Айтмамат Үмөталиевдин чыгармачылыгы ийгиликтүү башталган. Удаа китептери чыгып, Москвадагы адабият институтунун эки жылдык курсуна кабыл алынган. Өкүнткөн жагдай, окуусун аяктарга аз калганда кылмыштуу ишке кабылып камалып кеткен. Абактан бошонуп келгенден кийинки тагдыры өкүнүчтүү болуп, жашоодон эрте көчкөн.
Абак
Кырчындай кезинде түрмө азабына туш келген чыгармачыл инсандын туура жол таап, тагдырдын катаал сыноосуна чөгүп калбай баштагы калыбына келиши өтө эле оор, атүгүл мүмкүн эместигин Айтмамат Үмөталиевдин армандуу тагдыр жолу ырастап турат. Адегенде баары дурус эле башталган. Алгачкы ыр жыйнагы чыгып-чыкпай, жаш акын Москвадагы эки жылдык адабий курска кабыл алынган. Анысын бүтөргө саналуу убакыт калганда калемдеш курбусу менен айылга мейманчылыкка барып, кылмыштуу иш жасады деген негизде камалып кеткен. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш акын алты жарым жылга эркинен ажыратылган. Абакта жатканда республикалык жабык конкурска жөнөткөн эки пьесасы жактырылат. Кыргызстан Жазуучулар союзу тийиштүү мекемелерге кайрылган соң, калемгер абак мөөнөтү аягына чыга электе эркиндик алган.
Дагы караңыз Буулуккан Ботобай акынКыйын жагдайга туш келген калемдешинен Сооронбай Жусуев, Камчы Жунусовдор кабар алып турушкан.
“Ошол мезгилде Айтмамат Үмөталиев жаткан Ново-Покровкадагы жана Фрунзе шаарындагы 12-колонияга Айтмаматты көптөн бери жакшы билген жана көп жардам көрсөткөн акын Камчы Жунусов экөөбүз аны менен жолугушуп маектешип, сырдашып, ага чыгармачылык жактан пайдалуу кеңештерди бергенибиз күнү бүгүнкүдөй эсибизде. Ал эркиндикке чыккан кезде эми түрмөдө жаткан учурлар ал үчүн сабак болду, ал чыгармачылыктын чыныгы жолуна түшүп, көп жаңы, жакшы чыгармаларды жаратат, намыстанып эмгектенип, республикабыздын белгилүү жазуучусу болуп чыгат деп кубанганбыз, үмүттөнгөнбүз, ишенгенбиз.
Тилекке каршы, Айтмамат Үмөталиев Москвага окууга жөнөрдөн мурдагыдай деңгээлде иштей албагандыгы, ичкиликке жеңдирип, чыгармачылыктын тараза таштарын ичкиликтин тараза таштары оодарып кеткендиги бизди өкүнтпөй койгон жок. Аны колдоп, керек кезде сүрөп жүргөн биз, кээ бир учурларда ал үчүн уятка дуушар болуп калган кездерибиз болгон”.
Бул эскерүүнү акын менен Москвада чогуу жүргөн Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев жазган.
Арак
Кийин ал “Атаандашкан ырың менен арактын, Арасына түшүп калдың талаштын” деп чоң өкүнүч менен жаркын таланттын кантип арактын азгырыгына кирип, андан чыга албай калганын эскерген. Айтмамат Үмөталиевге жергиликтүү бийлик жардам бериши керектигин баса көрсөтүп, кыргыз совет адабиятынын корифейи Аалы Токомбаев Алай райондук партия комитетинин биринчи катчысына өтүнүч кат жолдогон. Гезитте, мектепте иштей албай калган акынга колхозу почточулук ишти берип, колунан келген шартты түзүшкөн.
Абалы аябай эле оорлошуп кеткенин ал өзү сырдакана иниси Жээнбек Каримовго жашырбай айткан, арак ичпесе эч нерсеге көңүлү чаппай, “жарытып сүйлөшө да, кагаз да жаза албай” каларын, колу калтырап борду кармай албагандан мектепти таштоого аргасыз болгонун ырастаган.
