Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды тармактык комитетте кароо кийинкиге жылдырылды


Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кароо маселеси парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 22-июндагы жыйынын күн тартибинен алынды. Буга мыйзамдын демилгечилеринин келбей калганы себеп болду.

Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Жанарбек Акаев долбоордун авторлору комитеттин кароосунан убактылуу, келерки аптага чейин чакыртып алганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси, эл өкүлү Бактыбек Райымкулов башка жакта болуп калганы үчүн комитеттин бул жыйынына катыша албай калганын айтты. Ал «долбоорду чакыртып алышты» дегенди төгүндөп, жөн гана күн тартибинен алып турууну суранышканын билдирди.

Райымкулов долбоор үчүнчү окууда кароого же келерки аптада, же күзүндө киргизилерин «Азаттыкка» тактады.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 18-июнда экинчи окууда кабыл алган. Ага 89 депутат "макул", 9у "каршы" добуш берген. Документ комитеттерден үчүнчү окуудан өтсө, кайра жалпы жыйынга чыгарылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартарын жарыяласа, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 175 уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Өткөн аптада президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын кайрылуусуна “эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин пикир эске алынат” деп жооп берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG