Жер көйгөйүн айткандар парламент жанында түнөдү

Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.

Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 50 чакты тургуну парламенттен жерди трансформациялоону талап кылып, 25-июнга караган түнү Ак үй алдында түнөштү.

Алар Жогорку Кеңеш жайкы каникулга кеткенге чейин үй салган жерлерин мыйзамдаштырып, трансформациялоо маселесин чечип беришин талап кылып жатат.

Ак үйдүн алдына чогулгандар 18-июндан 8-июлга чейин митинг өткөрүүгө Бишкек шаардык мэриясына кат түрүндө кайрылышкан.

Талаптары аткарылмайынча, тарабай тургандыгын билдирип жатышат. Нааразылык акциясынын катышкандардын бири Мээрим Исмаилова чогулгандардын талабын айтып берди:

«Биз Жогорку Кеңештен жайкы каникулга кеткенге чейин жерди трансформациялоо маселесин чечип беришин өтүнүп жатабыз. Митингге чыкканыбызга бир ай болуп калды. Кечээ Ак үйдүн алдына түнөдүк. Анткени, мыйзам долбоору биринчи окуудан каралгандан кийин өкмөт кайра артка кайрып кетиптир. Биз өкмөткө барсак алар парламентке шылтайт, депутаттар болсо аткаруу бийлигине шылтап жатышат. Ортодон бизди мышык-чычкан ойнотушту».

Дагы караңыз Талаштуу жерлердин тагдыры чечилди

Мээрим Исмаилованын айтымында, нааразычылык акциясына чыккандар бүгүн, 25-июнда да Ак үйдүн айланасында таң атыра турган болушту. Алар ушундай жол менен тиешелүү кызмат адамдарынын көңүлүн бурдургусу келет.

Пикетке чыккандар Ак үйдүн батыш тарабындагы паркта түнөштү.

Митингдин катышуучулары кабыл алынышын талап кылып жаткан мыйзам долбоорлору «Сугат жана айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" деп аталат.

Анда Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда 2009-жылдан кийин курулуш жүргөн тилкелер камтылган.

Жалпы жонунан 1711,8 гектар жерди трансформациялоо пландалып жатат. Мыйзам 22-июнда Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда каралмак. Бирок кыргыз өкмөтү документти күн тартибинен чакыртып алган. Өкмөттүк аппараттын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев мындай деп түшүндүрмө берди:

Алмаз Жээналиев

«Мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин 18 депутаты ар кандай сунуштарды киргизген. Биз аларды карап чыгуу максатында күн тартибинен алдырганбыз. Мыйзамда инфраструктураны жер ээси төлөсүн дегенбиз. Мындан тышкары жерди басып алса же багытын өзгөртүп колдонсо, 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып бар болчу. Азыр ошону 5-7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу керек деп өзгөрттүк. 18 депутат мыйзам долбоорунун кээ бир пункттары менен макул болгон жок».

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасы Нурбек Алимбековдун айтымында, депутаттардын көпчүлүгү аталган мыйзам долбоорун колдоп жатышат. Ал документти тез аранын ичинде кабыл алууга аракеттер жүрө баштаганын кошумчалады.

«Ак үйдүн алдында митинг болуп жатканын биз дагы билебиз. Кечээ өзүм барып, жолугуп келдим. Мыйзам долбоорду өкмөт күн тартибинен чакыртып алган. Азыр өкмөт башчынын өзү менен сүйлөшүп, жайкы каникулга кеткенге чейин чечип бергенге аракет кылып жатабыз. Эгер биз ойлогондой болсо, мыйзам долбоорун бир күндө үч окуудан өткөрүп кетсек болот».

Нурбек Алимбеков сөз болуп жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна качан коюларын так айткан жок. Бул парламент 29-июнда кезексиз жыйынга чогулгандан кийин эки айга эс алууга тарап кетет.

Дагы караңыз Сузакта чатырга көчүрүлгөндөрдүн түйшүгү

2018-жылы дагы айдоо жерлерге там салынып, калган тилкелерди трансформация кылып, мыйзамдаштыруу боюнча документ кабыл алынган.

Ал жерде 2009-жылга чейин курулган турак жайлар гана камтылган эле. Өкмөттүн планы боюнча 14 миң гектар жер трансформация болмок. Азыркы учурда 200 гектар жерге документ берилгени айтылып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков аталган мыйзам өзүн актабай турганын айтууда.

Эсенгул Исаков

«2009-жылдын 31-июлуна чейин» салынып калган үйлөр трансформация болсун» деген мыйзам кабыл алып беришти. Ал мыйзам бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат. Себеби, жерлерди тизмеге киргизе турган райондук комиссия мүчөлөрү коркуп, бүгүн кол койсок, эртең кылмыш ишин козгоп салышы мүмкүн экенин ойлоп атышат. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып бердик дегени менен райондук комиссиялар иштебей жатпайбы. Ошондой эле жарым-жартылай кабыл албаш керектигин айткан элем. Мен болжогондой эле болду».

2005-жылдан кийин айрыкча Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен турак жайларды куруу күч алган. ​

Дагы караңыз Ак-Сууда жаштар жер маселесине нааразы

Бишкектин чет жакасында эле 6 миңге жакын үйдүн документи жок экени айтылып келет. Айыл чарба категориясына кирген ал жерлерге үй салууга уруксат берилбегендиктен, бул үйлөр мыйзамсыз деп саналат. Жыйынтыгында, ал жерде жашаган жарандардын жол, суу, мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрү чечилбей келет.

Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган. Аталган документ азыр да күчүндө. Бирок ага карабастан сугат жерлерде пайдубал түптөгөндөр азыркыга чейин тыйыла элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​