Америкалыктардын жаңы үмүтү Байденде

АКШнын 46-президенти катары ант бергенден кийин Жо Байденди жубайы Жилл Байден куттуктап жатат. 

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ак үйдөн чыгып кетип жаткан учуру.

Инаугурациядан кийин Вашингтондогу Линкольн мемориалындагы "Американы майрамдоо" иш-чарасы учурунда атылган салют. 

Жо Байден жана биринчи айым Жилл Байден инаугурациядан кийин Ак үйдөн салют көрүп жатышат.

Инаугурациядан кийинки Ак үйдөгү маанай. 

Байдендин тарапташтары инаугурациядан кийин Вашингтондун көчөлөрүндө майрамдап жатышат. 

Вице-президент Камала Харрис жана аны күйөөсү Дуглас Эмхофф инаугурациядан кийинки салтанаттуу кечеде. 

АКШнын президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл, жаңы шайланган вице-президент Камала Харрис күйөсү Дуглас Эмхофф менен.

Луизиана штатындагы үй-бүлө Жо Байдендин инаугурациясын сыналгындан көрүп отурган учуру. 

Жо Байден ант берип жатат. 

Камала Харрис вице-президентикке киришүү антын берди.

78 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үйбүлөлүк Библияга колун койду. Ошентип, АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.

Ырчы Лэди Гага ант берүү аземинде АКШнын гимнин ырдады. 

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обама, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш жана АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси Жо Байдендин инаугурациясына келишти.

АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин, 20-январда, мурдагы президент Дональд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарып, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду.

Жо Байдендин инаугурациясынан кийинки Колорадо штатында бир катар жарандар ынды каралардын укугун коргоого чакырып жүрүшкө чыкты. 

Жаңы президент Жо Байден элге кайрылуу жасап жатат. 

Гондурастык мигрант чач тарачта отуруп Байдендин ант берүү аземин көрүп жаткан учуру. Мексика.  

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жаңы президент Жо Байденди куттуктап жатат. Алар коронавирус шартындагы ишараны жасап, колдорун тийгизишти.

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.