“Азаттык”: Кыргызстандагы пандемияга байланышкан кырдаалга кандай баа берип жатасыз?
Накен Касиев: Абал оорлошуп кетти. Эл аралык эксперттер да Кыргызстанда июль айында акыбал татаал болот деп атышат. Мына ооруканада дарыланып жаткан миңден ашык кишинин көпчүлүгү оор ахыбалды болуп атат. "Үчүнчү толкун" деп министрлик жарыялап койду. Тилекке каршы, конкреттүү иштер жок. Биринчиден, эмдөө иштерин колго алыш керек эле, бирок болгону 20 миңден ашык киши эмделди. Жок дегенде эки миллионго жакын киши эмделиш керек. Мына азыр вакцина жок, эмдөө токтоп турат. Бул биздин бүгүнкү күндөгү чоң трагедиябыз.
“Азаттык”: Вакцинанын жок болуп жатышы Саламаттык сактоо министрлигинин күнөөсүнөн деп эсептеп жатасызбы?
Накен Касиев: Министр деген саясий кызмат. Ал Кыргызстандын ичинде жүрбөй, эл аралык уюмдарга, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна чейин чыгыш керек да. Президент барып сүйлөшүп келгенден кийин Москвага барып отурушу керек эле. Саламаттык сактоо министри Альберт Мурашконун жанына барыш керек эле, "Роспотребнадзордун" жетекчиси Анна Попова менен сүйлөшүш керек эле. Кандай болсо да адам фактору чоң роль ойнойт да. Алака түзүп, вакцина жөнөтүүнү тездетүү керек эле да.
Казакстанда "Спутникти" чыгарып аткан кези, керек болсо, Казакстанга да барыш керек эле. Азыр үйдө отурганда эчтеке чыкпайт, азыр чуркагандын гана иши жүрөт. Эгер министрлик качан президент же өкмөт сүйлөшүп, бизге вакцина алып келип берет десе, анда бул акыбалдан жылбайбыз. Ошондуктан, азыркы министрге ( Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев – ред.) , өкмөт башчы Улукбек Марипов мырзага да кайрылат элем, отура берсек эки-үч жылда да элдин 50-60 пайызын эмдеп бүтө албайбыз.
“Азаттык”: Дарылоодон тышкары дагы кандай аракеттер керек?
Накен Касиев: Элдин арасында эки жылдан бери көп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп атат. Бирок эл жайма-жай. Ошентсе да кээде көчөгө чыкканда беткап кийген кишини көрбөйм. Мыйзамды кенебеген эл экенбиз. Беткап кийиш ушундай карантин учурунда милдет да. Элибизге кандай айтсак жетет – таң калам. Мени таң калтырган дагы бир маселе – ресторандарда тамак ичүү бизде жалгыз бизнес болуп калды. Эмне үчүн булар күнү-түнү толук кандуу иштеп атат? Көзөмөлдөгөн киши жок. 200-300дөн киши бир кирип атат. Аш-той 100 пайыз жүрүп атат. Эмне үчүн карантин маалында саат 11:00ден кийин эмес, 7:00–8:00ден кийин чектөө койбойбуз? Кенебестик менен мыйзамды сыйлабастык жамандыкка алып барганы калды.
“Азаттык”: Дагы кандай чаралар көрүлбөй жатат? Кандай каталарды кетирбеш керек?
Накен Касиев: Азыр догдурлар дарылоонун ыкмасын түшүндү. Нарында, Бишкекте, Ошто инфекциялык ооруканалар салынып бүттү. Дары-дармек менен камсыздап берсе, догдурларда камчы салдырбай иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы иш үстүндө коронавирус менен ооруп калган догдурларыбыз эмдигиче компенсациясын ала албай жүрүшөт. Мен кечээ угуп калдым, Түркияга иштегени кетебиз деп, тил үйрөнүп аткан он беш кишинин он экиси дарыгерлер экен.
“Азаттык”: Демек, мамлекет жетиштүү камкордук көрбөй атат деп эсептеп жатасыз?
Накен Касиев: Менимче, мамлекет тарабынан чечкиндүү иштер жүргөн жок. Министрлик кашаңдык кылып атат. Айтылып, бирок конкреттүү иш жүргөн жери жок чынында.
“Азаттык”: Сиз эмдөөдөн өттүңүз беле?
Накен Касиев: Мен өзүм тобокел тобуна кирем. Орусиянын вакцинасын февралда эки жолу алгам. Бирок вакцина жүз пайыз кепилдик бербейт. Себеби, вакцина алган адамдардын бардыгында эле иммунитет пайда болбойт. Ошондуктан, коргонуп, эл топтолгон жерлерге барбаганга аракет кылам.