Алар мунун артында бийликтен кулаган кландык топтор менен криминал турганын айтып, жаңы өкмөт жабык эшик артында эмес, мыйзамдуу шартта түзүлүшүн талап кылышты.
6-октябрь күнү кечинде парламенттин бир топ депутаттары чогулуп, спикерди алмаштырып, премьер-министрдин милдетин аткарууга Садыр Жапаровду көрсөткөн. Анын алдында Жогорку сот Садыр Жапаровду шашылыш түрдө актаган өкүм чыгарган. Мунун баары мыйзамсыз экенин жарыялаган Координациялык кеңештин катарындагы бир катар депутаттар парламент жыйынын чакырып, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү боюнча демилге көтөрүштү.
Жаңы дайындоолорду четке кагуу
7-октябрда Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамы эртең менен Эски аянтка тизилген учурда саясатчылар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө өкмөт үйүнөн чыгып, машинеге отурган видео тасма Интернетке тарады.
Андан соң жарандык активисттер, жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү жана бир катар партиялардын мүчөлөрү парламент спикерин алмаштырып, премьер-министрдин милдетин аткаруучуну дайындаган депутаттык топтун чечимине каршы борбордук аянтка чогулушту.
Жарандык активист Марат Тагаев Ала-Тоо аянтындагы митингде жаңы эле түрмөдөн чыккан Садыр Жапаровду «кландык жана криминалдык топтор аркылуу бийликке умтулуп жатат» деп айыптап, ага токтоосуз түрдө чара көрүүгө чакырды:
«Садыр Жапаров, уятыңыз болсо, эл тарапка өтүңүз. «Чимкириктерге» таянба. Бийликке кылмыш дүйнөсүнүн, бийликчил партиялардын депутаттарынын жардамы менен эмес, элдин көмөгү менен келиш керек. Садыр Жапаровдун жанында Токмоктогу «Чемпион» деген криминал отурат. Аны Камчы Көлбаевдин адамдары колдоп жатат. Ошондуктан биз Камчы Көлбаевди камоону талап кылабыз. Бул талапты УКМКга жетекчи болууну көздөгөн Өмүрбек Суваналиевге да узатам. Бүгүн түндөн калбай Көлбаевди жана анын адамдарын камаш керек. «Каралар» камалышы керек».
Ошол эле кезде Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев митингдеги криминалдык-кландык топтордун башындагы кримтөбөл Камчы Көлбаевди камакка алуу тууралуу талап боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди:
«Милиция органдары алар менен иштейт. Биз азыр коопсуздук жагынан чара көрүп, Кыргызстан боюнча кырдаалды турукташтыруу менен алекпиз. Анткени соңку окуялардан кийин милиция деморализация болуп калган. Ошондуктан кызматкерлерди күжүрмөн абалга алып келип, коомдук коопсуздукту бекемдеп, андан кийин уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш-чаралар күчөтүлө баштайт. Азыр ички иштер жана коопсуздук органдарынын башында расмий түрдө эч ким жок. Ошол жетекчилер дайындалышы керек. Мен болсо Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары азыр ошол күч түзүмдөрүн жумушчу абалга алып келип, абалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды координациялап жатам. Жаңы дайындоолор болгондон кийин анан уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш башталат».
Жогорку Кеңештин «Достук» мейманканасында 6-октябрда чогулган депутаттар тобу төрага Дастанбек Жумабековдун жана өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун арызын кабыл алып, төрагалыкка Мыктыбек Абдылдаев менен премьер-министрдин милдетин аткарууга Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.
Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүн жокко чыгарууну талап кылды. Анткени юристтер жаңы өкмөт башчы менен спикерди тандоо мыйзам бузуу менен өткөнүн белгилешкен. Жыйында кворум болбогону, кызматтан четтетүүнү президент кабыл албаганы жана талапкерлерди көрсөтүү тартиби бузулганы көрсөтүлгөн.
«Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» карааны
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев депутаттык топту «кулаган бийликтин кызыкчылыгын көздөдү» деп айыптап, анын чечими жокко чыгарыла турганын билдирди:
«Мен бир катар депутаттар менен сүйлөштүм. Ал жыйынга 80ден ашуун депутат катышкан эмес экен. Аталган жыйынга болгону 30 депутат гана катышкан жана алардын көпчүлүгү кылмыштуу топтордун басымы менен чакыртылган. Фракциялардын башчылары менен макулдашуу болгон эмес. Булар Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алышкан. Аны президент катары ордунда калтырабыз деген аракеттери бар. Ошол эле убакта булар Матраимовдор менен да мамилеси жакын деп бүгүн маалымат алып атабыз. Ошондо алар кечээ «Мекеним Кыргызстандын», «Биримдиктин» өкмөтүн шайлашты. Биз болсо 50гө чукул депутаттын колун топтоп, жыйын чакырып, жаңы төрага шайлап, анан элдик ишенимдеги өкмөттүн курамын карайбыз».
