Сотторду кодулоого каршы комитет түзүлдү

Сотторду коргоо комитетинин мүчөлөрү. 23-сентябрь, 2013-жыл.

Мындай комитет түзүлүшүнө "Ата-Журттун" үч депутатын актаган судьялар басым-кысымга кабылышы себеп болгону айтылууда.
Сотторду коргоо комитетинин өкүлдөрүнүн пикирине ылайык, судьяларга басым-кысым 2010-жылы апрель, июнь окуяларынын кийин көбөйдү. Укук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова мындан улам саясий чечим чыгарган учурлар арбыганын айтууда:

- Тенденциянын көбөйгөнү айдан-ачык эле көрүнүп турат. Мен укук коргоочу катары канчалаган соттор менен байланышам. Ошондо соттор саясий чечим чыгарганга укугум жок, бирок мажбур болуп жатам деп айтып жатышат. Абдан көп судьялардан угуп жатам. Мындай комитет түзүү тууралуу 1-2 жыл мурун айрым судьялар мага өздөрү кайрылган. Бирок депутаттарды актаган эки судьяга байланыштуу бышып жетилди. Биз Кыргызстандагы бардык соттордун укугун коргойбуз.

Курманкул Зулушев "Ата-Журттун" депутаттарын актаган.

Адвокат Жыргал Бабаев “Ата-Журт” партиясынын мурдагы депутаттарын актаган судьяларга басым-кысым тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Ташиевдердин ишин карагандан кийин сот болууга, иш кароого моралдык укугуңар жок деген мотив менен аларга башка иштерди караганга бербей жатат. Алар кабинетине келип, кечке отуруп, кайра саат беште кетет экен. Андан сырткары алардын соттук позициясы үчүн дисциплинардык түрдө иш козгоп койгон. Ал эми Соттор кеңешинде каралат. Мениче ошол кеңештин өзү Конституцияга каршы келет. Анткени соттор чыгарган чечим боюнча түшүндүрмө сурап жатпайбы. Ал эми Башмыйзамда соттор конкреттүү иш боюнча чыгарган чечими боюнча эч кимге отчет бербейт деп турат.

Медербек Сатиев Бишкек шаардык соттогу “атажуртчу” депутаттарды актаган судьялардын бири. Анын айтымында, төрага судьяларды эмгек өргүүсүнө чыгарбай койгон жана ишти кароодон четтетип, соңку айда гана кайра соттук коллегияга кошо баштады:

- Оозеки арыздангандан пайда чыкпагандыктан, биз соттун кеңсеси аркылуу каттоодон өткөрүп эки жолу арыз бергенбиз. Кайсы убакта эмгек өргүүсүнө чыгуу боюнча график бар. Биздин мөөнөтүбүз келгенде бергиле десек, ушундай чечим чыгаргандан кийин арыз жазып эле өз каалооңор менен кызматтан кетишиңер керек, болболсо эмгек өргүүгө чыкканга укугуңар жок деп койду. Мен мындайды эч жерден көргөн эмесмин. Мен кылмыш иштер боюнча коллегияда судья элем, жарандык иштерге боюнча коллегияга которуп, мына эми гана иштерди караганга бере баштады.

Бишкек шаардык соттун төрагасы Айдарбек Осмонов бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми шаардык соттун маалымат катчысы Марат Адылов сотторго ишти кароодон четтетилди деген дооматты четке кагууда:

- Судьяларга иш берилген. Курманкул Зулушев эки жолу ишти алган эмес. Ал боюнча акт түзүлгөн. Ал эми Сатиевге башынан баштап эле иш берилип жатат. Балким башында болгондур, бирок Медербек Сатиев жарандык иштерди карап жатат. Мыйзам боюнча иштерди төрага өзү бөлөт. Ал жерде бул муну бул, тигини тиги карайт деп белгиленбейт, төраганын буйругу менен гана чечилет.

Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Рита Карасартова соттор коргоого муктаж деп эсептейт:

- Эгер азыр соттордун көз карандысыздыгын сактабасак, анда сот системасы такыр эле жокко эсе болуп калат. Анткени соттор чечим чыгаргандан коркуп калышат. Сот системасы бузулат. Сотторду коргоо комитети деген пайда болду, эми ошого зарылчылык бар. Бирок соттор комитет бизди коргоп аткан турбайбы деп кабыл алар-албасын билбейм, бирок ушундай комитет керек. Болбосо биз аларды өзүңөрдү өзүнөр билгиле дегендей мамиле кылып жатабыз. Мындан улам алар ишинен ажырап калбайын деп, кылмыш иши козголбошу үчүн бийликтин жетегинде иштеген пайдалуу болуп жатат. Ошондуктан биз аларга коргоп атканыбызды көрсөтүшүбүз керек. Негизи аларды мыйзам коргош керек эле. Бирок мыйзам иштебей жатпайбы.

Мурунку депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык соттун судьяларынын ишин Соттор кеңеши ушул аптада карашы ыктымал.