Алар азыркы учурда өлкөдөгү саясий окуяларга активдүү аралашып, кээ бири маанилүү кызматтарга да сунуштала баштады. Буга чейинки элдик толкундоолордо да абак жазасы аяктай электе бошоп кеткен саясатчылар болгон.
Абактан чыккан Атамбаев жана анын командасы
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 6-октябрга караган түнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти бастырып кирип, аны абактан чыгарып кетишти. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолуп жаткан эле.
Бул күнү жалпы жонунан Алмазбек Атамбаевдин тогуз тарапташы эркиндикке чыкты. Алардын арасында Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаев, Канат Осмоналиев, Фархат Бабиев, Канатбек Рыспек уулу жана Дамир Мусакеев бар.
Атамбаевдин жакын адамы делген, анын бийлиги учурунда Бишкек шаарын башкарган Албек Ибраимов да эркиндикке чыкты. Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев окуя боюнча мындай деп түшүндүрмө берди:
«Соттун 6-октябрда чыгарган токтомунун негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бардыгы 11-ноябрга чейин үй камагына чыгарылды».
Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган мурдагы-премьер-министр Сапар Исаков да абактан чыкты.
Ал «Социал-демократтар» партиясынын атынан 6-октябрда түзүлгөн Кыргызстандагы саясий абалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңештин курамына кирди.
«Сот болгонго чейин абактын администрациясынын жети күнгө үйгө жибергенге укугу бар экен. Бул аралык ичинде сот процесстери башталышы керек. Жараяндын жүрүшүн элге ачык көргөзүү абзел. Мындан тышкары соттогу күбөлөрдүн да көрсөтмөлөрү коомчулукка жарыяланышы керек деп эсептейм», - деди Исаков.
Элдик толкундоонун жардамы менен түрмөдөн бошогондор акталып кетти деген туура эмес. Алар болгону үй камагына чыгарылды. Айыпталуучулардын иши боюнча соттук териштирүүлөр улана берет.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев ондон ашык адамдын абактан чыгып кетишин туура көргөн жок. Анткени алардын бир бөлүгүнө элдин жана мыйзамдын суроосу көп болгондуктан темир торартында отурса туура болмок дейт.
«6-октябрда түрмөдөн бошоп чыккандардын маселеси чечиле элек. Аларга коомдун жана мыйзамдын суроолору көп. Процесстин ырааттуу, легитимдүү болушун кааласак, анда шашылуунун такыр кереги жок эле. Керек болсо алардын иши боюнча атайын сот уюштуруп, өзүнчө карасак деле болмок. Баарынын эле «жалган жалаа менен камалдык» дегендери туура эмес. «Социал-демократтардын» өз кишилерин түрмөдөн чыгарып, саясатка дароо аралаштырып жатышы күтүлгөн эле нерсе. Ошол эле маалда башка саясатчылардын Сапар Исаков менен бирге жүрүп калышы - принциптин жоктугу».
Кыргызстанда буга чейин да 2005-2010-жылдардагы революциянын жыйынтыгында абактан бошотулгандар болгон. Тажрыйба көрсөткөндөй, убакыттын өтүшү менен алардын бардыгы сот тарабынан акталып чыгат.
Эркиндикке ээ болгон экстер
6-октябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан тышкары мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Садыр Жапаров жана Бишкек ЖЭБи боюнча 7,5 жылга соттолгон мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эркиндикке чыкты.
Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган.
2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.
Ал эми Равшан Жээнбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясынан кийин камалган. Экөө тең саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келет. Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынган ЖЭБ иши боюнча сегиз киши айыпталган. Алардын мамлекетке 440 млн. сомго жакын зыян келтиргени айтылган.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буларды айтты:
«Революция болсо эле абакта жаткан саясатчыларды алардын жакындары келип бошотуп кетишет. Ошол эле маалда өзүн акмын деп эсептеген карапайым адамдар түрмөдө отурат. Бүгүнкү күндө абактан чыккандар ар кандай кызматтарга сунушталып жатат. Алар «мен акталайын, убакыт керек» деп тарапташтарына түшүндүрүп, сунуштардан баш тартып койсо жакшы болот эле да».
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын тарапташтары 5-октябрда борбордук аянтка чогулуп, митинг уюштурган. Кечке жуук Ак үй тарапка барган митингчилерди милиция кууп таратып, бирок алар 6-октябрга караган түнү кайрадан тартип сакчыларын сүрүп чыгып, Ак үйдү ээлеп алышты.