«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова абактан жаңы чыккан саясатчылардын бийликке умтулганын айыптады:
«Эч кимге маалымат бербей эле депутаттар чогулуп алып жыйын өткөрүшкөн. Ага катышкандардын көпчүлүгү «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экен. Бул өтө чоң шек саноо жана кооптонуу жаратууда. Кечээги жыйынга катышкандардын артында Жээнбеков менен Матраимовдордун кланы турушу мүмкүн деп эсептейбиз. Төңкөрүштү кайсы бир саясий күчтөргө ыйгарууга болбойт. Революцияны эл жасады, бийлик да - элдики. Юридикалык бардык эрежелер бузулду. Жогорку Кеңештин отурумунун кворуму болгон жок. Өкмөт башчы менен спикерди шайлоо өтө одоно мыйзам бузуу менен ишке ашты. Мындай башаламандыкка жол бере албайбыз. Биз депутат Мыктыбек Абдылдаевди бийликке умтулган ар кандай күчтөрдүн кол жоолугу болбой, спикерлик кызматтан баш тартууга чакырабыз».
Садыр Жапаровдун жүрүшү
Кээ бир маалыматтар боюнча өкмөт башчыны жактырган жыйынга 31 депутат катышкан. Бирок Садыр Жапаровдун тарапташтары ишеним катын бергендерди кошкондо 65 депутат добуш бергенин жарыялашкан.
Саясатчы Садыр Жапаров анын бийликке келишине айрым топтор каршы экенин айтып, анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты:
«Мунун бардыгы калп сөз. Эч ким коркуткан жери жок. Депутаттар бардыгы өз ыктыяры менен келип эле добуш берип кетишти. Бирөө кимдир-бирөөнүн чекесине черткен жок. Мен азыр Куранды кармап туруп айта алам. Менин Матраимовдор же Жээнбековдор менен эч кандай байланышым жок. Мен алар менен жолугушкан эмесмин. Президент менен жолуга элекмин. Ал маселеге жете элекпиз. Бирок жолугуп, анын маселесин чечиш керек. Менимче ал киши өз арызы менен ыйгарым укугун өткөзүп бериши керек деген ойдомун. Анан биз азыр бардык саясий күчтөр менен сүйлөшкөнгө даярбыз. Азыр бир-эки саясий топ мага каршы болуп, талап коюп жатат. Анан менин талапкерлигим легитимсиз дегендерге айтарым: соттун актоочу чечими кырдаалга жараша чыкты. 2005-жылы бир күндө эмес, бир эле саатта Феликс Куловду түрмөдөн бошотуп алып барып, өкмөт башчылыкка отургузуп коюшкан. Кырдаалга жараша болду».
Ал эми жаңы эле абактан чыккан башка бир саясатчы Равшан Жээнбеков саясий себеп менен камалгандар ачык соттук териштирүү аркылуу соттон акталмайынча, бийликке барууга шашпашы керек экенин айтты. Ал мурда бийликтин буюртмасы менен соттогон судьялар актоо өкүмдөрүн кайра шашылыш чыгарганы туура эмес деп эсептейт.
Ошондуктан Равшан Жээнбеков жаңы өкмөттү мыйзамдуу негизде түзүүнү сунуш кылды:
«Азыр Садыр Жапаров болобу же башка бийликке келем деген саясий күчтөр болобу, алар шашпашы керек. Кимдер шашса, анда алар саясий туруксуздукту күчөтөт. Азыр саясий топтор өз ара кеңешип, талапкерлерди көрсөтүп, парламент аркылуу альтернативалуу негизде шайлоону камсыз кылыш керек. Ошондо мыйзамдуу болот. Болбосо, кимде күч болсо эле алар топтошуп келип, талапкер чыгара бере турган болсо, анда биз Африканын бийликти күч менен алып жүргөн куралдуу топторунун жолуна түшүп алабыз. Ал жол абдан кооптуу. Ошондуктан сүйлөшүүгө отуруп, парламент аркылуу талапкерлер шайлоого коюлса, ал мыйзамдуу жана акыйкат болот».
Жапаров 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Дене-тарбия институтунда билим алган. 1991-2005-жылдары кара май ташыган компанияларда иштеген. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. Маселен, 2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, 2008-2010-жылдары Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп турган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Май айынын этегинде Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Интерпол аркылуу Польшада кармалган. Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл Инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алганы үчүн айыпталып, 2015-жылы сыртынан соттолгон.
Дагы караңыз Максим Бакиев банктарды кантип колго алган?Жапаров 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата Журт» партиясы менен депутат болуп келген.
Барымтага барып такалган иш
2012-жылы «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг уюштуруп, анда да тополоң чыгып, ал депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган.
Тополоңго айланган митинг, Бишкек, 3-октябрь
Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок кийин шаардык сот аларды актаган.
Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.
Эмилбек Каптагаевдин барымтага алынышы. 7-октябрь, 2013-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.
Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин айткан. Ал 3-мартта, башаламандык менен коштолгон митингдин эртеси Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, «бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт» деп билдирген.