызматынын фельдшери, маркум Валерий Гаук вирус жуккандарды дарылап жүрүп, өзү оору жуктуруп алган. "Семетей" обсервациясына барганда "мени бул өлүм өрөөнүнөн алып кеткиле" деп үй-бүлөсүнө акыркы ирет видео жиберген экен.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Келинчеги Александра Гаук жесир калгандан он күн өтпөй анын ордуна айылдык медициналык борбордун "Тез жардам" кызматына фельдшер болуп иштеп калган. Ал азыр абал былтыркыдай эле оор экенин айтты:
"Былтыркы "каралуу июлду" эстөө мен үчүн өтө коркунучтуу түштөй эле. Азыр деле былтыркыдай абал кайталанып жатат десем жаңылышпайм. Биздин жумуш жеңилдеп калган жок, оорунун агымы былтыркыдай эле. Вирусту жуктургандардын саны быйыл июлда кайра көбөйүп, бир мүнөт тыным албай калдык. Абал улам кыйындап бара жатат. Былтыркыдан быйылкы кырдаалдын айырмасы өтө деле чоң эмес. Саламаттык сактоо системасында ошол маалда абал кандай болсо, ошондой бойдон эле калды. Ооруканалар даяр эмес, орун жетишпейт. Болгону, быйыл дары менен камсыздоодон көйгөй чыккан жок. Эмдөө сыяктуу оорунун алдын алуу чаралары өтө солгун. Эл мурда кандай ооруса, азыр деле абал ошондой".
2020-жылы 15-июлда Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү катталып, бир күндө 85 адам көз жумган. Бир үйдөн бирден, экиден айрым учурда үчтөн адам вирустун курмандыгы болгон учурлар болгон. Маселен, белгилүү агартуучу "Илим" атындагы билим берүү комплексинин түзүүчүсү Гайша Ибрагимова менен сиңдиси Сагын Есеналиева биринин артынан бири вирустан көз жумушту.
Гайша Ибрагимованын уулу Шамил Ибрагимов быйыл апасы менен таежесинин жылдыгын өткөрүп, аш бере албай калды. Ал бийликте азыр да вирус менен күрөшүүдө ырааттуу иш жүрбөй, эмдөөнүн солгун экенин, пандемия менен күрөшүүгө багытталган каражаттын максатсыз пайдаланылып жатканын сындады.
"Бир жыл аябай оор өттү. Эң эле өкүнүчтүүсү, бир жыл өтсө да тууган-урукту, тааныштарды чогултуп, татыктуу эскерип, апам менен таежемдин ашын бере албай жатпайбызбы. Былтыр да акыркы сапарга узатканда коронавирус өлкөдө өтө күчөп, аз эле киши болуп калганбыз. Биз анда бир жылдан кийин жылдыгын жакшылап уюштурабыз деп өзүбүздү соороттук эле. Тилекке каршы, быйыл да вирус кескин көбөйүп кетип, апам менен таежемди эскерүүгө адамдарды чогулткандан чочулап, санитардык нормаларды сактап отурабыз. Биз коом алдындагы жоопкерчилигибизди билебиз. Башкалар той-аштарды кадимкидей эле өткөрүп жатышпайбы. Айла жок, маркумдарды азырак чөйрөдө эле эскердик. А бирок мамлекет, бийлик жоопкерчиликти сезип жатабы? Тилекке каршы, быйыл былтыркыга салыштырмалуу абал таптакыр өзгөргөн жок. Азыр эпидемиологиялык абал өтө начар болуп калды", - деди Ибрагимов.
"Каралуу июлда" эл каймактары кетти
Былтыр июнь айынын соңку күндөрү менен июлда кыргыз коомчулугу орду толгус жоготууга учурап, күнүгө суук кабар жаңырып турду. Белгилүү диний ишмер Чубак ажы Жалилов, экс-спикер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, саясатчы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, "Азаттык" радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева да дал ушул июлдун алгачкы күндөрү каза табышты.
Окумуштуу, профессор Сулайман Кайыпов былтыр июндун этегинде коронавируска чалдыгып, өлүмдөн араң кутулганын эскерди. Ал күндөрдө кыргыз коомчулугу төбөсү көрүнгөн, тың инсандардан айрылганына кейиди.
