Чек арачылардын айылына жарык берилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы районунун аймагындагы Кыргызстан менен Кытайдын чек ара тозотуна электр кубатын жеткире турган зым тартылды. Бул тозотко жана анын жанында жайгашкан чек арачылардын айылына 30 жылдан бери жарык туруктуу берилген эмес. Айылда 16 кожолук бар.