4-январда Лондондогу Олд-Бейли сотунун алдында АКШда тыңчылык үчүн айып коюлган Жулиан Ассанждын тарапташтары британдык соттун чечимин кубануу менен кабыл алышты.
Ассанжды экстрадициялоого каршы түзүлгөн кыймылдын жетекчиси Жон Риз күрөш улана берерин жар салды. «Кошмо Штаттар соттун чечимин даттанганы турат, анан иш андан жогорку сотко барат. Бизге күрөштү кайра баштоого туура келет. Америкалык жаза аткаруу системасы кандай начар экенин ушундан билгиле, ал тургай бул тууралуу сот өзү айтты» - деди Риз.
Ал адвокаттар Ассанж менен сүйлөшүп, күрөөгө бошотуп чыгуунун аракетин көрүшөрүн да кошумчалады.
Лондон сотунун судьясы Ванесса Бараицер Ассанждын саламаттыгынын психикалык акыбалынан улам аны Кошмо Штаттардын бийлигине өткөрүп берүүнү четке какты. «Себеби Ассанждын өз жанын кыюу боюнча ойлорун ачыкка чыгарган далилдер бар», - деди судья.
Ассанждын адвокаттары дагы психиатрларды чакырып көрсөткөндө, адистер «ВикиЛикстин» негиздөөчүсүнөн депрессиянын жана аутизмдин белгилерин табышкан.
АКШнын бийлиги британ сотунун бул чечимине макул эместигин, аны жокко чыгаруу үчүн мыйзамдуу ыкмаларга бара тургандыгын билдирди. Кошмо Штаттарда «ВикиЛикстин» негиздөөчүсү 175 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.
Ассанждын адвокаты Женнифер Робинсон соттун чечимин кубаттаганы менен сөз эркиндигин коргоо жааты көз жаздымда калганын айтты.
«Сөз эркиндигин коргогон британ журналисттери жана уюмдары соттун бул чечимин кылдат талдап чыгышы керек. Соттун журналисттик ишмердикти кылмышка теңеп, «Мамлекеттик купуя жөнүндө» мыйзамды бузду деп айып салганын алдыдагы күндөрү талкуулайбыз» , - деди адвокат.
Лондон соту Ассанж «маалыматты хакерлик жол менен алгандыктан, анын кылганы журналисттик ишмердиктин чегинен чыгып кеткен» деп тапты.
Дагы караңыз Ассанждын колго түшүп берүү шарты«Манастагы» база, Бакиевдердин үй-бүлөсү
АКШнын прокурорлору 49 жаштагы Ассанжды тыңчылык жана компьютерди мыйзамга каршы колдонгондугу үчүн айыпташууда. Ал «ВикиЛикс» интернет-порталы аркылуу 2010-жылы АКШнын жашыруун аскердик материалдарын жарыялап, америкалык жоокерлердин Ирак менен Ооганстандагы айрым жосунсуз жоруктарын ашкерелеген.
Жарыяланган материалдардан Бишкектин сыртындагы «Манас» аскердик базасы (мурдагы Ганси базасы) жөнүндө да окуса болот. Андагы маалыматка ылайык, АКШнын аскердик базасын жабыш үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга 3 миллиард доллар сунуш кылгандыгы тууралуу да Вашингтонго купуя баяндама берилген.
Дагы караңыз Бишкек-Минск: «кун кууган» куттуктооАл маалдагы АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер айым Кытайдын ошондогу Бишкектеги элчиси Цзаң Янниан менен жолугушканда «Бул маалымат чынбы?» деп сураганы, андай суроону күтпөгөн кытайлык элчи оозунан келмеси түшүп, орусча сүйлөгөндү да унутуп койгон экен.
Кытай элчиси ал такыр мүмкүн эмес экенин, Кыргызстанга Кытай 3 миллиард доллар жардам бериш үчүн ар бир жаранынан үч доллардан акча чогултушу керек экенин, муну кытайлыктар билип калса, өлкөдө ыңкылап болуп кетиши да ажеп эмес экенин айтканы баяндалган.
