"Талибандан" качкан оогандар, аэропорттогу дүрбөлөң

Кабулдагы аэропортто АКШнын аскердик учагынын жолун тосууга аракет кылган ооган жарандар. 16-август, 2021-жыл.

Кабул аэропортундагы башаламандык маалында жети киши каза тапканы белгилүү болду. Талибдер ооган баш калаасына көзөмөлүн орноткондон бери миңдеген ооган жарандары өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатат.

24 саатка жетпеген убакыттын ичинде Кабул шаарындагы кырдаал чукул өзгөрдү. Бир күн мурда эле Кабулдун көчөлөрүндө ооган коопсуздук күчтөрү элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып жатса, бүгүн алардын ордун талибдер ээледи.

"Дүкөндөр кайра ачылып жатат. Тургундар үйлөрүнөн чыгышты. Жашоо өз калыбына түшүп баратат. Бирок эл келечегин ойлоп, тынчсызданып турат", - деп билдирди "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун Кабулдагы кабарчысы.

Өкмөт кулады, талибдер Кабулду ээледи

Бирок өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооган жарандары жана чет өлкөлүктөр Кабулдун башкы аэропортуна агылып, аба майданда башаламан кырдаал жаралды. Социалдык тармактардагы видеолордон ондогон оогандыктар эвакуация учагы менен кошо жарышып баратканын көрүүгө болот.

Пентагон аэропортто курал-көтөргөн жана коркунуч туудурган эки киши жок кылынганын билдирди. Азырынча расмий өкүлдөр калган беш адам кандай жагдайда каза тапканын ырасташа элек. Айрым күбөлөр Reuters агенттигине билдиришкендей, Кабулда жүздөгөн адамдар учакка күч менен кирүүгө аракет кылганда беш адам каза тапты. Ага чейин жоон топ элди тынчтандыруу максатында асманга ок атылганын америкалык расмий өкүлдөр жана күбөлөр ырасташкан.

Хамид Карзай атындагы аэропорттун бийлиги "талап-тоноочулукту алдын алуу үчүн" бардык коммерциялык каттамдарды токтотууга аргасыз болду. Мындан улам аэропортко топтолгон элдин көп бөлүгү учуп кете албай жатат. Кабулдан учуп чыгып кетүүгө үлгүргөн ооган жарандары болсо мекениндеги кырдаалга кабатыр болуп турушат.

"Дүйнө Ооганстанды таштап койгонуна ишене албай турам. Эми алар биздин досторубузду, баарыбызды өлтүрөт. Аялдардын эч кандай укугу болбойт", - деп ыйламсырады Индияга жеткен оогандык келин.

Ооганстандын Жарандык авиациясы башкармалыгы Кабулдун аба мейкиндиги армияга өткөрүлүп берилгенин кабарлап, транзиттик каттамдагы учактарды башка жакка конууга чакырды. Аны улай ири авиакомпаниялар Ооганстандын аба мейкиндиги аркылуу өткөн каттамдарын токтотушту.

Учурда ооган баш калаасындагы негизги аэропортту АКШнын күчтөрү көзөмөлдөп турат. 16-августта 60тан ашуун мамлекет иш жүзүндө талибдерге кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандарга коопсуз коридор түзүп берүүгө чакырышты.

"Жолдор, аэропорттор жана чек аралар ачык болушу керек. Ооган эли коопсуз жана ар-намысы корголгон шартта жашоого татыктуу. Биз, эл аралык коомчулук, аларга жардам берүүгө даярбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөнүн реакциясы жана сүйлөшүүлөр

"Талибан" жекшембинин кечинде соңку 20 жылда биринчи жолу Кабулга кирип, Батыш өлкөлөрү колдогон өкмөттү кулатты. Анын алдында ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Гани дүйшөмбүгө караган түнү билдирүү таратып, мындай чечимди "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" кабыл алганын айтты. Бирок ооган саясий элитасы Ганинин бул кадамын сындап жатат.