Жээнбек Каримовдун айтуусунда, болжол менен 1972-жылы Айтмамат Үмөталиев борбор шаар Фрунзеге Маданият министрлигине келген экен. Анын “Манас” пьесасы баш болгон драмалык чыгармалары, бир киносценарийи көркөм кеңеште жактырылып, эки-үчөөнү дагы бир сыйра оңдоп иштеп келүүгө алган. Сунуш кылган чыгармалары жактырылып, театрларга коюларын угуп кубанычы койнуна батпаган автор жаш кезде Москвада чогуу окуган калемдеши Чыңгыз Айтматовго жардам сурап барса, ал кездеги өтө көп сумма, 800 рубль бергенин айтып сүйүнүп келгенин, бирок эртеси ал акчаны, дүкөндөн сатып алган жаңы кийимдерин мас болуп уурдатып жибергенин Жээнбек Каримов эскерип: “Ошондо мен жаштык кылып кол жазмалар тууралуу кам көрбөгөндүгүм болду, мына азыр ошол кол жазмалар эч жерден табылбай келет”, - деп жазган.
Кол жазма
Акчадан да министрликтен алган кол жазмалардын жоголушу ага колунан келген жардамын көрсөтүп келген калемдешине катуу тийген. Ж.Каримов Айтмамат Үмөталиевдин пенделик турум-турпатын таамай сүрөттөп берген:
“Ошо мезгилдеги чөйрөдө сөзгө наристедей аяр мамиле кылар, сөз кудуретин ойго келбегендей устаттык менен пайдаланар, ары чечен, ары юмор заводунда иштегенден бетер утур-утур жан сергитип турар кишини учурата элек болчумун.
Айтмамат аке сөздүн анык зергери эле. Доошу да жумшак, күтүлбөгөндөй сылык-сыпаа. Эң башкысы, ал кишинин аңгемелешүүсүнөн дүйнө таанымынын кеңдиги, ар тараптуу ой жүгүртүүсү, философиялык маалымдуулугу, ошончо даражасына карабай күтүнгөн кичи пейилдиги, барга да, жокко да өзүн көтөрө чалбаган жөнөкөйлүгү кимди болбосун магниттей тартып турчу. Ал киши менен жарым саат сүйлөшүүдөн кийин жан дүйнөм эргип, делебе козголуп, жакшы иштерди бутүрүүгө чакырык ташталгандай жеңилдеп калчумун. Башкалардын да ушинтеринен күмөнүм жок. Андан бери отуз жыл агылып, мына бүгүн Оштон же Бишкектен көп эле калемгерлерге жолугуп жүрөм, бирок Айтмаматтайды учуратуу кыйын”.
Дагы караңыз Эсенгул Ибраев: жарандык поэзиянын шам чырагыТабият берешендик менен сейрек талантын барктабай, учкул кыялдан жаралган чыгармаларынын кол жазмасын арак ичкен жеринде унутуп, жазгандарын жарыкка чыгарууну өзү деле барк албаган автордун бул жарыкчылыктагы өмүр жашоосу 1980-жылы 29-декабрында аягына чыккан.
Анын акындык экинчи өмүрү да өкүткө толтура болду. Жакындары менен күйөрмандарынын ар кайсы жерде сакталып калган кол жазмаларын табуусу, жарыкка чыгарышы каржы деген жаңы заман тоскоолуна кабылып, колго тийген чыгармаларынын эки китеби чыкты. Айтмамат Үмөталиевдин көзү өткөндөн кийин бир тууган агасынын аракети менен тийиштүү жолдомо, сунуштамаларын даярдашып, 1981-жылы “Ата Мекен сөөлөтү” ырлар жыйнагы “Кыргызстан” басмасына тапшырылган.
Китеп чыгаруунун ал кездеги жөрөлгөсүнө ылайык Жазуучулар союзунун тиешелүү секциясынын бүтүмү кошо тиркелген. Өкүнүчкө, бул кезде эңгезер СССР өлкөсүн “жетишсиздик илдети” каптап, байманалуу тармак баштагы күүсүнөн тайып калган. “Кагаз жок” деген жүйө менен кол жазма планга кирип, бирок чыкпай, арада заман алмашып, “кечээги көргөн бүгүн жок” учур келип калган. Айтмамат Үмөталиевдин талантына айныксыз ишенген калемдеши Жээнбек Каримовдун аракети болбосо, багы ачылбаган кол жазма жоголуп деле кетиши мүмкүн эле.
“1995-жылы “Кыргызстан” басмасынын архивинен А.Үмөталиевдин жарыяланбай калган “Ата Мекен сөөлөтү” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын издеп таап алдык. Эми ойлосом, ушул жакшы иш болгон экен. Анткени 1999-жылдын жазында дагы бир кол жазманы издеп барсам, баягы жылы ондогон шкафтарда толтура турчу кол жазмалар жок. Басмада иштеген Балбай Алагушов: “Кол жазманын баары кийинки иштегендердин “черновигине” пайдаланылып жок болуп кетиптир, атаганат! Мен келгенде ушу эки шкафтагы гана кол жазма калыптыр, ушуну карегимдей сактап отурам. Кыргызбыз да, батыш эли мындай казынанын бир барагын жоготпой сактамак”, - деп кайгырды.
