Жер талаштын айынан алты адамга ок атылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү алты тургун жараат алды. Үчөөнүн абалы оорлоп, аларга Нарын облустук ооруканасында операция жасалды. Азыр укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирип, окуяга себепчи болду делген Бакыт Кыдырмышовду суракка алып жатат.