Жогорку Кеңештин соңку эки жыйыны жабык өтөт

Жогорку Кеңештин жыйындар залы. 15-апрель, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын төрт кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу парламенттин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт жана ага журналисттер киргизилбейт.

Жогорку Кеңештин 24-июндагы жыйынында 91 депутат каттоодон өттү. Учурда коронавирус жугузуп алып ооруканада жаткан парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу “Фейсбук” баракчасына жүктөгөн сүрөттөн жыйындар залында 30га жетпеген депутат отурганын көрүүгө болот.

Нуракун уулу Жогорку Кеңештин күн тартибинде каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары kenesh.kg сайтына жарыяланып турарын билдирди.

Ибраим Нуракун уулу.

«Жогорку Кеңештин шаршемби жана бейшемби күндөрү өтө турган жыйындары түз эфирге чыкпайт. Себеби, мени менен байланышта болгон басма сөз кызматкерлердин жумушка чыгышына уруксат берилген жок. Ал эми 29-июнда сессиялык жылды жыйынтыктоочу кезексиз жыйын өткөнү жатат. Ошол маалга чейин кесиптештеримдин карантин мөөнөтү аяктаса, түз эфир менен камсыздоого аракет кылабыз. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жылдык маалымат жыйынын да өткөрүү форматын пландап жатабыз».

Жогорку Кеңештин сайтына илинген күн тартибинин долбооруна көз чаптыра турган болсок, 24-июнда 20 маселе, 25-июнда 37 маселе карала турганы жазылган.

Арасында коомчулукту кызыктыра турган “Саясий партиялар жөнүндө” жана коомдо сынга алынган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорлору бар.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, дагы бир талаштуу демилге каралып жатат.

Дастан Бекешев

«Коомчулук кооптонуп жаткан дагы бир мыйзам долбоору бар. Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан орусиялык эки телеканалга байланыштуу демилге да үчүнчү окууда каралды. Тилекке каршы, бул маселеге эч ким көңүл бурган жок. Мен өз пикиримди билдирип, каршы добуш бердим. Аталган мыйзам долбоору менен Орусиянын каналдарына Кыргызстандын жарнама базарына киргенге уруксат берип жатабыз. Мен жарандарды жакшы түшүнүп турам, алар талаштуу мыйзам долбоорунун тагдырына кызыгып жатышат. Бирок мындай болуп кетишин эч ким күткөн эмес, парламент атайылап жабык режимге өтүп алган жок».

Дастан Бекешев айтып жаткан мыйзам долбоору үчүнчү окууда депутаттардын колдоосуна ээ болуп, добуш берүгө жөнөтүлдү.

24-25-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин имаратына жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү дагы киргизилбей турган болду. Журналист Тынчтык Алтымышев мындай чечимдер парламенттин ишине көлөкө түшүрөт деген ойдо.

Тынчтык Алтымышев

«Маселе кайсы бир мыйзамдын жашыруун өтүп кеткенинде эмес. Бул жерде парламентаризмге, ачык-айкындуулукка доо кетип жатпайбы. Кандайдыр бир мыйзам долбоору, ратификация, грант, насыялар боюнча ким кандай добуш берди, депутаттардын позициясын эл көрүп туруш керек эле. Алтынчы чакырылыштын акыркы сессиялары бул парламенттин отчету катары кабыл алынат. Жылда эле Жогорку Кеңеш кетер алдында толтура мыйзам кабыл алмай адат таап алды. Бул өтө жаман жол. Парламентте азыр деле 150гө жакын киши иштеп жатат. Пандемияны шылтоо кылбай эле басма сөз кызматынын эки кызматкери ишке чыкса болмок».

Жогорку Кеңештин депутаттары июнь айы толугу менен иштесе, июлдан баштап эки айга эс алууга кетет. Быйыл октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк депутаттар жайкы каникулдан кийин күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп аймактарды кыдырып кетет.

Азыркы депутаттардын көпчүлүгү кайра мандат алууга аракет кылып, шайлоого катыша турган партия, саясий бирикмелерге кошулуп жатканы байкалууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоочулардын үмүтүн актаган жок деген пикирди карманууда.

Ишенбай Кадырбеков

«Бул чакырылыштын депутаттары болгон деңгээлине жараша иштешти. Жалпылап алганда Кыргызстанга пайда алып келген жок. Керектүү мыйзамдар кабыл алынып, көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн жок. Парламент Кумтөр алтын кени боюнча үн каткан жок. Анысы аз келгенсип, Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен мөңгүлөрдү талкалаганга жол берди. Казакстан бере турган 100 миллион доллар боюнча келишимди денонсация кылып коюшту. Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча келишим бир тараптуу жокко чыгарылып, 37 миллион доллар элдин моюнуна жүктөлдү. Айтып отурса мындай мисалдар түгөнбөйт. Булардын пайдасынан зыяны көп болду».

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен алты саясий партиянын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт. Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​