“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө “Адал акча таап берем” дегендерге алданган Султан, тааныш аялга өз атынан насыя алып берип банкка карыз болгон Гүлшан жана милициянын ишине нааразы ардагер Кыдырбек Энкебаев кайрылды.
Бишкек шаарынын тургуну Гүлшан Залкарбек кызы “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө кайрылып, 2019-жылы тааныш аял анын жана сиңдисинин атынан насыя алдыртканын, бирок аны ушул кезге чейин төлөбөй качып жүргөнүн айтып берди. Гүлшан учурда качып жүргөн аялдын күйөөсү кепил болгонун (поручитель) билдирди.
“2019-жылы тааныш аялга өзүмдүн жана сиңдимдин атынан 50 миң сомдон 100 миң сом насыя алып бергенбиз. Ал учурда жаш элек, кредит эмне экенин билчү эмеспиз. “3 миң сомдон берем” десе алданган экенбиз. “Кызым күйөөгө тийди, жеңе төшөгүнө акчам жок болуп жатат” десе эле түшүнүп-түшүнбөй алып бериптирбиз. Ошол боюнча төрт жылдан бери качып жүрөт. Насыя төлөнбөй, үстөгү көбөйүп, иш сотко өтүп кетти деп жатышат. Аялдын күйөөсү кепил болгон (поручитель). Ага айтсам “жумушум жок болуп жатат” дейт. Ушул кредиттен улам башка буюм-тайымдарды да бөлүп төлөө жолу менен ала албайт экенсиң. Аялдын күйөөсү “сотто сени тааныбайм деп коём” деп жатат. Биз алданып калдык”, - дегенГүлшан Залкарбек кызы жалгыз бой экенин, үч баласы менен батирде турарын кошумчалады.
Дагы караңыз Кыргызстан жакырчылыктан чыгууда Кытай тажрыйбасын колдонобу?Юридикалык жардам кызматынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Камчыбек Салихов Жарандык кодекстин 343-беренесинде кепилдик келишими так жазылганына токтолду.
"Эгерде банк сотко кайрылган болсо, карызкор кепил болгон адамды дагы сотко чакыртсын. Жарандык кодекстин 343-беренесинде кепил болуучу менен карызкор толук жооп берет деп турат", - деди ал.
Жарандык кодекстин 343-беренесинин 1-пунктунда Кепилдик келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткаруу милдетин алат деп жазылып турат.
Салихов ушул эле кодекстин 344-беренесинде кепил болгон адамдын жоопкерчилиги да каралганын белгиледи.
Дагы караңыз Былтыр Кыргызстанда 45 миңден ашуун кылмыш иши катталган
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылынын тургуну, ардагер Кыдырбек Энкебаев милиция анын короосуна кирген ууруларды кармоо боюнча ишти токтотуп койгонун айтып, “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө кайрылды. Энкебаевдин айтымында, 2021-жылы декабрда анын короосунан темир буюмдар жана шаймандар жоголгон. Ал башында уурулук беренеси менен козголуп, кийин белгисиз себептен улам токтоп калганын айтууда.
“2021-жылы декабрда Бишкек шаарында көзүмө операция жасатып, үйдө 4-5 күн жок болгом. Келсем сарайдагы буюмдар жок экен. Аймактык милицияга кайрылдым. Кийин Кант районунун милициясына кайрылдым. Үйгө келип эмне буюмдар уурдалганын, көрүп кетишкен. Бирок иш токтоп калды. Кийин Ички иштер министрлигине кайрылдым, алар да убакытты созуп отуруп Чүй облустук милициясына жөнөтүштү. Иш бир жыл, эки айдан бери токтоп турат”, - деди ал.
Энкебаевдин айтымында, ал көп жыл бою мектепте кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеген. Үйүндө чакан өнөрканасында темир-тезектен ал ар кандай буюмдарды жасайт.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков Үч-Эмчек айылынын тургуну Кыдырбек Энкебаев короосунан темир буюмдар жана шаймандар уурдалганын айтып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 2022-жылы 24-январда кайрылганын “Азаттык” радиосуна билдирди.
“Аталган арыз Ысык-Ата РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган белгилер менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө маалында бөлүмдүн тийиштүү кызматтарына тергөө тапшырмалары берилип, аталган кылмышты жасаган адамдарды аныктоо максатында бир топ ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
2022-жылы 28-мартта бардык тергөө амалдары өткөрүлгөндөн кийин Жазык-процессуалдык кодексинин 246-беренесенин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун талабына ылайык, жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу токтотулган”, - деди ал.
Замир Сыдыков учурда аталган кылмыш иши боюнча Жазык-процессуалдык кодексинин 247-беренесенин талабына ылайык, кылмышты жасаган адамдарды аныктоо үчүн тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Дагы караңыз Каржы пирамидасын жарнамалаган блогерлер жазаланатУчурда Орусияда иштеп жүргөн Султан Замирбеков социалдык тармактагы “акчаңарды көбөйтүп берем” деген жарыяларга алданып, 30 миң сомунан кол жууганын айтып, кайрылды. Ал башында алданып калам деп такыр ойлогон эмес. Башында 5 миң сом салып, кийин дагы 25 миң сом которгон. Бирок, “акчаны көбөйтүп” берем дегендер каражатты алгандан кийин бардык байланыш номерлерин өчүрүп, байланышка чыкпай калган.
“Алия аттуу кызга алданып калдым. Негизи өзүмдөн дагы кетти. Мындай нерселерге ишенбешим керек эле. Инстаграмда, Телеграмда “адал акча таап берем” деген жарыялардан улам байкап көрөйүнчү деп акча салгам. Шилтеме менен кирсем Телеграм-каналы чыкты. Башында 5 миң сом салдым. Бир сааттан кийин 70-80 миң сомдой таптыңар деди. Картаңардын номерин жибергиле дегенде аны дагы салдым. Кийин картаңа акча которуу үчүн дагы 15 миң сомдой сал деди. Алдайт деген оюм жок болчу. Эртеси дагы 5 миң сомдой сал деди, аны салдым. “Башка картага түшүп калды, дагы 5 миң сом сал” дегенинен аны дагы салдым. Жалпысынан 30 миң сом салдым. Андан кийин “эмне болду, качан түшөт” деп кайра-кайра жазсам эле, Телеграмдан, Инстаграмдан мени өчүрүп, жок болуп кетти. Азыр ошол эле аккаунт Инстаграмда, Телеграмдагы-группаларда жүрөт. Мен го алданып калдым, башка кишилер алданбасын деген максатта силерге кайрылып жатам”, - деди ал.
Султан Замирбеков учурда Орусияда болгондуктан Кыргызстандагы укук коргоо органдарына кайрыла албай жатканын кошумчалады.
Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды жеңил, тез аранын ичинде киреше убада кылган каржылык пирамидаларга катышпоого чакырган. ИИМ ар кандай каржылык схемаларды алгач талдап, расмий органдардан маалымат сурап, анын чечим кабыл алуу керектигин белгилеген. Аталган министрлик каржы пирамида ишмердүүлүгүнө байланыштуу жүздөгөн факт катталып, алар боюнча материалдык зыян миллиондогон сомго жеткенин билдирген.
“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө 0550 988 755 номери аркылуу Ватсаптан жана Телеграмдан кайрылсаңыз болот. Ошондой эле, 0312 21 94 23 номерине чалып, сунуштарыңызды айтыңыз.