Олимпиада-2020: Кош бол, Токио!

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Олимпиаданын аякташын жарыялап жатып, бул "эң татаал Олимп жолу болду" деп айтты. 

Жабылуу аземинде алоолонуп турган Олимп оту. 

Жапониянын опера ырчысы Томотака Окамото ырдап жаткан учур. 

Жыйынтыктоо аземин император Нарухито ачып берди.

 

Олимпиаданын жабылыш аземи дээрлик бош стадиондо өттү.

Салтанаттан көрүнүш. 

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах олимпиадалык желекти Париждин мэри Анн Идальгого өткөрүп берди. Туптуура үч жылдан соң дал ушул шаарда XXXIII жайкы Олимп​ оюндары өтөт. 

Салтанатта марафондон байге уткан спортчулар сыйланды. Кениялык Элиуд Кипчоге Токио Олимпдасынын чемпиону болду.

Салтанаттын соңунда стадиондо "arigato" деген жазуу пайда болду. Бул сөз жапончо "рахмат" дегенди түшүндүрөт. 

Олимпиаданын оту өткөн жылдын март айынан бери күйүп турду. 

Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып, 3 спортчу ийгилик жаратты. Балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал алды.