Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө мыйзам сакталдыбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда саясий кризис жөндөлө элек. Өлкөдө бийлик вакууму жаралып, мыйзамдык талаага кайтуу аракетинен майнап чыга элек. 6-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты “Достук” мейманканасында чогулуп, парламент төрагасын алмаштырганын жана премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бул чечимдердин легитимдүүлүгүнөн бир нече депутат күмөн санап жатат. Укуктук негиздер кайсылар?