Кабулда төрөлүп, Бишкекте чоңойгон ооган кыз

Сахи Зухал (оңдон биринчи) атасы Сахи Мухаммад Сардар жана апасы Назифа менен.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда азыр 1500дөн ашуун ооганстандык жашайт. Алардын 600ү Кыргыз Республикасынын атуулдугун алган. Калганына качкын макамы жана өлкөдө жашоого укук берген документтер берилген.

Ооганстан Ислам Республикасынын президенти доктор Мухаммед Нажибулланы моджахеддер 1992-жылы бийликтен кулаткандан кийин өлкөнүн ичинде өз ара кандуу кагылышуулар башталып, айрымдар өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон. Ошол башаламандыкта көптөгөн оогандар башкалка издеп Кыргызстанга да келген.

Сахи Зухал (оңдон биринчи) кыргыз кесиптештери менен.

Азыр да тынчыбай жаткан Ооганстандын Кабул шаарында төрөлүп, ата-энеси менен Бишкекке келип жашап калган Сахи Зухал Сардар алты тил билет. Анын ичинде кыргыз тилин да өздөштүрүп алган. Татаал тагдырга туш болгон көптөгөн чет өлкөлүктөргө тынчтыктын жана боорукерликтин мекени болуп келаткан Ала-Тоону жанындай сүйгөн бул кызды кепке тартып, бир нече суроо узаттык.

- Адегенде өзүңүз тууралуу азыноолак айтып берсеңиз?

- Аты-жөнүм Сахи Зухал. 1996-жылы Кабул калаасында төрөлгөм. Алты айлыгымда ата-энем менен Кыргызстанга келип жашап калганбыз. Бишкектеги бала бакчага бардым. Андан кийин орус жана ооган тилдеринде окуткан мектептерден билим алгам.

- Бул сизге кыйын болгон жокпу?

- Жок. Абдан жакшы болгон. Ошонун шарапаты менен өзүмдүн дари тилимди сактап калдым. Бул үчүн ата-энем жакшы шарт түзүп беришкен убагында.

- Кыргыз тилин да өздөштүрүп алгандырсыз?

- Албетте. Биринчи класска баргандан тарта кыргыз тили сабагын берилип окугам. Экинчи класста кыргыз тили мугалими жана кыргыз курбуларым менен кадимкидей сүйлөшүп калгам. Төртүнчү класста окуп жүргөнүмдө мектепте өткөрүлгөн кыргыз тили боюнча олимпиадада биринчи орунду ээлегем.

Дагы караңыз Ооганстан: Кыргызстанга туулган коркунуч

Бул мээнетим текке кеткен эмес, албетте. Чогуу окуган курбуларым менен жолугуп калганда кыргызча сүйлөп, сырдашам. Кыргыз тилин унутуп калбаганга аракеттенем. Мен азыр араб арибинде жазып, окуй алам. Түрк, англис, немис тилдерин курстарга барып үйрөндүм.

- Турмуш куруу ниети болсо керек?

- Ооба, жакында той өткөрөбүз.

- Болочок жолдошуңуз кайсы улуттун өкүлү?

- Атамдын жакын досунун уулу. Кыргызстанда жашаган ооган жигит.

- Кыргызстанда жашаган оогандардын коомдук бирикмеси бар дешет. Сиз ошол бирикменин жаштар канатын жетектейт экенсиз. Булар тууралуу кандай маалымат бере аласыз?

- Кыргызстанда жашаган 1500дөн ашуун жердешибиздин башын бириктирген "Ооган диаспорасы" аттуу коомдук бирикме 2017-жылы ноябрь айында уюшулуп, 2018-жылы Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына кирген. Бирикменин жаштар канатын жетектөө милдети башынан эле мага жүктөлгөн. Уюмубуздун уюшулушу улуттук маданиятыбыздын, тилибиздин, каада-салттарыбыздын сакталышына өбөлгө болду деп айта алабыз. Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамындагы башка улуттардын уюмдарынын катарында ар кандай элдик майрамдарды өткөрүүгө катышып жатканыбыз биз үчүн чоң кубаныч.

- Кичинеңизден бери Кыргызстанда жашап, кыргызча сүйлөп, кыргыздын да кызы болуп калыптырсыз. Бул элдин каада-салттары, үрп-адаттары сизге жагабы?

- Чынын айтсам, майдай эле жагат. Бардыгы жакшы. Бардыгы кызыктуу. Мен аларды жакшы билем. Элибиз бул асыл салттарын жоготпой сактап жүрсө экен деп тилеп калам кээде.

Дагы караңыз Убадасын бузган талибдердин согуш ыкмасы

- Кырк жылдан бери тынчтык орнобой келаткан тарыхый мекениңиздер – Ооганстанда кийинки учурларда дүйнө элин кабатыр кылган кооптуу окуялар болуп жатканына тынчсызданып турсаңыз керек. Ал жакта жакын туугандарыңыздар барбы? Алар менен кабарашып турсаңыз керек?

- Ооба, жакын туугандарыбыз бар Ооганстанда. Бат-бат байланышып турабыз. Абал күндөн-күнгө курчуп баратат. Бирок ооган эли көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн тайманбай күрөшүп келет. Эл эртеби-кечпи жеңишке ээ болот деген үмүт бар.

Аңгемелешкен Мирзохалим КАРИМОВ