“Ата Мекен сөөлөтүнө” 58 ыры киргизилген экен. Кийин кол жазмада “плавмастер” менен “Кыздын тагдыры” жана “Жибек жоолук” аттуу поэмалары мазмунга кошулуп, алардын тексттери машинкеде басылып тиркелген, бирок бет номурлары колдо коюлган. Жыйнак поэмалар ичинде 211 бетти түзгөн. Көрсө, Белек аке ошол учурда басмада иштеп жүрчү Таалайбек Ташмаматовдун кеңеши менен эки поэманы жыйнакка 1988-жылдын аягында коштуруптур”, - деп жазган Жээнбек Каримов.
2000-жылы “Ата Мекен сөөлөтү” деген ат менен Оштон чыккан китептин кыскача таржымалы ушундай. 2015-жылы Алмазбек Эркебай уулу түзүп “Сынган калем” китеби Бишкектин “Улуу тоолор” басмасынан чыккан. Андан бери деле кыйла убакыт колдон суурулду. Мезгил арылаган сайын Айтмамат Үмөталиевди көргөн-билген адамдардын катары суюлуп, акындын адабий мурасы тууралуу аныгы менен апыртмасы аралаш ар кыл божомол-жоромол кептердин аягы суубай, көп нерселер унутта калууда.
Дагы караңыз Сүйөркул Тургунбаев: "Буржуазиялык" атка конгон ырларым кийин чыктыАйыл
Айтмамат Үмөталиев 1931-жылы 25-июнда Алай районундагы Корул айылында төрөлгөн. Айылдашы Жамшит Шамурзаевдин айтуусунда, акындын атасы Аман кара жумуштан качпаган мээнеткеч адам болгон экен. Апасы Дүкү дүкөнчү, китепканачы болуп иштептир. Бирок ал таятасынын колунда чоңойгон, Үмөталиев фамилиясын алып калышы мына ушул жагдайга байланышкан. Анын акындык өнөргө талпынышына таянеси Токтокандын таасири күчтүү болгон окшойт. Таятасы айылдын имамы, ал эми таянеси Токтокан жамактатып сүйлөгөн, айылдагыларга мыкты ырчы-кошокчу катары белгилүү зайып болгон экен.
Кол менен жасап койгондой кооз жерде чоңоюп, жаш кезинде чоң борбордон билим алган акындын көркөм дүйнөсүн таамай тартып берген мына бул ырынан эле анын табигый жөндөм-шыгынын кандайлыгын көрсөк болот. Алайдын гүл төшөлгөн жайлоосунда эрезеге жетип, чоң борбордо окуган жаш адамды шаардык турмуштун өзгөчөлүгү аябай таңдантат.
Чоң айылдын маңдайында тектирден,
Биз гүл терип, сени үйүңө жеткиргем.
“Тоого чыгып гүл терели” дегенди,
Москвадан уга элекмин эч кимден.
Тоо жок мында, даяр гүлдөр сатылат,
Алган сайын жүрөк согот, ашыгат.
Гүл ичинен тиктегенсип турасың,
Карегиңдин шоолалары чачырап.
Үзүп келген башка чоочун бакчанын,
Мен укпаган, мен билбеген аттарын.
Кызыл, жашыл, көк гүлдөрдүн ичинен,
Өзүм сүйгөн жалгыз гүлдү таппадым.
Алмашпаган башкалардын бардыгын,
Менин гүлүм, менин сүйүүм – жылдызым.
Гүлдөп турат жайы-кышы жадырап,
Ак калпактуу тоолорунда кыргыздын.
Бул ырды бийик тоодон көп кабат үйлөрү асман тиреген Москвага билим алганы келген жаш адам жазып жатат.
Адабият
Ал өзү бул дүйнөгө акын катары келген, көзү көрүп, көкүрөгү туйган нерселерин ыктуу уйкашка, окуган адамды кайдыгер калтырбаган көркөм формага шөкөттөй алчу. Поэзия анын стихиясы болчу, лирика менен эпиканы ыктуу кыйыштырып, сезим кылдарын козгогон махабат ырларынан тарта көп сайлуу, арбын окуялуу көрүнүштөрдү сүрөттөп, чыгармачылык чабытын кеңейткен. Анын жазгандары элестүүлүгү, уйкаштарынын табигыйлыгы, көркөм ойду туюнтуунун оригиналдуулугу менен айырмаланып турчу.