Дагы караңыз Т.Гфеллер: АКШ Кыргызстанда демократия аракетин колдойтЭлчи Гфеллер чуулгандуу маалымат чыгары менен билдирүү таратып, «Бул документтердин бири да чындыкка дал келет деп айта албайм. Бирок айтаарым – АКШ жашыруун сакталчу маалымат минтип ачыкка чыгып кеткенине терең өкүнүчүн билдирет. Биз муну айыптайбыз», - деп айткан.
Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттыкка» бул тууралуу айтып жатып, кытайлыктар менен андай сүйлөшүү эч качан болбогонун, документте айтылган 3 миллиард доллар Кыргызстан менен Кытай ортосундагы соода-сатык алакаларынын көлөмүн гана көрсөтүшү мүмкүн деп боолгологон.
«Викиликс» жазып чыккан дагы бир маалыматта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментине ал кездеги президент Курманбек Бакиевди кичүү уулу Максим атасын жоон санга атканы тууралуу имиштер тастыкталганын билдирген.
Мындай маалыматты элчиликтин кызматкерлерине Максим Бакиевдин жакын санаалашы, ошол кездеги Жаштар саясаты жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директири Александр Воинов айтып берген.
Катта жазылганга караганда, Максим Бакиев президент атасы Курманбеккке өтө орой мамиле кыларын, мамлекетти башкарууга түздөн-түз кийлигишип, бир катар ишкерлерге басым жасап жатканын Воинов элчиликтин кызматкерлерине билдирген. Чуулгандуу портал андай купуя маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин дипломатиялык кат алышуусунан таап чыккан.
Воинов «Викиликсте» жарыяланган маалыматты кийин төгүнгө чыгарып, Максим Бакиевге жакын жүрбөгөнүн жана Курманбек Бакиевди кантип атканын эч көрбөгөнүн «Азаттыкка» айткан. Бирок аны менен катар эле ал ата-бала Бакиевдердин мамилеси тууралуу АКШ элчилигинин кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн четке каккан эмес.
Дагы караңыз Wikileaks АКШнын жашыруун документтерин жарыяладыАссанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Лондон шаарындагы элчилигинде башпаанек таап келген. Акыры ал Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылы 11-апрелде британ полициясы аны кармаган. Ошондон бери аны АКШга өткөрүп берүү маселеси боюнча жүрүм улантылууда.
Сөз эркиндигин жана басма сөз эркиндигин жактоочулар, «Чек арасыз кабарчылар» сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Ассанжды айкындык үчүн күрөшкөн инсан катары коргоп келишет.
АКШнын Вьетнамга каршы согушунун доорунда, 1971-жылы Пентагондун бул согуш жаатындагы жашыруун маалыматтарын басма сөздө ачык жарыялап жибергендиги үчүн кеңири таанымал америкалык серепчи Дэниел Эллсберг Жулиан Ассанжды коргоп, 2010-жылдын 16-декабрында Вашингтондо басма сөз жыйынын өткөргөн. Ал эми 2020-жылы 16-сентябрда Лондонго келип, мындагы сотто Ассанжды колдоого алып сүйлөп, анын окуясын өзүнүн баштан кечирген окуясына теңеген.
Ассанж 2012-жылдан тартып жети жыл бою Эквадордун Лондон шаарындагы элчилигинде башпаанек алып жашады. Бирок Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылдын 11-апрелинде британ полициясы аны кармаган. Ошондон бери Вашингтон чуулгандуу Ассанжды АКШга өткөрүп берүү алууга канчалык аракеттенгени менен Лондон аны чече элек болчу.
Дагы караңыз Швеция соту Ассанжды камакка алуу тууралуу өтүнүчтү четке кактыАссанжга Швецияда зордуктоо доосу боюнча кылмыш иши да козголгон. Ал ошол кезде «муну швед бийлиги атайын эле АКШга өткөрүп бериш үчүн кылып жатат» деп айткан. Бул өтүнүч боюнча ишти Уппсала шаарынын соту 2019-жылы 3-июнда карап, аны четке каккан.
Ал - Австралиянын жараны. Анын атасы Жон Шиптон британ бийлигинен уулун Австралияга экстрадициялоону суранган.