Тажикстандын бийлиги Ашраф Гани Дүйшөмбүгө келгенин четке какты.
Айрым маалыматтарга ылайык, Гани Ташкентке жөнөп кетиши мүмкүн.

АКШнын президенти Жо Байден эки күн мурдагы билдирүүсүндө америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү тууралуу чечимин коргогон.

"Американын башка өлкөдөгү жарандык согуштун чордонунда түбөлүккө кала бериши мен үчүн кабыл алынгыс", - деп белгилеген Байден.

"Талибан" кыймылынын жоочусу, Кабул, 16-август 2021-жыл.

Андан бери АКШ президенти Ооганстандагы соңку кырдаал тууралуу билдирүү тарата элек. Бирок Ак үй кабарлагандай, президент Байден менен вице-президент Камала Харрис улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер менен жолугуп, эвакуация процесси тууралуу соңку маалыматтарды укту.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш "Талибанды" жана бардык тараптарды гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүүгө жана ооган жарандарынын өмүрүн сактоого чакырды. Ал өзгөчө аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого үндөдү. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ооганстандагы соңку кырдаалды 16-августта талкуулаганы жатат.

Британ премьери Борис Жонсон Батыш өлкөлөрүн алдын ала макулдашпастан талибдердин бийлигин тааныбоого чакырды.

"Биз эч бир тараптын "Талибанды" бир жактуу таанып коюшун каалабайбыз. Көз караштарыбыз окшош тараптардын ортосунда бирдиктүү позиция болушун көздөйбүз. Биз Ооганстан кайра террорчулардын чордонуна айланбашы үчүн колдон келгенди кылабыз", - деди Жонсон.

Дагы караңыз Талибдер курчаган Кабулда кыргыздар да бар

Москва Ооганстандагы элчиси талибдердин жетекчилиги менен байланышта экенин билдирип, элчи 17-августта Кабулда "Талибандын" коопсуздук боюнча координатору менен жолуга турганын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Замир Кабулов Москва талибдердин иш-аракетине жараша, алардын бийлигин таануу, же тааныбоо маселесин чече турганын айтты.

"Талибан" эмне дейт?

Талибдер май айында АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштагандан бери ооган армиясына каршы чабуулдарын күчөтүп, июнь-июль айларында бир топ райондорду ээлеп алган. 6-августта алгачкы провинциясы борборун колго алып, андан тогуз күн өтүп-өтпөй Кабулга жетип келди.

Эми талибдер оогандардын башын бириктирген ислам өкмөтү түзүлөрүн ишарат кылып жатат.

"Биз бардык ооган элин, өзгөчө Кабулдун калкын жана биздин жоокерлерди улуу жеңиш менен куттуктайбыз. Биз өткөн жол күтүүсүз болду. Биз эч качан күтпөгөн позицияга жеттик", - деп билдирди дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын" лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар.

"Эми биз элге кызмат кыла аларыбызды жана коопсуздукту камсыз кыла аларыбызды көрсөтүшүбүз керек".

Талибдер Кабулдагы аэропортко кеткен жолду кайтарып турушат, 16-август 2021-жыл.

Анын алдында "Талибандын" басма сөз өкүлдөрүнүн бири Мухаммад Наим "согуш бүткөнүн" жарыялап, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугу камсыз кылына турганын айткан.

"Биз бардык өлкөлөрдү жана субъекттерди биз менен отуруп, бардык маселелерди жөнгө салууга үндөйбүз", - деп билдирген Мухаммад Наим.

Азырынча талибдер башында турган өкмөт качан түзүлөрү белгисиз. Буга чейин Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай башында турган топ бийликти өткөрүп берүү маселеси менен алектене турган координациялык кеңеш түзгөнүн жарыялаган.

Талибдер 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстанды башкарган. Алар бийликте турган учурда адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндердин укугу басмырланганы белгиленип келет. АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон террордук чабуулдардан кийин Ооганстанга кирген. Көп өтпөй талибдердин бийлиги кулаган эле. Эми "Талибан" 20 жылдык согуштан кийин кайра бийликти колго алууда.