"Былтыркы июль Кыргызстан үчүн өтө оор болду. Ошондо баарыбыз оорудук, көптөр үйдө дарыланса, кээ бири ооруканага барып, өтө азап тарттык. Мындан кийин эмне болот, жашап кете алабызбы деп кыйналып, көрбөгөн азапты көрдүк. Анысы аз келгенсип, биринен сала бири коомдо башы көрүнгөн кишилерибизден айрылдык. Эч күтүүсүз жерден, эч кимдин оюна келбеген динаятчы Чубак ажы дүйнө салды. Чыныбай Турсунбековдун өлүмү да ичти ачыштырды. Ал саясатчыдан мурда биринчи кезекте чыгаан акын эле, ырлары чыныгы поэзия эле. Талантыбыз кетти. Мыкты окумуштууларыбыз да кете беришти. Аалы Молдоканов деген кыргыз тилдин көркүнө чыгара сүйлөгөн жана жазган калемгерибиз дүйнө салды. Парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев өттү. Айтор, элибиздин башына каран түн түшкөндөй эле болду. Эми алардын ордун толтуруу мүмкүн эмес. Азыр да бул вирус элибизди тооруп турат. Элдин каймагын андан сактап калуу зарыл. Биринчи кезекте ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүш керек экенин былтыр көрдүк го. Тилекке каршы, бизде азыр санитардык нормалар сакталбай калганы өкүндүрүп жатат".
"Каралуу июлдагы" өлүм санынын көп болушу кийин каза болгондордун жакындарында бир топ суроону жаратып, тармактар аралык изилдөө комиссиясы түзүлгөн. Жыйынтыгында бир нече мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланган.
"Чындык үчүн" аттуу жарандык топ Башкы прокуратурага, ошол кездеги Финансы полициясына кайрылган эле. 2020-жылы июлда апасынан айрылган Мунара Канзаманова алардын иликтөө жана кайрылууларынан майнап чыкпаганын билдирди.
"Бир жыл өттү. Дагы деле коюлган талаптар аткарылбай, берилген суроолорубуз жоопсуз калды. Башкы прокуратурага кайрылганыбыз менен биздин иштин чети да чыкпай жоголуп кетти десек болот. Чындыгында былтыр Саламаттык сактоо министрлигинин пандемияга карата даярдыгы дээрлик жок болгон. Жүргүзгөн иштеринин сапатын өтө начар деп баалайм. Жалпы коомчулукка маалым, ошол кезде Кыргызстандын эли "Тез жардам" күтүп, ооруканаларга кире албай, сыртта көз жумуп жатпадыбы. Канчалаган киши дары жок болуп көз жумду. Саламаттык сактоо министрлиги ишти туура уюштуруп, бири кетсе да экинчиси күрөштү токтотпой жүргүзсө, жакындарыбыз балким аман калмак беле? Ооруканада орун тартыш, реанимацияда орундар жок, дары менен камсыз болбой, былтыр өтө чоң хаоско учураганбыз. Быйыл да абал кайра кайталанып жатат. Демек, эч кандай жылыш жок".
"Дарыгерлерди күнөөлөөгө болбойт"
Вирус күчөп турганда министрликтин башында турган жооптуу адамдар коронавирус жаңы оору болгондуктан, тийиштүү иш-чаралар убагында аткарылбай калганын моюнга алышкан.
Ошол кездеги Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "каралуу июлда" көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, былтыркы оор абалдан күнөөлүүлөрдү издөө туура эмес деген ойдо.
"Чындыгында былтыр орундар жетишпей, дары-дармек тартыш болуп, кадрларыбыз да улам кемип, өтө оор абалда калдык. Биз колдон келген аракетибизди жасадык, бирок мүчүлүштүктөр көп болду. 2020-жылы июнь, июль айларында көзү өтүп кеткен адамдардын жакындарына терең кайгырып, көңүл айтам. Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун. Азыр эми "каралуу июлга" күнөөлүү издөөдөн алыс болушубуз керек. Пандемия бардык өлкөлөрдүн шайын кетирди. Мына, азыр да Орусия, Европа кыйналып жатканын баары көрүп турбайбы. Ал жакта дарыгерлерди күнөөлөп, алардын үстүнөн арызданган учурлар деле жок. Мындан ары ошол учурдагы абалга айыптууларды издебей, кантип биз алдыга жылабыз, оорудан качан арылабыз деген маселелердин үстүндө бирдиктүү иш алып барсак туура болмок. Догдурларды айыптоодон майнап чыкпайт".
Кыргызстанда соңку бир күндүн аралыгында коронавирусту 1198 адам жуктуруп алып, тогуз бейтап ажал тапты. Ооругандардын жалпы расмий саны 134,5 миңге чамалады. COVID-19дан баш-аягы 2063 адам көз жумду. Ушул тушта ооруканаларда 4253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус жугузган 12 миңден ашык адам үйүндө дарыланып жатат. Июль айынын алгачкы аптасында эле 72 киши бул дүйнө менен кош айтышты. Быйыл оору жугузгандар Бишкекте басымдуу болгондуктан, кошумча стационарлар кайрадан ачылууда.