Айтмамат Үмөталиевдин адабиятка баш баккан учуру сталиндик репрессиянын аз-аздан жаалы кайтып, бирок да “катуу кол” башкаруунун кандуу тизгини биротоло жок кылына элек кез болчу. Көркөм айдыңда “чыр-чатаксыз теориянын” арааны жүрүп, жасалма штамп, тажатма схемалар үстөмдүк кылып турган. Аны менен катар көркөм адабият жаңылануу зарылдыгын туюп, ичтен өзгөрүүгө өтө баштаган. Анын натыйжасы "60-жылдардын адабияты" феноменин жараткан. А.Үмөталиевдин кесиптик камылгасы, чыгармачылык потенциалы формалык жана мазмундук жаңыланууга даяр болуп калган. Адабиятка кантип жана кандайча баш бакканын ал өзү Сооронбай Жусуевге арналган ырында таамай туюнткан:
Аптада араң жеткидей анык буудан,
Мен Алайдан,
Соке, өзүң, Алай-Куудан.
Томпойдойдон торолгон тоолуктарбыз,
Тоонун суугун тоотпой торпок кууган.
Балалык кез,
Тентек кез алыс калып,
Тоо бооруна токтобой чабыттадык.
Татаал ашуу, тар жолун акындыктын,
Тандап алып талыкпай арыштадык.
Чыгармачылыктын татаал, карама-каршылыктуу жолунан өз чыйырын табуу кыйын экенин ал жакшы түшүнгөн. Кол-жолду байлаган журналисттик иштин түйшүгүнө басылып калбай, убакты-саатынын кыйласын окуу, үйрөнүүгө жумшаган. Бул жагынан анын Москвадагы адабият институтунун эки жылдык курсу акындык, адамдык тагдырындагы бурулуш учуру болгон.
Дагы караңыз "Сынган кылыч": Касымбеков КГБ архивине да кирип чыкканТагдыр жолу ага жаркын жүз менен карап Камчы Жунусов, Сооронбай Жусуев, Чыңгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев, Абдыкалый Молдокматов сындуу кашкөй таланттар менен бирге жүрүп, көркөм сөздүн сырт көзгө анча көрүнө бербеген тереңдеги сырын ачууга мүмкүнчүлүк алган.
1956-жылдын 19-майында күндөлүгүнө минтип жазган: “Бул күнү “Комсомольская правда” гезитинде болдум. Алар менин ырыма 125 сом (рубль) акча төлөмөй болушту. Котормочу Г. Соловьев менен коштошуп, “Динамого” футболго шашылдым”.
“1957-жылы 14-ноябрда Караматка үйлөндүм, 1958-жылы туңгуч жыйнагым “Арча” жарыкка чыкты. Январда СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө өттүм. 1-сентябрда Гүлчөдөн (Карамат экөөбүз) Москвага жогорку адабияттык курска окуу үчүн жөнөдүм. Ошко жатып, эртеси Кара-Сууга келип поездге түшүп, Ташкентке барып шаарды көрдүк. Билет алып “Ташкент – Москва” поездине олтурдук. Бизди Абдыкалый Молдахматов тосуп чыкты. Жатакананын 184-бөлмөсүнө жайгаштык”, - деп жазган.
1949-жылдан чыгармачылыгы башталган автордун “Көлөкө”, “Көтөрүлбөгөн тост”, “Ак Бууранын жээгинде”, “Жаңы жээкте”, “Алгачкы сыноо”, “Билсе азил, билбесе...”, “Баланын бары да балээ...”, “Абийир”, “Алгачкы сүйүү”, “Лениндин эстелиги”, “Эргеш ээликкенде” сындуу көп актылуу пьесалары, “Эркиндик булбулу”, “Жибек жоолук”, “Каргаша кемпир”, “Кыздын тагдыры” сындуу поэмалары бар.
Айтмамат Үмөталиевдин өкүттүү тагдырына өзгөчө күйгөн Жээнбек Каримов 1959-жылы акынды 6,5 жылга эркинен ажыраткан Ноокат районунун сотунун өкүмү архивде жоктугун аныктап чыккан. 1998-жылы акындын аты Гүлчөдөгү бир көчөгө, айылындагы мектепке коюлган.