Кахов ГЭСиндеги жардыруу: суу каптаган конуштар

Херсон шаарынын тургуну суу астында калган үйүнүн жанында. Айрым тургундар түнү үйлөрүнүн чатырларында түнөшкөн. 7-июнь, 2023-жыл. 

Херсон шаарынын туругуну Татьяна суу каптаган үйүнөн коопсуз жайга чыгып кетүүдө. 6-июнь, 2023-жыл. 






 

Херсон шаарынын суу каптаган көчөсүндө велосипед менен бара жаткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл.




 

Согушка чейин 300 миңден ашык адам жашаган Херсон шаары кайрадан кризиске кептелди. Орусия окупация кылган сегиз айдын ичинде шаар дээрлик талкаланган эле. Эми шаарды суу каптады. 



 

Херсон шаары. 6-июнь, 2023-жыл. 

Херсон шаарынын тургундары эвакуциялай турган поезди күтүп отурушат. 6-июнь, 2023-жыл. 

Кахов ГЭСиндеги дамба жардырылгандан кийинки алкачкы сааттарда бери дегенде 16 миңдей киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты шейшемби күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.

Шаардан коопсуз аймакка көчүрүлүп жаткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл. 
 

Херсондун четиндеги талкаланган Антонивский көпүрөсү. Бир нече сааттын ичинде суунун деңгээли 10-12 метрге көтөрүлгөн.

Куткаруучулар селден эвакуацияланган тургундарды паромго алып чыгууда. Херсон шаары. 6-июнь, 2023-жыл. 

Херсон шаарынан эвакуацияланган тургундар. 6-июнь, 2023-жыл. 

Суу каптаган аймактардан жарандарды эвакуациялоо учурунда да аткылоолор уланды. 6-июнь, 2023-жыл. 

Тургундарды эвакуациялоо түнү да токтогон жок. 6-июнь, 2023-жыл. 

Суу астында калган Херсон шаары. 7-июнь, 2023-жыл.
 

Херсон шаары. 7-июнь, 2023-жыл. 

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.

Каховдогу маданият үйү. 6-июнь, 2023-жыл. 

Кахов ГЭСинин жарылган плотинасы. 5-июнь, 2023-жыл..