Июнь окуясы Кыргызстан үчүн сыноо болгон

"Энелердин көз жашы" мемориалдык комплекси, Ош шаары, 10-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогалаңында набыт болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Оштогу «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коюп, курман болгондорго куран окуду.

Мамлекет башчы кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда 2010-жылдын июнь айындагы коогалаң эгемен мамлекет үчүн эң оор сыноо болгону айтылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коогалаңдын курмандыктары эскерилди

Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Рашидхон Ходжаев «Азаттыкка» 10 жыл ичинде карапайым эл эмне болгонун түшүнгөнүн айтты:

«Кыргыз менен өзбек бир эл. Бир жерде жашап, кылымдардан бери бирге жашап келгенбиз. Кыз алып, кыз берип, куда-сөөк болуп келген элбиз. Бизди эт менен тырмактай ажырата албайт. Айрым чыккынчылар өздөрүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн элди козгоп, жаман иштерди кылып жатышат. Эки эл бири-биринин маданиятын, үрп-адатын терең үйрөнгөндө, куда-сөөк күчөгөндө ынтымак мындан да жакшы деңгээлге чыгат».

Бул жолу карантинге байланыштуу жылдагыдай эки улуттун жүздөгөн өкүлдөрү катышкан чоң эскерүү иш-чаралары болбосо да «Энелердин көз жашы» эстелигине күл коюп, жакындарын эскергени бирин-серин адамдар келип жатты. Алардын бири - Ош шаарынын тургуну Базарбай Ибраимов:

«Чоң иш-чара өткөрүшмөк. Пандемиянын айынан өтпөй калды. Экинчи мындай тополоң болбосун, жакшылык болсун, аманчылык болсун. Жакшы демилгелерди ишке ашыруу керек. Тынчтык керек, аманчылык керек. Эки улуттун мамилеси мурункуга караганда оңолду, «сен-мен» жоголду. Бир үй-бүлөдөй болуп калган убагы».

2010-жылы болгон калабада 400дөн ашуун адам каза таап, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жарадар болгон. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Ондогон турак жайлар талкаланган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: Жаңы муунду ынтымакка, сабырдуулукка тарбиялайлы

Жабыр тарткандарга эл аралык уюмдардын жана мамлекеттин жардамы менен көп кабаттуу имараттар курулган. Алардын бири Манас-Ата кичи районунда жайгашып, бүгүн анын короосунда балдардын күлкүсү жаңырып, мал союп, каза болгон адамдарды эскеришүүдө.

«Биздин жамааттар жакшы уюштурушуп, топтолушуп, куран түшүрүп, кан чыгарып эскерип жатабыз. Быйыл пандемия болуп, биз тараптан төрт өкүлдү жөнөттүк. Өзбек-кыргыз аралашып жашайбыз. Ынтымакта эле жашашат. Биз мурунтан эле кыргыз-өзбек бирге жашап жүрөбүз, куда-кудагый, дос болуп жүргөнбүз. Бир паста эле түшүнбөстүктөрдөн улам июнь окуясы чыгып кеткен», - деди калабада агасынан ажыраган Гүлнура Аликулова.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Июнь коогасы: Аралаш жашагандардын тилеги

Ал эми Ош шаарынын тургуну, самсачы Бахадыржан Жороев мындай деди:

«Кошунаң тынч - биз тынч. Калк тынч - биз тынч. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Өзгөчө абалдан кийин дүкөндөр ачылып, самсаны да сата баштадык. Баары жакшы кетип жатат. Ынтымак аябай жакшы деңгээлде. Кыргыздар ушул жерге келип тамактанып кетишет. Ага-инидей ынак жүрөбүз. Бир ата, бир эненин балдарындай жүрөбүз. Заманыбыз тынч».

Туштүктөгү улут аралык мамилелерди чыңдоого, ынтымакка үндөөгө чакырган ири иштер мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганы айтылып келет.

2010-жылы эки баласынан ажыраган Турдубек Сулуев күнөөлүүлөр табылбай калганына кейиди:

«Азыр эми унутта калып калды. 10-июнда гана эскербестен, күнөөлүүлөрдү жоопко тартыш керек. Күнөөкөрлөрдү жоопко тартпагандыктан, биздин бийликтин жоопкерсиздигинен 2010-жылкы окуя чыгып жатат. Унутка калтырбаш керек. Күнөөкөрлөрдү издеп табыш керек».

Дагы караңыз «Персона нон грата болгонума капамын»

«Human Right Watch» эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Кыргызстандагы июнь окуяларынын 10 жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты. Анда кыргыз бийлиги 2010-жылы июнь коогасы учурунда жана андан кийин орун алган укук бузууларга жооптуу адамдарды аныктап, акыйкаттыкты орнотуу багытында керектүү чараларды көрө албаганы белгиленген.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм улут аралык араздашууга байланыштуу кылмыш иштеринин көбү аягына чыкпай калганы, айрым сот иштери кыйноо тууралуу айыптар менен коштолгонун билдирди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Июнь окуясы: 10 жыл мурун эмне болгон?

Жалал-Абад облусунда жана шаарында июнь коогасынын он жылдыгына карата иш-чаралар 12-июнда өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​